Жалал-Абадда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИБнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунда Х.Х., А.А. аттуу тургундар жана Сузак районундаС.И., Б.Д. аттуу жарандар кармалды. Шектүүлөрдүн жашаган жерине тинтүү жүргүзгөн учурда экстремисттик мүнөздөгү материалдар табылган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
fakt.kg