Москвада орусиялык даңазалуу сүрөтчү Илья Глазунов 87 жашында көз жумду.
Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары сүрөтчүнүн жубайы Инесса Орловага таянып кабарлагандай, И.Глазунов 9-июлда каза болгон.
1930-жылы Санкт-Петербург (мурдагы Ленинград) шаарында туулган Глазунов диний жана тарыхый темаларга жараткан кыл калем эмгектерименен белгилүү болгон.
1980-жылы ал Советтер Союзунун эл артисти наамына татыган, ошондой эле бир катар советтик жана орусиялык сыйлыктарга ээ болгон.
1987-жылы Орусиядагы Сүрөт, скульптура (бедизчилик) жана архитектура академиясын негиздеген жана анын ректору болуп иштеп келген.