Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Эрнис Ормоковдун колдоосу менен шаардагы Тайгараев аймактык башкармалыгындагы №10 Т. Кошматов мектебинде окуучулардын отургуч, парталары толукталды. Мындай билдирүүнү 1-сентябрь күнү аталган мектептин директору Батыр Абдразаков билдирди.
Айтымында, мектептин жетишпестиктери менен таанышкан шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы окуучулардын парта, столун жаңылоого көмөк көрсөткөн. “Негизи мектепте жетишпестиктер көп. Бирок ошого карабай күн өткөн сайын жаңылануулар болуп жатат. Аны менен бирге Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Эрнис Ормоковдун жардамы менен отургуч, парталарыбызды толуктоого мүмкүнчүлүк жаралды”,-дейт Б. Абдразаков.