Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) тарабынан “Мекеним менин Кыргызстан” долбоорунун алкагында эгемендүүлүк күнүнө жана “Тарых жана маданият” жылына карата Жалал-Абад облусунун аймагындагы жаш өспүрүмдөр Ош облусуна саякатка барышты.
“29-август күнү Жалал-Абад ОИИБы тарабынан балдар үчүн Ошко кезектеги саякатты уюштуруунун негизги максаты- балдардын эс алуусуна мүмкүнчүлүк жаратып берүү, келечекте жакшы билим алуусуна жана коомдун татыктуу жарандарынан болушу үчүн убактыларын туура пайдаланууга үйрөтүп, шарт түзүү болуп саналат. Бул болсо милиция кызматкерлеринин балдарга карата камкордук көрсөтүүсүнүн бир багыты”- деп билдирет Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңиш Жоробеков.
Ал эми жаш өспүрүмдөр сыртынан сүрдүү көрүнгөн тартип сакчылары мээримдүү инсан экенин белгилешти.
“Саякаттын бардык мерчемделген мүмкүнчүлүктөрүнө күбө болуп, көргөндөрүбүздөн улам патриоттук сезимдерибиз жогорулады. Кыргыз жерине болгон сүйүүбүз артты. Мурун биз сүрдүү көргөн милициялар бизди өз баласындай көрүп, келечегибизди ойлогон камкор адамдар экен”,- дешет жаш жеткинчектер.
Саякаттын алкагында 80 жаш өспүрүм алгач Өзгөн шаарындагы тарыхый мааниси зор Мунарада болушуп, сапарын Ош шаарынын борбордук аянты менен Сулайман-Тоодон улашты. Андан соң тарыхый баалуулуктарга кенен болгон Сулайман-Тоо тарых музейинде жана “Алымбек Датка” этнографиялык комплексин жол алышып, Ош шаарынын өспурүмдөрү менен жолугушуп, пикир алышышты.
Саякаттын соңунда барган жаш өспүрүмдөргө сый-тамак берилип, “Милициянын жаш досу” аталышындагы китептер, шириндиктер менен белектер тартууланды.
Эске салсак, жогоруда аталгандай саякаттар Жалал-Абад ОИИБдин демилгеси менен жыл сайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жана балдар үйүнүн тарбиялануучуларына уюштурулат. Мында өспүрүмдөр Жалал-Абад лагерлеринен тарта өлкөнүн кооз жерлерин кыдырып, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлгө чейин барышат.