15-июлда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын кезектеги съезди өтөт. Партиянын маалымат кызматы билдиргендей, съезд учурунда эки маселе күн тартибине коюлуп, анын бири КСДПнын саясый кеңешинин өлкөнүн президенттигине Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтүү тууралуу чечими талкууга коюлат.
Съездде партиянын ишмердиги боюнча жыйынтыктоочу отчету угулат. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө чукул делегаттын катышуусу күтүлүүдө.
Бул арада партиянын жаштар канаты КСДП президенттикке талапкерди праймериз жолу менен тандоону сунуштоодо. Партиянын жаштар канатынын төрагасы Ренат Самудиновдун айтымында, КСДПнын саясий кеңеши учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жактырганы менен, партиянын айрым мүчөлөрү Сагынбек Абдрахмановду колдоп жатышат.
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков да шайлоого катышуу ниетин билдирүүдө. Буга байланыштуу жаш активисттер талапкерлердин ичинен эң татыктуусун праймериз аркылуу тандоону сунуштоодо.
Кыргызстанда президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылы 15-октябрда өтөт.