Кыргызстанда жылына 600 миң киши сасык тумоого каршы эмделиши керек. Акысыз эмдөө категориясына медицина кызматкерлери, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кары-картаңдар үйуңдөгүлөр, кош бойлуулар кирет. Бирок алардын 10-13 пайызы гана эмделерин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
2017-2018-жылдарда сасык тумоо оорусуна каршы эмдөөгө керектүү вакцинаны камсыз кылуу максатында Республикалык ооруларды көзөмөлдөө жана санэпидемиология борборунун жетекчилери Дүйнөлүк саламаттык уюму, Американын ооруларды көзөмөлдөө борбору жана Глобалдык фонддун сасык тумоого каршы долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушту.
Аталган уюмдардын жардамы менен быйыл өлкөгө 105 миң доза вакцина алынып келинип, медицина тармагында иштегендер эмделет. Ал эми министрлик болсо кошумча 81 миң вакцина сатып алат.
Жаз, күз жана кыш айларында Кыргызстанда сасык тумоо абдан курчуп, миңдеген адамдар жабыркоодо.