Бишкекте Орусияга барууну көздөгөн мигранттар үчүн «Санмед-Восток» деп аталган медициналык борбор ачылды.
Аталган борбордон билдиришкендей, клиника Москва бийлигинин колдоосу менен негизделген жана Орусияга барчу кыргызстандык мигранттар менен иш алып барат. Бул жерден жарандар тиешелүү текшерүүдөн өтүп, орусиялык үлгүдөгү медициналык китепче да ала алышат. Борбордо мигранттарга тазалык эрежелеринин талабы боюнча да маалымат берилет. Эгерде медициналык кароодон кийин жарандан кургак учук, жыныс аркылуу жугуучу инфекциялар, ичеги-карын ооруларын козгогон илдеттер, стафилококк табылса, айыкмайынча Орусияда иштөөгө уруксат берилбейт.
Орусияда коомдук тамактануу, транспорт, тейлөө, үй кызматкери жана башка тармактарда иштегендердин медициналык китепче алышы милдеттүү экенин борбордун жетекчилиги маалымдады.
Расмий эмес маалыматтарда Орусияда кыргызстандык мигранттар миллиондон ашаары айтылып жүрөт.