Turmush - Россиянын Владивосток шаарындагы ири соода түйүндөрдүн биринде күзөтчү болуп эмгектенип жаткан кыргызстандык 18 жаштагы А.Самат жумуш учурунда каза болду.
Анын айылдаштарынын айтымында, окуя 16-июлда кечинде болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, Самат дүкөндөн бир бөтөлкө суу алып, акчасын төлөбөй чыгып кеткен адамдын аркасынан барып, акысын төлөөнү талап кылганда ага кардар бычак сайып жиберген.
А.Самат Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылында туулган. Былтыр мектепти аяктап, жогорку окуу жайдан билим алуу максатында жалпы республикалык тестирлөөгө дагы катышкан. Бирок, жетиштүү упай албаганына байланыштуу Россияга иштегени кеткен. Ал үй-бүлөдө беш бир туугандын улуусу болчу. Жумуштан кийин спорт залга да барып, кикбоксинг боюнча мелдештерге катышып турган. Бүгүн анын сөөгүн мекенине алып келишет.
Россиядагы Кыргызстандын элчилигинен билдиришкендей, 19 жаштагы А.С. аттуу жаранды өлтүрүү фактысы боюнча Россиянын тергөө комитетинин тергөө бөлүмү кылмыш иш козгоду.
«Учурда кылмыш жасоого шектүү жаранды аныктоо багытында ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Элчиликтин кызматкерлери каза болгон жарандын денесин Кыргызстанга жөнөтүү иштерин жүргүзүүдө», - деп айтылат маалыматта.
https://www.turmush.kg/news:328364