Сузакта 1,5 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүргөн өгөй атанын кылмыш иши убактылуу токтоду. Бул тууралуу облустук соттун басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, айыпталуучунун психиатриялык оорусу бар же жоктугун аныктоо максатында атайын экспертиза дайындалган. Ал бүткөнчө соттук иштер убактылуу токтотулуп турмакчы.
Жалал-Абад облустук сотунун маалыматы кызматынын билдирүүсүндө, “Сузак райондук сотунун 2016-жылдын 14-ноябрындагы токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-ст. 2-б. 3,6,10-п.п. (Күнөөкөр үчүн алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамды же жашы жетпеген өспүрүмдү, өзгөчө мыкаачылык мененхулигандык максаттарда киши өлтүрүү), 111-ст. 2-б. 4,5-п.п. (Жашы жете элек экендиги же күнөөлүү үчүн алсыз абалда экендиги белгилүү болгон же болбосо айыпкерге материалдык же башка жагынан көз каранды болгон адамга карата кыйноо) менен соттолуучу А.У.Т.ге карата катуу байкоо жүргүзүү менен медициналык жактан дарылануудагы мажбурлоо чаралары колодонулуп, ал Кызыл-Жар кыштагындагы жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканага жайгаштырылган.
Жалал-Абад областтык прокуратурасы соттун бул токтому менен макул болбой кассациялык сунуш (даттануу) менен Жалал-Абад областтык сотуна кайрылган, областтык соттун 2017-жылдын 7-февралындагы токтому менен Сузак райондук соттун 2016-жылдын 14-ноябрындагы токтому бузулуп, кылмыш иш башка курамда кароо үчүн ошол эле сотко жөнөтүлгөн. Областтык соттун 2017-жылдын 7-февралындагы токтомуна макул болбой соттолуучунун мыйзамдуу өкүлү А.Р. көзөмөл даттануу менен кайрылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2017-жылдын 3-майындагы токтому менен Жалал-Абад областтык сотунун 2017-жылдын 7-февралындагы токтому күчүндө калтырылды. Айтылып жаткан кылмыш иш 2017-жылдын 24-майында Сузак райондук сотуна кайра кароо үчүн келип түшүп, ишти негизинен кароо 2017-жылдын 13-июнь күнүнө дайындалып, соттолуучу А.У.Т.ны Кызыл-Жар кыштагында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканадан Сузак райондук ички инштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына которуу (этап кылуу) жөнүндө райондук сот токтом кабыл алды. Андан соң 2017-жылы 3-июль күнү ушул иш боюнча соттук отурумда, мамлекеттик айыптоочу соттолуучуга карата комиссиялык соттук-психиатриялык экспертиза дайындоо жөнүндө өтүнүч келтирген, Сузак райондук соту 2017-жылдын 3-июлундагы токтому менен Жалал-Абад областынын Кызыл-Жар шаарчасында жайгашкан республикалык психиатриялык ооруканасына комиссиялык соттук-психиатриялык экспертиза дайындап, сот өндүрүшү экспертиза аяктаганга чейин убактылуу токтотулган”,- деп жазылат.
Эске салсак, Сузакта 1,5 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүргөн өгөй атанын кылмышы 2015-жылдын сентябрь айында ачылган. Маалым болгондой, Сузактын Курманбек айыл аймагынын Кара-Чолок айылында 2013-жылдын март айында 1,5 жашка толуп калган Раяна өгөй атасынын запкысынан каза болгон. Бирок, өгөй атасы туугандарына Раянанын ооруп каза болгондугун айткан.
2015-жылдын 11-сентябрда ал наристеге эксгумация жүргүзүлүп, наристенин өлүмүнө шектүү катары кармалган өгөй ата Раянанын мазардагы жайын милиция кызматкерлерине көрсөтүп берген. Сөөктү казуу ишине айылдын имамы жана соттук медициналык экспертизанын кызматкери катышкан.
Кылмышка шектүү болсо наристени ичкиликтин айынан өлтүргөнүн айткан.
«Алмагүл (наристенин апасы) менен 2-3 жолу сүйлөшүп көрүп эле турмуш курганбыз. Ал биринчи турмушундагы бир кызын кошо ала келген. Жашап жүргөнбүз, мен айылда шыбак шыбап акча тапчумун. Бир күнү үйгө келсем кызыбыз төшөккө сийип коюптур, жубайым «бул өлбөдү, өлүп калса жакшы болот эле» деп сүйлөнүп жатыптыр. Мага «кызды коркутуп коюңузчу» деди. Март айы болчу. Мештин оозун ачып, отко жакындатып кайра тартып алдым. Бирок, чекеси күйүп калды. Ыйлаганын уланта бергенинен печкенин плитасына отургуздум. Шымы синтетика болгондуктан дароо эле ээрип, кыздын жамбашына жабышып калды. Бир аптадай карадык, кыздын күйүк жерлери кетип калды. Бул окуядан он күндөн кийин үйгө келсем кыз дагы шымын булгап коюптур. Ичимдик ичип алган элем, антеннанын ичке зымы менен 5-6 жолу жонуна чаптым, башында жаракаты бар эле канап кетти. Бетин жууп сооротууга аракет кылып, таптакыр басылбай койгондуктан шапалак менен 1-2 жолу чаап жибердим. Бир аздан кийин өзүн жоготуп, 15-20 мүнөттөн кийин колдору шалактап, денелери муздап баштады», - деп жооп берген айыпталуучу.
Маалыматтарга ылайык, 2015-жылдын 3-августунда милицияга 2013-жылы 1,5 жаштагы кыз белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлүп, көмүлгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Алгачкы текшерүү иштери Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, кылмыштын бети ачылган.
Соттолуучуга КРнын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-6-10-пункттары (күнөөкөргө алсыз абалда экени белгилүү болгон адамды же жашы жетпеген өспүрүмдү өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү), 111-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-5-пункттары (жашы жете элек же алсыз абалда экени белгилүү болгон, айыпкерге материалдык же башка жагынан көз каранды болгон адамга карата кыйноо) менен кылмыш иши козголгон.