Газета «Взгляд» принимает блочные, строчные объявления о покупке и продаже движимого и недвижимого имущества, и о покупке и продаже автомобилей. Объявления о вакантных должностях, о поиске работы, квартиры и др. Наш адрес: г. Жалалабат, ул. Шопокова 4.(пересечение ул.Чехова) Тел.: (03722) 7-34-84

Журналист кыз рейд учурунда транссексуалдардын ур-токмогуна кабылды

Журналист кыз рейд учурунда транссексуалдардын ур-токмогуна кабылдыБишкекте Radar.kg интернет-басылмасынын башкы редактору Карачач Шакирова ур-токмокко кабылып, ооруканага түштү. Бул тууралуу ал "Азаттык” радиосуна билдирди.

Айтымында, патрулдук милициянын рейдин чагылдырып иштеп жатканда транссексуалдардан жабыркаган:

- Мага транссексуалдар кол салды. Милицияны чакыртышкан жерге барсак, ал жакта мастар калайман ызы-чуу кылып жатышыптыр. Милиция кызматкерин көргөндө эле бирөө, эркекпи же аялбы, түшүнө албадым, аны уруп-сабай баштады. Эки үч наряд кошумча чакыртышты. Кошумча күч келгенче бизди сабашты. Менин камерамды сындырышты, үстүмдөгү көйнөгүмдү тытып, моюнумдагы чынжырчамды, кулагымдагы сөйкөмдү жулуп ыргытышты, аларды издегендей да боло алган жокмун. Башыма таш тийиптир. Азыр 4-ооруканадамын. Мээм чайкалыптыр, денем көк ала.

Шакированын айтымында, окуя өткөн түнү Бишкектеги батирлердин биринде болгон. Ал Ленин райондук милициясына арыз жазганын кошумчалады.

Шаардык милициянын маалыматына караганда, бул иш боюнча алты адам кармалып, бейбаштык беренесинин негизинде козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери башталды.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
  • 0
Добавлено: 4-08-2017, 10:25
0
99

Похожие публикации


© Copyright 2016 – Рекламно-информационный вестник «ВЗГЛЯД». Все права защищены.
Наверх