Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:19
Sputnik агенттигинин журналисти Исмаил Мамытов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
16:18
УКМК: Албек Ибраимов кармалды
16:17
Консультант: педофилдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек
16:16
Мелдешке баруу үчүн насыя алып, карызга баткан спортчу кыздар. Мамагенттик үн катты
16:15
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн чакырган 40 активистке эмне деп кайрылды
16:14
Кыргызстандагы эң бай курулуш компанияларынын кожоюндары кимдер? Тизме
16:13
Сузак районунда беш жашар кыз гана жоголгон. ӨКМдин тактоосу
11:37
Ысык-Көлгө түшкөн чагылган алтымышка жакын мал-жандыктын башын алды
14:08
Уктап калышкан го? Оштун мэрин шайлоо учурунда үргүлөгөн депутаттар. Фотофакт
14:07
Бишкекте жүк ташыган машина менен суу ташыган автоунаа кагышты. Сүрөт
14:06
Кыргызстандын премьер-министри Грузиянын башчысы менен жолукту. Сүрөт
14:06
Үй-жайга, автоунаага салык төлөдүңүзбү? Салык кызматы эскертти
14:05
6 жашар баланы издөө үчүн Чоң Чүй каналындагы суу 40 пайызга азайтылды
14:04
Киргшелктогу кылмышка айыпталган адам сотто "милиция кыйнады" деген билдирүү жасады
13:27
Жарашат бекен? Роналду "Ювентустун" формасын кийип чыкты
13:17
Көчмөндөр оюндарына канча каскадер жана бийчи катышары айтылды
10:54
Кыргызстан “Коопсуз шаар” боюнча Грузиянын тажрыйбасын колдонушу мүмкүн
10:37
Сокулукта вагон күйүп ичиндеги киши каза болду
10:34
Бишкекте эки троллейбус кагышты. Жеринен алынган сүрөттөр
11:51
Ат-Башыда 68 жаштагы полковник мас абалында кишини койдуруп алды. Видео
11:47
Бишкектин бир катар аймактарында 18-июлда суу болбойт. Тизме
11:44
Мексикада жаңы эле ачылган соода борбор урап калды. Күбөлөрдүн видеосу
11:41
Кытайдагы кызыктуу кесиптердин тизмеси
11:38
Россиянын АКШга компроматы барбы. Путиндин жообу
11:23
Кара-Балта суусуна кулаган унаадан агып кеткен киши бир жумадан бери изделүүдө
10:41
Фестивалда бүркүт кол салган кыздын абалы жана окуянын чоо-жайы
14:25
Көз жаш, ыза, толкундануу, го-ол! FIFA уюмунун бир айды 4 мүнөткө батырган видеосу
14:24
Манас проспектисинин бир бөлүгү жабылып, каттамдар өзгөрдү
14:21
Кичи Памирдеги кыргыздардын ханы көз жумуп, сөөгү жерге берилди
14:20
Макгрегор Путин менен сүрөткө түшүп, пикирин билдирди
14:19
Футбол чемпионаты жогорку деңгээлде өттү! Дональд Трамп Путинди куттуктады
14:18
Россиядагы футбол чемпионатына 3 миллиондон ашуун адам барган
14:17
Чүй менен Бишкекте сууга чөккөн эки адамдын сөөгү табылды
14:16
Айрым жерлерде жамгыр жаайт. Бир жумага карата аба ырайы
13:40
Мал сарай базарга айланган: Баткендеги «Кара-Бак» базары санитардык талаптарга жооп бербейт
13:34
Кадамжайда өспүрүмдөрдүн өмүрүнө кол салуусун алдын алуу чаралары талкууланды
13:30
Баткенде өз кызын зордуктоого айыпталган адам 20 жылга камалды
13:21
Айыл турмушу: Лейлектик Г.Мусаева 60 тоок багып, айына 9 миң сомго чейин киреше табууда
13:15
Кызыл-кыялыктарга Америкадан жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдар таратылды
13:09
Сүлүктү шаарында шахта көчкөн учурда камалып калган адам куткарып калгычакты каза болуп калды
12:50
Кичи Памирдеги кыргыздардын ханы көз жумуп, сөөгү жерге берилди
23:56
Франция дүйнө чемпиону болду
23:55
Кыргызстандык Дмитрий Новиков жиу-житсу боюнча Азия чемпионатынан коло байге утту
23:55
Бек Борбиевдин айылга каты. Чөнтөктөгү жыландар, эшикке качкан эжелер
23:53
Дүйшөмбүгө карата аба ырайы
Бардык кабарлар

ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН МАЕВСКИЙ КАЧАН ЖОЛУККАН?

Жаңылыктар / Кыргызстан
109
0

ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН МАЕВСКИЙ КАЧАН ЖОЛУККАН?Өмүрбек Текебаев бүгүнкү сот отурумунда орус ишкери Леонид Маевский менен жолугушуусун кеңири баяндап берди. Тергөөдө Маевский Текебаев менен беш жолу жолукканын айткан, бирок, депутаттын билдиргенине караганда, аны менен эки гана жолу жолуккан, "Мегаком" боюнча эч кандай сүйлөшүү болгон эмес.

Айтымында, ал Маевский менен 2010-жылы 24-августта Бишкектин четиндеги "Супара" ресторанында, ал эми 1-сентябрда Москвада жолуккан.

Текебаев 2010-жылы Убактылуу өкмөттөгү кызматын тапшырып, күзгө жакын шайлоого даярдана баштаганын, ал учурда Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен байланыш түзүп жатканын айтып, Алмаз Атамбаевдин Владимир Путин менен, Феликс Куловдун Дмитрий Медведев, Өмүрбек Бабановдун Сергей Нарышкин менен жолукканын мисал келтирди.

Ошол эле учурда Текебаев Түркияга 18-21-августта барып, ошол кездеги президенти Абдулла Гүл менен жолуккандан кийин Түркияны батышчыл санагандар "Ата Мекен" америкачыл деген сын айтыла баштаганда "балансты оңдоо үчүн" Орусия менен байланыш табуу максаты турганын, Мамдумадагы оппозициялык "Справедливая Россия" фракциясынын лидери Сергей Миронов менен гана тааныштык бар болгонун билдирди.

Текебаевдин айтымында, ал кезде Дүйшөнкул Чотонов Орусиянын Мамдумасынын Маевский аттуу экс-депутаты менен тааныш болчу жана аны менен 24-августта "Супарада" түшкү тыныгуу маалында кыска гана жолугушкан, Маматкеримовду биринчи жолу ошол жактан көргөн, ал Маевскийдин бизнес өнөктөшү деп тааныштырылган.

"Ошол жерден Орусияга визит менен барарымды айтып, орус жетекчилиги менен жолугушуу уюштурууну сурандым. Ал макул деп Москвада жолугушууну убада кылды. 1-сентябрда Москвага "Справедливая Россиянын" өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн бардым. Визитти даярдаган Эркин Алымбеков тосуп алды. Ал жерге Леонид Маевский да келиптир. Жолугушуудан соң аэропорттон келе жатып Маевскийдин кеңсесине кирдик. 10-15 адамдын катышуусунда жолугушуу өттү. Анда акча жөнүндө сөз да болгон эмес" деди Текебаев.

Ал прокуратура күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн одоно бурмалап жатканын айтып чыкты.

Ошондой эле Текебаев Маевскийдин "13-майда жолукканбыз" деп айткан сөзү жалган экенин Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн көрсөтмөлөрү жана ошол учурдагы телефондук сүйлөшүүлөрдүн локализациясы да көрсөтүп турганын кошумчалады.

Беш айдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан "Ата Мекен" лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жаранынан Маматкеримов аркылуу ири суммада пара алган деп айыпталууда.

Алар бул ишти саясий куугунтук деп атап келет.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева быйыл 6-апрелде парламентте сүйлөп жатып көзөмөл органы саясатка аралашпай турганын билдирген.

 

Булак: Азаттык


скачать dle 11.0фильмы бесплатно