Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:25
Жапаров: Ата-бабалардын мурасына аяр мамиле кылуу, улуттук, тарыхый каада-салттарды сактоо — негизги милдет
23:22
ЖМК: Орхан Инандынын соту башталды, ал Түркия жарандыгынан баш тартты
23:20
Афганистанга жардам, коопсуздук, кызматташуу. Жапаровдун Душанбедеги сөзү
23:19
УКМК "Кумтөрдү" иштетүүдө 200 млн. доллар чыгарып кеткендерге издөө жарыялады
23:18
Койгула, андай кылбагыла дейли... Окуусуз 15 күн
22:54
Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев кармалды
17:52
ЖККУ саммитинде жыйынтыктоочу декларация кабыл алынып, бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду
17:49
БШК бул шайлоодо талапкерлерди кандай тобокелчилик күтөрүн айтты
17:45
Эмомали Рахмон Жапаровду "Улут сарайынан" тосуп алды
17:40
Нью-Йорк соту Centerra’нын кыргыз өкмөтүн айыпка жыгуу доосун четке какты
17:39
ИИМ САЯСАТЧЫЛАРДЫ СУРАККА АЛДЫ
17:38
Ысык-Көлдө туристтердин тоо текеге аңчылыгы мыйзамдуу болгону айтылды
18:37
Адвокат: Атамбаев, Асанов, Акаев бийликти күч менен басып алууга шектелүүдө
18:35
Бишкекте дагы бир мамлекеттик лабораторияда ПЦР-тест тапшыруу арзандады
18:29
Жанар Акаев менен кошо Алтынбек Сулайманов да ИИМге сурак бергени кирип кетти
21:21
Парламенттик шайлоодо дээрлик 3,7 млн адам добушун бере алат
21:21
Марипов: Уюлдук идентификациялоо тутуму калктын мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө онлайн режимде жеткиликтүүлүгүн жогорулатат
21:15
"Кумтөр": Centerra Кыргызстанды дүйнө коомчулугунун алдында каралап жатат
21:14
Ошто жаш мугалимдерге жер тилке менен үйдүн сертификаттары берилди
21:13
Бишкек — Ош жолунда кар көчкүдөн сактай турган тоннель салынууда
17:50
Бет кап тагыныш керекпи? Бийлик балдар кандай шартта окуурун айтты
17:49
36 депутат кантип шайланат? Бир округга бириктирилген айыл, райондордун тизмеси
17:46
Ысык-Көлдө пилотсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча машыгуу башталды
17:45
Мал союп этин тараткан. Аксыда 7 адам күйдүргүгө шектелип ооруканага түштү
23:00
БШКнын кармалган мүчөсү Акылбек Эшимов тууралуу эмне белгилүү
22:57
550 миң доллар алган. УКМК коррупцияга шектүү деп БШК мүчөсүн кармады
22:55
БШК шайлоо округдарынын схемасы менен чек арасын жарыялады
16:16
КР ТИМ башчысы Сибирь жана Уралдагы мекендештер менен онлайн жолугушуу өткөрдү
16:15
Улукбек Марипов Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту
16:04
Кургакчылыктан улам быйыл дан эгиндеринин түшүмү 46 пайызга азайды
16:03
Бийликти басып алууга чакырган. ИИМ Орозайым Нарматова эмнеге кармалганын айтты
16:02
Мамлекетке 8 млн. сом зыян келтирген. УКМК Бажыдагы эки кызматкерди кармады
03:29
Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Кытай элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту
03:24
Кыргызстандагы коронавирус. Күзгө карата абал кандай болот?
18:04
Токтогул суу сактагычынын запасы апрелде «өлүк көлөмгө» чейин төмөндөшү мүмкүн
17:58
Бишкек жана Чүйдө майнинг-фермалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
17:57
Садыр Жапаров кыргызстандык суучул Владислав Шулико менен жолугушту
17:51
Жаңы мектеп ачылары күтүлүүдө. Бишкекте кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт
17:51
Акаев: заман тез өзгөрөт, Суталинов менен Конгантиевдин сүрөтүн илип коюш керек
17:48
Өкмөт Россия менен пошлинасыз бензиндин көлөмүн көбөйтүүнү сүйлөшүүдө
17:47
Алтындан жасалган буюмдар. Даниялык киши кенч таап алды
18:29
Улуттар аралык ынтымакты чыңдоо. Элчи Жунусов Андижан, Фергана, Наманган облустарында болду
18:29
Мамлекеттик салык кызматы жыл башынан бери салыктарды 4,7%га ашык жыйнаган
18:25
ЖК шайлоосу: Кыргызстан 36 округга бөлүндү
18:23
Пакистандыктарга виза берүүнү токтотууга ЖК депутаты каршы чыкты
Бардык кабарлар

Билим берүү министрлиги "Сапат" боюнча Түркияга жооп кайтарды

Жаңылыктар / Кыргызстан
429
0

 

 Билим берүү министрлиги "Сапат" боюнча Түркияга жооп кайтарды

 

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги Түркиянын билим министринин орун басары Орхан Эрдемдин айткандарын кыргыз коомчулугу менен бийлигине басым, "Сапат" билим берүү мекемелерин дискредитациялоо аракети катары карайт.

Аталган министрлик тараткан билдирүүдө Кыргызстандагы "Сапат" жалпы билим берүү мекемелери 1992-жылдан бери иштеп келе жатканы, бул мезгил аралыгында он миңден ашуун жаран татыктуу билим алганы, анын ичинде түрк тилин жана маданиятын үйрөнгөнү айтылат. Ошондой эле алар Кыргызстан менен Түркия элдерин байланыштырган маанилүү көпүрө экени эске салынган.

Мындан тышкары "Сапат" мектептерин террордук уюмдар менен салыштыруу туура эместиги, бул мекемелерде билим алганы үчүн деген гана жүйө менен анда окугандар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө санкция салуу кабыл алынбасы, Түркиянын расмий адамдарынын билдирүүсү жоопкерчиликсиз экени белгиленген.

Ушул тапта бардык мектептер Кыргызстандын аймагында мыйзам чегинде иштеп жатканы, Билим берүү министрлиги "Сапат" билим берүү мекемелерин негиздөөчүлөрдүн бири катары окуу процессин, анын ишмердүүлүгүн толук көзөмөлдөй турганы жазылган.

Буга чейин Түркиянын Билим министрлигинин сайтында "Сапат” мекемесинде билим алгандар жана алардын жакындары Түркияга кире албай турганы жазылган. Маалыматка караганда, түрк билим берүү министринин орун басары Орхан Эрдем бул тууралуу "Кыргызстанда диний билим берүүнүн өнүгүүсү" деп аталган иш-чарада сүйлөгөн. Ал АКШда жашаган диний аалым Фетхуллах Гүлендин түрк бийлиги ФЕТО деп атаган кыймылы террордук экенин кайталап, уюмдун Кыргызстанда тамыр жайганын маалымдаган. Тез арада бул мектептерди Түркия курган "Маариф” мекемесине өткөрүүнү сунуштаган.

Кыргызстанда Гүлендин жолдоочулары түзгөн деген окуу жайлардын бири "Себат” эл аралык билим берүү мекемеси быйыл апрелде жергиликтүү билим берүү мекемеси болуп кайра катталып, аталышы "Сапат" болуп өзгөртүлгөн. Кыргызстандын Билим берүү министрлиги да мекеменин башкаруу чөйрөсүнө киргизилген. Президент Алмазбек Атамбаев "Сапат” мектептери жабылбайт деп билдирген.

Түркия бийлиги былтыр 15-июлда ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетине Фетхулла Гүленди жана анын жолун жолдоочуларды айыптаган. Түркияда "гүленчи" деген шылтоо менен он миңдеген кишилер кызматтан айдалган, көбү абакта кармалууда.

Расмий Анкара Гүленди жалпы жонунан 2000 жылга абакка кесүүнү сунуштаган. Бирок АКШ Гүленге каршы дооматтарга далил жок деген негизде аны Түркияга өткөрүп берген эмес. Гүлен өзүнө коюлган доолорду негизсиз деп четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик атайлап уюштурган деген оюн билдирген.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно