Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:29
Эки күндүк майрам! Ошто эл аралык жарманке өтөт
10:28
Салтанат Саматованын сөөгү кайда коюлары айтылды
10:27
Аарылар адамдарды жүзүнөн тааный алары аныкталды
10:26
Теле алып баруучу Салтанат Саматова каза болду
10:25
Ага-ини Муртазалиевдер Азия оюндарына барат. Жиу-житсучулардын тизмеси
10:24
Стресс аялдарга караганда эркектердин өмүрүн көп алат. Себеби
10:23
Чүй облустук театры "Тоолор кулаганда" романын сахнага алып чыгат
14:53
Сулайманов: бийликтегилер "жигит" бойдон кала алабы?
14:49
Алайда сел жүрүп тажик жарандары бара жаткан жол тандабас агып кетти. Видео
14:46
"Америка, кайыр кош! Бизди чөгөлөтө албайсың!". Эрдогандын билдирүүсү
14:45
Жээнбеков Кыргызстан алакасын жакшырта турган өлкөлөрдү атады
14:44
Азаматтар! КР кикбоксчулары Борбор Азия чемпионатынан алтын кур тагынышты
14:43
ЖК төрагасы депутаттардын кол тийбестигин калтырууну өтүндү. Жээнбековдун жообу
14:42
Оңолбек Каныбек уулу туу көтөрөт. Азия оюндарында ат салышчу волейболчулар
14:41
Бостериде көлгө чөгүп каза болгон 25 жаштагы кыздын сөөгү табылды
14:41
WhatsApp атайын кызматка колдонуучулардын маалыматын берүүгө мажбур болду
14:40
Жээнбеков жаңы стратегиянын Атамбаевдикинен эмне артыкчылыгы бар экенин айтты
14:39
КРде браконьерчилик, зыяндуу курт-кумурска менен күрөшкөн 8 дрон пайда болот
14:38
Жүрөк "шуу" дейт экен! Мотоциклчен киши аз жерден калган видео
09:32
Кыргыз режиссерлорунун жакында тартуулай турган тасмалары.
14:26
Бишкекте унаа мамыны сүзүп, эки каттамдын троллейбустары ишин токтотту
14:22
Чүйдө ГЭС-5 суусуна чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды
14:10
Бишкекте күйгөн эт комбинатын кантип өчүрүп жатышат.
09:38
Бишкек мэриясынын алдында митинг болуп жатат
09:13
Окумуштуулар: узак уктоо ден соолукка зыян
15:04
Амансызбы, бурадар? Өлкөдө: 10.15. "Балам, кымыз ичип кет". Билем анын кандай экенин
15:01
Балыкчыда топтошкон балдар милицияга карата ок атышты
15:00
Арманым аттын башындай! Прокуратуранын WhatsApp номерине үч миң киши арызданды
14:55
Юстиция министри кызматынан бошотулду
14:51
Чүй облусунда жоголгон таксисттин сөөгү талаадан табылды
14:49
Чемпион болуп келгиле! Жээнбеков Азия оюндарына жол тарткан спортчуларды узатты.
16:29
Кызыл-Кыяда туруктуу турак жайы жок үй-бүлөлөргө 25 батирлүү үй курулуп жатат
16:24
Жаштардын демилгеси: Кара-Кечүү айылында 600 орундуу мечит жана волейбол аянтчасы курулууда
14:24
Өзбекстан эми той-аштарга ылайыктуу ырлардын тизмесин түзмөй болду © Sputnik / Евгений Одиноков АЗИЯ
14:20
Ташкентте Кайгуул-күзөт кызматынын башчысын иш бөлмөсүнөн бычактап кетишти
14:17
Таластын Казактан менен чектешкен тоосунда кайрадан өрт тутанып кетти
14:15
Аламүдүн РИИБин жетектей турган Талантбек Асаналиев деген ким?
14:09
Ысык-Көлдө эс алып жаткан Казакстандын жараны жүрөгү кармап каза болду
14:04
Карегин агыза сайган күйөөсүн кечирген аял. Июлдагы 8 криминалдык окуя
14:02
Миграция кызматы: РФтеги мигранттарга 36 млн. рублден ашык акчасын өндүрүп бердик
11:15
Кадамжайдын Миң-Чынар айылында тигүү цехи ачылып, 8 адам жумуш менен камсыз болду
11:11
Баткенде эне сүтүн даңазалаган акция флешмоб жана жөө жүрүш менен коштолду
11:07
Баткен районунда жарым жылда сүйүнчү пул алууга 993 адам катталды, - ЖААК
11:00
Баткендин Бужум айылында заманбап спорт зал курулуп жатат
10:54
Баткендин Көк-Таш айылында курулуп жаткан насостук станция 70 гектар жерди суу менен камсыздайт
Бардык кабарлар

КЫЗМАТКЕРЛЕРИН СОТКО ЖЕТЕЛЕГЕН ЖАЛАЛ-АБАД МЭРИЯСЫ

Жаңылыктар / Аналитика
334
0

КЫЗМАТКЕРЛЕРИН СОТКО ЖЕТЕЛЕГЕН ЖАЛАЛ-АБАД МЭРИЯСЫ Жалал-Абад шаарынын вице-мэри экинчи жолу сот аркылуу ордуна дайындалды. Облустук сот жетекчи мыйзамсыз жумуштан четтетилген деп ал бош жүргөн күндөр үчүн да эмгек маяна төлөп берүүгө шаар бийлигин милдеттендирди. Адистер жетекчи менен ич ара келишпестиктер жана орундуктардын акчага бааланышы ушул сыяктуу жагдайларга себеп болуп жатанын билдирет. Ошондой эле кызматкерлердин өз укугун коргоого болгон дарамети өзгөргөнүн байкоого болот.

4 айлык жумушсуздуктан жана соттошуудан кийин Урмат Маматов жума башында кайрадан шаар мэринин коммуналдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалды. Маматов жумуштан мыйзамсыз бошотулгандыктан сотто кайрылууга аргасыз болдум дейт.

-Жалал-Абад шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде ушул жылдын 27-март күнү ээлеген кызматымдан бошотулгам. Бир жумадан кийин шаардык сотко туура эмес жумуштан бошодум деп кайрылгам. Алгач шаардык сот менин арызымды канаттандырып, ордума дайындоо жана бош жүргөн күндөр үчүн (76 миң сом) акы төлөп берүү чечимин кабыл алган. Шаардык мэрия ал чечимге макул болбой облустук сотко аппеляция берип, бирок облустук соттун жарандык иштер боюнча коллегиясы да шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды. Ошондон кийин гана шаардык мэрия эски чечимин өзгөртүп, 4-августта кайра вице-мэрликке бекитүү боюнча буйрук чыгарды. Жумуштан негизсиз жана күтүүсүз жагдай өзүнө гана эмес үй-бүлөңө да таасир этет экен. Ден соолугума зыян келди. Бирок мен сотко моралдык зыян эмес, өз жумушумду жана укугумду коргоо үчүн кайрылгам.

Буга чейин шаардык кеңештеги "Республика" фракциясынын квотасы боюнча иштеп жаткан Бакытбек Байтиков вице-мэр кызматынан бошотулуп, 7-августтан тарта Урмат Маматов кайра өз жумушун аткара баштады. Маматов 2013-жылы да вице-мэрлик кызматынан бошотулган соң сот аркылуу бир жылдан кийин кайра ордуна дайындалган болчу.

 

Шаардык мэриянын кадр кызматы вице-мэр эмгек кодексинин негизинде жумуштан алынгандыгын айтат. Анткени Маматовго буга чейин жумушунда кетирилген кемчиликтери үчүн "Эскертүү” жана "Сөгүш” жарыяланып, акырында комиссиянын текшерүүсүнөн соң жумуштан четтетилген. Бул тууралуу мэриянын уюштуруу жана кадр маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы Малика Мустапакулова буларга токтолду.

-Эмгек кодексинин 146-бенересине ылайык "Эскертүү”, "Сөгүш” жана андан кийин кызмат абалы каралат. Биз ошонун негизинде 27-мартта кызматтан бошотконбуз. Буга чейин шаардын тазалыгы боюнча текшерүү өтүп, кетирилген кемчилиги үчүн Урмат Маматовду бошотуу боюнча чечим кабыл алынган. Эми соттун чечими менен Маматовду ишине кайрадан дайындап жатабыз. Сот Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамды негиз келтирип, чечим кабыл алган. Анткени сөгүш жарыялагандан кийин башка дагы тартиптик жаза колдонсо болмок деген чечимге келген. Бирок бул жерде мыйзамда түшүнбөстүктөр бар экен.

Ошол эле учурда шаардык мэрия 29-июнда Маматовго байланыштуу облустук соттун чечимине карата Жогорку Сотко көзөмөл арыз жиберген. Азырынча бул маселе карала элек.

Жалал-Абад шаардык мэриясында кызмат ордуна байланыштуу бул биринчи соттошуу эмес. 2011-жылы да шаардын биринчи вице- мэри Абдумалик Эламанов жумуштан четтетилген соң бир жарым жыл соттошуп, Жогорку Сот мурунку вице-мэрди кайра ордуна дайындоо жана компенсация төлөп берүү чечимин кабыл алган. Дагы бир вице-мэр Айзат Раматиллаева да декреттик өргүүдөн келген соң жумушка чыга албай, соттун чечими менен гана ордуна келген. 2016-жылы болсо шаардык мэриянын мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Үпөл Асаналиева да апрель айында жумуштан алынып, ушул эле жылы ноябрда Жогорку Соттун чечими менен кайра ордуна дайындалган. Бирок эки жетекчи тең кайра өз эжумушунда иштей албай, башка жакка которулуп кеткен. Бул жагдайларды акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова төмөнкү жагдайлар менен байланыштырат.

-Азыркы учурда кызмат орундары жетекчилер үчүн пайда табуучу булак болуп жатпайбы. Айрым учурларда жеке пикир келишпектиктер да себеп болот. Көп учурларда ошондой. Мыйзамды билбегендиктен жумуштан алуу азырак кездешет. Мисалы Маматовду шаардын мэри мыйзамды билбегендиктен жумуштан алган жок да. Ошондой эле азыр көпчүлүк сот аркылуу өз укугун коргоп жатпайбы. Бирок ошол эле кезде аларды кайра ордунда иштөөсүндө да бир топ проблема жаралат. Кабыл албай же ар кандай кысым да колдонушу мүмкүн. Ушул багытта бизге жылда бир-экиден адам кайрылып турат.

Мамлекеттик кадр кызматынын маалыматында соңку эки жылда бюджеттик мекемелерден 30га жакын киши жүйөсүз иштен алынышкан. Ал эми буга чейин чыккан сот чечимдеринин негизинде мамлекеттен төлөнгөн компенсациялардын эсеби 2 миллион сомдон ашат. Эксперттер кадр саясатындагы туруксуздукту биринчи кезекте ар бир жаңы мекеме башчысынын "өз командасын” түзүү адаты менен байланыштырат. Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусунда биринчи жетекчини тез-тез алмаштыруу тажрыйбасыкадр саясатындагы башкы өксүккатары айтылып келе жатат.

 

Руслан КАЛМАТОВ, "Взгляд” үчүн
скачать dle 11.0фильмы бесплатно