Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробеков
Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык ички иштер бөлүмүн жетектейт. Бул тууралуу буйрукка Ички иштер министри Улан
Исраилов 15-августта кол койду.
Эске салсак, Ж.Жоробеков акыркы 4 жылдан бери Жалал-Абад облустук милициясын жетектеп келген. Бул убакыт аралыгында ал аксакалдар, жаштар жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте коомдук коопсуздуктун алдын алуу жана аны болтурбоо максатындагы иш-чараларын уюштуруп, эл менен тил табыша иштегендиги менен облуста бир топ жогорку абройду казана алган.
Ал, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгын 2013-жылдын июнь айынан бери башкарды. Бул аралыкта Жоробеков тарабынан коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукту болтурбоо, жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана аларды жогорку деңгээлде мекенчилдикке тарбиялоо багытында тынымсыз иш-чаралар өткөрүлүп келген.
Анын жыйынтыгында "Мекеним менин - Кыргызстан” долбоору түзүлүп, иш-чаралар уюштурулуп, 2010-жылдан бери жыл сайын багар-көрөрү жок өспүрүмдөр, аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды жайкы мезгилде акысыз өлкөбүздүн Ысык-Көл, Сары-Челек, Сулайман-Тоо, Арстанбап, Өзгөн, Бурана сыяктуу тарыхый кооз жана эс алуучу жерлерине экскурсияларга алып баруу жагы колго алынып, бул иш-чара аркылуу зор тарбиялык маселелер чечилүүдө.
Мындан сырткары, облустук ички иштер органдарынын кызматкерлеринин балдарын жайкы мезгилде эс алдыруу үчүн мурда иштебей турган Арстанбап айылындагы башкармалыктын жайкы эс алуу лагерин ишке салып, жыл сайын жүздөгөн жаш жеткинчектердин арзан эс алуусун уюштуруп келүүдө. Бул лагерде кызмат учурунда каза болгон же жаракат алган кызматкерлердин балдары жана ИИОнын ардагерлеринин акысыз эс алуусу уюштурулган.
Жыл сайын мусулмандардын Рамазан айында жаштар жана маданият кызматкерлери менен биргеликте "Жарамазан” кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулуп, ал иш-чарадан чогултулган жүз миңдеген акчалар атайын түзүлгөн комиссиянын кароосу менен жардамга муктаж болгон жарандарга жана мекеме-уюмдарга таратылып берилип келүүдө. Джоробеков Ж.М. ар дайым коомчулук, жаштар, аксакалдар, аялдар комитеттери менен тыгыз иштеп келет. Ар дайым даталуу күндөргө карата коомчулуктун калың катмарын уюштуруп, дасторкон үстүндө алар менен пикир алышып, учурдун талаптарын жеткирип туруу жагын такай колго алып келүүдө. Буга мисал катары, акыркы үч жылдын аралыгында коомчулук менен уюштурулуп жүргөн ооз ачарларды өткөрүү, ар бир Курман айт күндөрүндө курмандыктарды чалууну уюштуруу, аларды бей-бечараларга жана коомчулукка таратып берүү иш-чараларын атасак болот.