Газета «Взгляд» принимает блочные, строчные объявления о покупке и продаже движимого и недвижимого имущества, и о покупке и продаже автомобилей. Объявления о вакантных должностях, о поиске работы, квартиры и др. Наш адрес: г. Жалалабат, ул. Шопокова 4.(пересечение ул.Чехова) Тел.: (03722) 7-34-84

Шевченко Нуньес менен дагы бир ирет беттешүүнү талап кылды

Спортсменка из Кыргызстана Валентина Шевченко во время боя с бразильянкой Амандой Нуньес в реванш-поединке турнира UFC 215 в Эдмонтоне (Канада)

Кыргызстандык мушкер калыстардын чыгарган чечимине канааттанбаганын билдирип, каршылашына жеңишти жөн эле ыйгарып коюшканын айтты.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Валентина Шевченко Аманда Нуньес менен дагы бир ирет беттеш болсун деген пикирин мелдеш бүтөрү менен билдирди.

Кыргызстандык мушкер бразилиялык Нуньеске беш раунддан кийин упай жагынан утулуп калды. Бирок Шевченко калыстардын мындай чечимине нааразы экенин баса белгиледи.

"Ал бир дагы жолу жакшы чаба алган жок. Эми анын бетин карагыла, менин соккуларымдан кийин кыпкызыл болуп чыкты. Ага эмнеге жеңишти ыйгарышканын мен түшүнбөй турам. Анын эки жолу тэйкдаун кылганынабы? Ал мени капталдан гана соккулады. Мен нааразымын, чечим калыс эмес болуп калды. Дагы бир жолу беттешели", — деди Шевченко.

Кыргызстандык мушкер кыз жеңил салмак категориясы боюнча дүйнө чемпиону титулу үчүн ат салышкан. Ал эми Нуньес дүйнө чемпиону наамын былтыр америкалык мушкер Ронда Роузини жеңип ээ болгон.

Шевченко ушуну менен 14 беттешти жеңип, 3 жолу утулса, бразилиялык мушкер 15 жолу жеңишти камсыздап, 4 жолу жеңилүү ызасын тарткан.



Дагы: https://sputnik.kg/sport/20170910/1035124131/shevchenko-nunes-menen-dagy-bir-betteshuunu-talap-kyldy.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно
  • 0
Добавлено: 11-09-2017, 10:36
0
256

Похожие публикации


© Copyright 2016 – Рекламно-информационный вестник «ВЗГЛЯД». Все права защищены.
Наверх