
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бешинчи Азия оюндары 17-сентябрдан 27-сентябрга чейин өтөт. Ал эми айымдар арасында эркин күрөш боюнча таймаш 24-25-сентябрь күндөрү болот.
Аталган оюндарга Кыргызстандан жалпы 153 спортчу катышып, спорттун 17 түрү боюнча таймашат. Жабык имараттагы Азия оюндары 2003-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал эми, 2009-жылдан баштап аталган таймашка күрөш искусствосу да кошулган.
Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын айымдар курама командасы:
48 кг чейин — Саяна Баизова
55 кг чейин — Назира Марсбек кызы
58 кг чейин — Айсулуу Тыныбекова
69 кг чейин — Мээрим Жуманазарова
75 кг чейин — Айпери Медет кызы
Башкы машыктыруучу — Нурбек Изабеков.
https://www.turmush.kg/news:331300