

Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, окуя кечээ, 17-сентябрда саат 14:15 чамасында болду. Маалым болгондой, Карамык айылынын 17 жаштагы тургуну атасынын унаасын айдап чыккан. Ал унаага туугандарын салып бара жатканда жарды сүзүп токтоп, унаанын ичиндеги 9 жана 16 жаштагы кыздар окуя болгон жерде көз жумган. Алардан башка 3 өспүрүм — унаанын айдоочусу, 1999-жылы жана 2003-жылы төрөлгөн кыздар жаракат алып, Чоң-Алай аймактык ооуканасына жаткырылды. Айрым маалыматтар боюнча, каза болгон кыздар менен жабыркагандардын туугандык байланышы бар.
Учурда бул факты боюнча милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Тиешелүү экспертизалар да дайындалды.
https://osh.turmush.kg/news:331557/?from=kg_turmush&place=newstoplast