
Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Баткен согушунун облустук ардагерлер союзунун төрагасы Мухаммад Асановдун айтымында, БТР эстелигинин жалпы сметалык баасы 900 миң сомду түзгөн. Анын 450 миң сому Баткен шаардык мэриясы, 100 миң сому Баткен райондук администрациясы, 50 миң сому облустук администрация тарабынан бөлүнгөн. Сметалык баасы 900 миң сомду түзгөнү менен курулуш иштеринин толук аягына чыгышына 1 млн сомдон ашуун каражат сарпталды. Ашыкчы чыгымды ал өзү каржылаган.
Баткен согушунун ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышкан аземдин сонунда курман болгондорго куран окулду.
https://batken.turmush.kg/news:331521