Газета «Взгляд» принимает блочные, строчные объявления о покупке и продаже движимого и недвижимого имущества, и о покупке и продаже автомобилей. Объявления о вакантных должностях, о поиске работы, квартиры и др. Наш адрес: г. Жалалабат, ул. Шопокова 4.(пересечение ул.Чехова) Тел.: (03722) 7-34-84

Азиада-2017: Кыргызстандын куржунунда 70 медаль топтолду

Азиада-2017: Кыргызстандын куржунунда 70 медаль топтолдуУшул күнгө карата Азия оюндарында Кыргызстан курама командасы 70 медаль: 13 алтын, 20 күмүш жана 37 коло медаль алды. Бул тууралуу оюндардын расмий сайтында маалымдалды.

Медаль алган өлкөлөрдүн катарында учурда Кыргызстан 8-орунга көтөрүлдү.

Кыргызстанга алтын алып келген спортчулар: Авазбек Аманбеков (57 кг чейин) Мээрим Момунова (60 кг чейин), Мамарасул кызы Алтынай (75 кг чейин), Бактияр кызы Нурзат (70 кг чейин), Тынчтыкбек уулу Бекзат (55 кг чейин) алыш күрөш, Раимкул уулу Бекназар (74 кг чейин) самбо жана Абдурахманхаджи Муртазалиев (85 кг) чейин джиу-джитсу боюнча.

Самбо боюнча Ызатбек Ратбеков, Алексей Кибкало жана Татьяна Когадей, бий спортчу боюнча Калы Сулайманов (59 кг чейин) грек-рим күрөшү боюнча Асылбек уулу Жамалбек (82 кг чейин) Жаныбек Аматов (90кг чейин), Райымкул уулу Бекназар (74 кг чейин).

Кыргызстандан Азия оюндарына 153 спортчу катышып, спорттун 17 түрү боюнча мелдешүүдө: жеңил атлетика, сууда сүзүү, спорттук күрөш, баскетбол 3х3, бел боо күрөш, бильярд спорту, шахмат, спорттук бийлер, ат оюндары, конкур, футзал, джиу-джитсу, кикбоксинг, казак кураш, тай боксу, самбо, таэквондо, түркмөн улуттук күрөшү.

Оюндар бүгүн, 27-сентябрда аяктайт.

https://5news.kg/ky/articles/aziada-2017-kyrgyzstandyn-kurzhununda-70-medal-toptolduскачать dle 11.0фильмы бесплатно
  • 0
Добавлено: 27-09-2017, 11:59
0
57

Похожие публикации


© Copyright 2016 – Рекламно-информационный вестник «ВЗГЛЯД». Все права защищены.
Наверх