Газета «Взгляд» принимает блочные, строчные объявления о покупке и продаже движимого и недвижимого имущества, и о покупке и продаже автомобилей. Объявления о вакантных должностях, о поиске работы, квартиры и др. Наш адрес: г. Жалалабат, ул. Шопокова 4.(пересечение ул.Чехова) Тел.: (03722) 7-34-84

Бишкектин борборунда бука сүзгөн эки адам жабыркады, бирөө ооруканада

Бишкектин борборунда бука сүзгөн эки адам жабыркады, бирөө ооруканадаАркандалган жеринен бошонуп, Бишкектин борбордун көчөлөрүнө чыгып кеткен буканын ээси милицияда сурак берүүдө. Бул тууралуу "Азаттык” радиосуна шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Адыл Оморов билдирди. Анын айтымында, бодо мал шаардын борборуна кандайча келип калганы азырынча белгисиз:

- Кожоюну бошонуп кеткен буканы кармайын деп жете албай калган экен. Ал шаардын көчөлөрүнө чыгып кеткен. Акыры кармап, азыр мал ээси милицияда сурак берүүдө.

Борбордук көчөлөрдөн чуркап бараткан, патрулдук милициянын кызматкерлери кубалап жетпей жүргөн буканын видеосун интернеттеги социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары таратышты.

Оморовдун айтымында, бир милиционер жабыркаганы тууралуу маалымат түштү.

"Тез жардам” кызматынын маалыматына караганда, бир аял ооруканага жаткырылды.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
  • 0
Добавлено: 4-10-2017, 10:16
0
39

Похожие публикации


© Copyright 2016 – Рекламно-информационный вестник «ВЗГЛЯД». Все права защищены.
Наверх