Газета «Взгляд» принимает блочные, строчные объявления о покупке и продаже движимого и недвижимого имущества, и о покупке и продаже автомобилей. Объявления о вакантных должностях, о поиске работы, квартиры и др. Наш адрес: г. Жалалабат, ул. Шопокова 4.(пересечение ул.Чехова) Тел.: (03722) 7-34-84

Сапар Исаков үйдөн чыкпай эле кайсы кызматтарды колдонууга болорун айтып берди

Сапар Исаков үйдөн чыкпай эле кайсы кызматтарды колдонууга болорун айтып берди  Бүгүн 14 кызмат жеткиликтүү болсо, жакынкы арада дагы бир нечесин ишке киргизүү пландалып жатат

Премьер-министр Сапар Исаков portal.tazakoom.kg аталышындагы электрондук кызмат көрсөтүү порталынын бет ачарын өткөрдү.

 


Бул интернет аркылуу электрондук форматтагы мамлекетик кызмат жетүүнүн жалгыз жолу.

 

Аталган портал "Таза Коомдун" алкагында ишке ашып жаткан перспективдүү долбоорлордун бири. Бүгүн ал аркылуу 14 кызмат жеткиликтүү болсо, жакынкы арада дагы бир нечесин ишке киргизүү пландалып жатат.

Премьердин айтымында, аны пайдалануу үчүн биометрикалык паспорт жана баасы 1-4 доллар болгон картридер алуу зарыл.

Ридердин жардамы менен компьютер аркылуу порталга кошулууга болот. Көптөгөн кызматтарды үйдөн чыкпай эле колдонууга жол ачылат. Исаков компьютер аркылуу порталга кирип, бир нече бөлүмдүн ишин көрсөтүп берди.

  • Паспорттук кызматтарды көрсөтүү;
  • Үй-бүлө жана балдар кызматы (үй-бүлөлүк абалын жана никеси тууралуу маалыматтар);
  • Даректи каттоо (табылгалар бюросу жана жашаган жерин каттоо);
  • Транспорт (айдоочулук күбөлүк жана унаа маселерине байланыштуу суроолор);
  • ЗАГС (никени каттатуу үчүн азыр жазуу жана мөөнөтүн тактоо);
  • Кыймылсыз мүлк (мамлекеттик мүлктүн тизмеси).

Премьер "паспорттук кызмат көрсөтүүлөр" деген бөлүмгө кирип, чет элдик паспорт алууга аракет кылды. Ал жерде алуу шарттары, акысы жана мөөнөтү көрсөтүлгөн.

 


Ошондой эле өкмөт башчысы сүрөт деген жерге мурда бар сүрөттү колдонууга же веб камераны пайдаланууга болорун айта кетти.

 

Портал аркылуу бардык төлөмдөрдү, атургай онлайн жеткирүүлөрдүн акысын дагы төлөөгө болот. Ал банктык карталардын жана мобилдик капчыктын кызматтарын дагы камтыган.

Мамкатоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоевдин айтымында, жарандан арыз түшкөндөн кийин аны оператор кабыл алып карап чыгат дагы жаранга кайрадан билдирүү жиберилет.

Ал эми Исаков портал паспорт алгысы же алмаштырыгы келген мигранттарга дагы жеңилдик болорун кошумчалады.



Дагы: https://sputnik.kg/Kyrgyzstan/20171010/1035664887/kyrgyzstandyktar-ujdo-oturup-koldonchu-kyzmattar.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
  • 0
Добавлено: 10-10-2017, 12:32
0
512

Похожие публикации


© Copyright 2016 – Рекламно-информационный вестник «ВЗГЛЯД». Все права защищены.
Наверх