Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:31
Бишкектик топ-менеджер: бүлөмдү багуу үчүн нике шакегимди күрөөгө койчумун
15:29
Мамкаттоодо бир нече кызматкер сөгүш алып, жумуштан айдалды
15:28
Маршрутка айдап баратып планшеттен ролик көргөн бишкектик айдоочу. Видео
15:25
КСДП менен "Единая Россия" кызматташмай болду
15:24
Кышкы Олимпиадага экинчи ирет катышып жаткан Евгений Тимофеев тууралуу 7 факты
21:49
Бишкекте окуучуларга гашиш таратууга шектелип эки студент кармалды
10:25
Өлкөдөгү паракорчулук гүлдөгөн мамлекеттик мекемелер. Рейтинг
12:20
Ат-Башыда минген аты келип, өзү жоголгон киши табылды
11:49
Бутун чечпей үйгө кирип барган аткаминерлер соцтармакта сынга кабылды
10:55
Ат-Башыда минген аты келип, дайынсыз болгон ээси изделүүдө
09:59
Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында күн кескин сууктайт
09:52
Бишкек — Ош жолунда эки унаа кагышып бир айдоочу мерт болду
18:30
Бишкекте унаа коюп кеткен аял каза таап, колундагы бөбөк ооруканага түштү
18:29
Чымчыктар ай!... Жакыны сабап, бычактап, кордогон бөбөктөр. Жүрөк титиреткен 7 окуя
18:28
"Сынган кылыч" диски "Азиздер жана дүлөйлөр" коомуна тапшырылды
18:27
Үч жылда Бишкекте жол кырсыгынан "Тазалыктын" 6 кызматкери каза болгон
18:25
Кыргызстандык өспүрүм таэквандочулар Казакстандан 11 медаль менен кайтты
10:12
Ысык-Көлдө өрттөн 41 жаштагы киши каза тапты
09:40
Аксыда каза болгон 30 жаштагы эки мугалимдин артында төрт бала калды
15:12
Күчүктү сактайм деп өзү чөгүп кеткен маркумдун жубайы: сөөктү бир күн издедик
15:11
Казак элчисин президент Жээнбеков кабыл алып, КРде дайым ардактуу конок экенин айтты
15:09
Түштүк Корея президенти Түндүк Корея башчысы Ким Чен Ындын карындашы менен жолукту
15:08
Сапар Исаков Дубайга учуп кетти. Максаты кандай?
15:03
Грэпплинг боюнча өлкө биринчилигинде Азия чемпионатына катышчулар тандалат
21:13
Ош: апасы депкир менен сабаган баланын дем алуусу начарлап, абалы оорлоду
21:11
ТЭЦтеги авариянын азабын ким көбүрөөк тартты? Экономисттердин пикири
21:09
Декабрь менен январь үчүн жылуулук төлөмүндөгү аз айырманын себеби түшүндүрүлдү
21:09
КТРК Олимпиада оюндарынын ачылыш аземин көрсөтмөй болду
21:08
Түркиядагы кыргызстандык дарыгер: бир тыйыным жок жүргөн учурлар болгон
11:05
Москва Кыргызстандагы аскер базасын күчтөндүрдү. Себебин Россия ТИМи түшүндүрдү
15:58
Кайрымдуу инсандар жардам колун сунууңуздарды суранабыз
10:21
Аида Салянованын соту. Учурда эмне болуп жатат
10:10
Бишкекте милиционерге ок чыгарган шектүүнүн сүрөтү жарыяланды
14:08
MegaCom компаниясын сатып алууга эми швейцариялык компаниядан сунуш түштү
15:47
Электр энергиясын кымбаттатуу керекпи же жокпу? Адистердин түшүндүрмөсү
11:21
Кыргызстандыктын абалы канааттандыраарлык
11:13
Бишкек ЖЭБин убактылуу ким башкарат?
11:09
Жалал-Абад облусунда 2 суу сактагыч курулат
10:58
Кар жаайт. Дем алыш күндөрүнүн аба ырайына божомол
14:35
Депутаттар жөө жүргөндөн уялар-уялбасын айтып беришти. Пикирлер
14:21
БИШКЕК ТЭЦтин КУРУЛУШУНДА КОРРУПЦИЯГА ЖОЛ БЕРИЛГЕНБИ?
14:21
Камчыбек Жолдошбаев маршруткада жүргөн депутаттардан уяларын айтты
13:47
ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ БАЗАРГА ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ УНАА КИРЕ АЛБАЙТ
10:20
"Ак Илбирс" улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталды
16:49
Үч күндөн бери уктай элекпиз! Ызгаар сууктан ооруканалар кантип чыкты
Бардык кабарлар

Кыргыз-казак чек арасында көзөмөл күчөдү

Жаңылыктар / Кыргызстан
56
0

Кыргыз-казак чек арасында көзөмөл күчөдүУчурда кыргызстандыктар кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө үч бекетте кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын кабарлашынча, Таластагы "Чоң-Капка” жана Чүйдөгү «Ак-Жол» менен «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде кечээтен бери кырдаал өзгөрө элек.

10-октябрда, саат 18:00дөн баштап казак чек арачылары транспорттун жана адамдардын өтүүсүн күчөтүлгөн тартипте текшере баштап, мунун айынан өткөрмө бекеттерде адамдар жана автомашиналар топтолуп калган.

Учурда Кыргызстандын Чек ара кызматы дагы күчөтүлгөн тартипке өткөнү маалым болду. "Мындай тартип 10-октябрда саат 20:00дөн тарта киргизилди" деп айтылат мекеме жөнөткөн билдирүүдө.

Кыргызстандын Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартип "президенттик шайлоо мөөнөтүнө” киргизилгенин, кыргыз тараптан эч кандай чектөө жок экенин белгилеп жатат.

Казак тараптан азырынча расмий комментарий бериле элек.

Алматыда иштеген кыргызстандыкАмантур Рыскулов "Кордай" бекетинде он сааттан бери турганын "Азаттык” радиосуна телефон аркылуу кабарлады.

- Чек арада түнкү экиден бери турам. Казакстандын системасы жакшы иштебей жатат, чек арада тыгын дегенинен түнкү экиде өтүп кетели дегенбиз. Бирок дагы эле өтө албай турабыз. Аялыма эки баламды берип, жөө өткөрүп жиберейин десем ал жак дагы тыгын. Жарым саата бирден машине өтүп жатат. Айдоочулар тыгын тууралуу ар кандай айтып жатышат. Бирөөлөр шайлоого жакын текшерүү режими күчөтүлдү десе, айрымдары президент Атамбаевдин айткан сөздөрүнө байланыштуу дешти. Астанада жыйын болуп, чек арадагы текшерүүнү күчөтүү керек деген сөздөр болуптур. Чек арачылардан чыныгы себебин сурай элекпиз.

10-октябрь күнү кечке жуук "Кордайда” жүргөн журналист Марат Төлөмүш уулу өткөрмө бекетте топтолгон адамдардын саны 300-400дүн тегерегинде экенин "Азаттык” радиосуна билдирген:

- Казак тарап чек арадан өтүүнү татаалдантыптыр. Текшерүү абдан күчөтүлүптүр. Үч сааттан бери машинелер дээрлик өткөн жок. Бул жактагы адамдар үч сааттан бери ушул жерде турганын айтышты. Чек арачылар эч кандай түшүндүрмө беришкен жок, болгону өткөрүү эрежелери бир аз катаалдашканын билдиришти.

"Кордай” өткөрмө бекетинде текшерүү күчөп жатканын, 10-октябрдын түнү чек арада узун кезек пайда болгонун, эл бир нече сааттап жөө жана машине менен чек арадан өтө албай турганын ал жактагы күбөлөр социалдык тармактарда маалымдашкан.

Чек арада кезек күткөндөрдүн бир катары текшерүүнүн катаалдашын президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы менен байланыштырган. Интернетте да ушундай кабар тараган.

Казакстандык саясат таануучу Дос Кошим"Азаттыктын" казак кызматына чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүдөн мурда Чек ара кызматы элге алдын ала маалымат бериши керек болчу дейт:

- Шайлоого чейин беш-алты күн калганда ошондой коопсуздук чаралары болушу мүмкүн. Эгер керек болсо Чек ара кызматы кырдаал Кыргызстандагы шайлоодон кийин турукташат деп эскертиши керек эле. Болбосо эл өз алдынча жоромолдоп жатат. Бул эки элдин ортосуна от жагууга окшоп кетет. Балким жагдайга Атамбаевдин тиешеси жок, ал чек ара кызматынын ички тартибине байланыштуу болуп жатышы мүмкүн. Шайлоодон кийинки кырдаал кандай болуп кетерин эч ким билбейт да, - дейт Дос Кошим.

Буга чейин Казакстанда иштеген кыргыз мигранттарга да кысым болуп жатканы кабарланган. Алматы шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлүАлдаяр Маматов базарларда кыргыз мигранттарынын документтерин текшерүү жүрүп жатканын билдирди:

- Биз диаспоранын өкүлү катары Миграция кызматынан сурадык. Жылдык отчет, жылда ушундай текшеребиз дешти. Текшергенде документтериң туура болсо коё берип жатат. Туура эмес болсо РИИБге алып барып текшерип жатышат. Депортация жөнүндө уга элекпиз. Бирок "Кенжехан", "Арлан", "Казына" деген базарларга мурда кирип, такыр текшерген эмес. Кечээтен бери текшерип, рейд болду деп жатышат. Кызматкерлер катуу текшергени менен сылык-сыпаа эле кайрылып жатышат.

Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда казак бийлигин кыргыз шайлоосуна кийлигишип жатат деп катуу сындаган. Ал казак президенти Нурсултан Назарбаевдин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолукканын, дагы бир талапкер Темир Сариевдин казактандык бизнесмен Булат Утемуратов менен телефондон сүйлөшкөнү тараган аудиожазууларды сынга алган.
 
Бишкектен 25 чакырым түндүктөгү Кыргызстандын "Ак жол", Казакстандын "Кордай" өткөрмө пункту эки өлкөнү байланыштырган негизги бекет. Ал аркылуу күнүнө 25 миңдей адам жана эки миңдей автоунаа өтөт.
 
Булак: АЗАТТЫК
скачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик