
Кыргызстандагы сүт азыктарын иштетүүчү 5 ишкананын продукциясын Казакстанга киргизүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу кечээ, 15-октябрда Казакстандын Маалымат жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, тыюу салууга ишканалардын инспекцияларында жана жеткирилген азыктардын мониторингинде эреже бузуулар катталганы себеп болду. Кыргызстандын 2 ишканасына тиешелүү продукциянын түрлөрү күчөтүлгөн лабораториялык көзөмөлдөн өткөрүлөт. Бул боюнча Кыргызстандын мамлекеттик фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздук инспекциясы билдирүү жасай элек.
Аталган түзүм мамлекеттик казак-кыргыз чек арасындагы тилкеде күчөтүлгөн көзөмөл пландык режимдин негизинде жүрүп жаткандыгын маалымдады.
Казакстандын айыл чарба министрлиги 2017-жылдын 10-октябрынан баштап, казак-кыргыз чек арасында ветеринардык көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирди. Учурда 6 чек ара ветеринардык постунда 32 испектор иш алып барып жатат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 25 ишканасы өздөрүнүн продукцияларын Казакстанга киргизүү укугуна ээ. Алардын ичинен:
15 — сүт азыктарын иштетүүчү ишкана;
8 — балык иштетүүчү ишкана;
2 — даяр эт продукциясын өндүрүүчү ишкана.
http://www.turmush.kg/news:333413