
Маалым болгондой, Кургактагы аскер күчтөрүнүн аскерлери 15-октябрда Казакстанга биргелешкен машыгуу-окуу иш-чарасы барышмак. Алар болжол менен саат 12:00 чамасында көзөмөл-өткөрмө пунктунан өтүп бара жатканда подполковниктен Казакстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан баңгизатка окшош зат табылган. Учурда ал зат экспертизадан өткөрүлүп жатат. Ал эми, подполковник У.А. Кордай районунун аймагында убактылуу камакка алынды», - деп айтылат маалыматта.
Бүгүн, 17-октябрда кечке маал анын баш коргоо чарасын кароо үчүн жыйын болмок. Учурда Казакстандын укук коргоо органдары подполковникти Казакстандын Кылмыш кодексинин 286-беренеси (аткезчилик) жана 296-беренеси (баңгизатты сатып өткөрүү максатын көздөбөстөн сактоо) менен айыптап жатышат.
Бул фактыны Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан тастыктап, учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдиришти.
http://barakelde.turmush.kg/news:333506