
Уларбек Биринчи май РИИБдин Криминалдык милиция кызматында эмгектенип жаткан.
АКИpress агенттигине Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, У.Майрамбеков окуядан бир күн мурун өндүрүштөгү материалдарды жана куралын тапшырып, эмгек өргүүгө чыгуу тууралуу рапорт жазган. Ал уруксат сураганын үйлөнүү тойго даярданып жатканы менен түшүндүргөн эле.
Акыркы күнү Уларбек жумуштан чыккандан кийин кесиптешинен унаасы менен Бишкектеги кесилиштердин бирине жеткирип коюуну суранган. Кийинчерээк анын бычакталган жансыз денеси табылган.
Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда ыкчам жана тыкыр тергөө иштери жүрүп жатат.
Биринчи май РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын опер кызматкери, милициянын лейтенанты Майрамбеков Уларбек Уланбекович 1992-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылында төрөлгөн. 2014-жылы Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Академиясын аяктап келип, ошол жылдан тарта ички иштер органдарында эмгектенип жаткан. Эмгек жолун аймактык милициянын инспектору болуп баштаган эле.
У.Майрамбековдун денеси эртең, 27-октябрда өзүнүн Масы айылында жерге берилет.
http://www.turmush.kg/news:333974