Бүгүн:

Акыркы кабарлар

20:51
Коронавирус: КРдин РФтеги элчилигиндеги штаб күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат
20:48
Милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Өкмөттүн соңку маалыматы
20:45
Обсервацияга баары алынат. Сырттан келгендерди карантинге алуунун шарты өзгөрдү
20:39
Балалуу мамкызматкерлер кандай тартипте иштейт? Өкмөттүн жообу
20:32
Кол сунам дегендер болсо... Бишкек мэриясы ыктыярчыларды чогултууда
20:31
Кол сунам дегендер болсо... Бишкек мэриясы ыктыярчыларды чогултууда
20:29
Аэропортко жүргүнчүнү тосуп, узаткандар киргизилбейт! Штабдын эскертүүсү
19:51
Сыртта калган КР туристтеринин тагдыры кандай болот? Расмий жооп
19:42
Бишкек: коронавирус жуктургандар 24 жана 26 жаштагы жигиттер
19:41
Өзгөчө кырдаалда Бишкек — Ош жолу жабылабы? Өкмөттүн жообу
19:39
Бишкекте коронавирус жуктурган эки учур катталды
14:12
Жээнбеков Аксы окуясына карата кайрылуу жолдоду
14:10
Кыргызстандын жарандыгын алууну кимдер каалайт?
13:33
Бейөкмөт уюмдар КРдеги USAID ишмердүүлүгүн сындап жатат
13:31
Коронавирус өлкө казынасына кедергисин тийгиздиби? Жээнбековдун тапшырмасы
16:17
Кочкор: дезинфекция кылгандардан шек санап, фейк маалымат тараткан аял сурак берди
16:16
Коронавирус жакындады, баарына даяр турушубуз керек! Абылгазиев элге кайрылды
16:15
ИИМ: кыргызстандыктар менен бирге Европага героин ташыган чет элдиктер кармалды
15:43
Өкмөт ундун жана башка азык-түлүктүн баасына чектөө киргизет
15:33
Абылгазиев доллардын курсу кандай болорун айтты
09:42
Кыргызстанда коронавирус билинбей жүрүшү мүмкүнбү? Министрдин жообу
09:41
Абылгазиев: вирустан улам экономика алсырайт, бирок элдин ден соолугу маанилүү
09:30
Вице-спикер Аида Касымалиева карантинге алынды
09:20
Вице-премьер Асрандиев үй-бүлөсү азык-түлүк камдаар-камдабасын айтты
15:18
Сапар Исаков төрт кыздан кийин эгиз уулдуу болду
14:23
Кадырбеков: көчөдө кыйкырып аялдардын укугун кантип коргорун түшүнгөн жокмун
14:09
Айдоочуларга автоунаанын айнегин караңгылатууга уруксат берилеби? Мыйзам долбоору
16:42
Кыргызстанда камактагы адамдар ачкачылык жарыялады
16:04
Мамэкотехинпекциянын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды
14:24
Суу алып жатканда көргөн... Борбор Азиянын ажолору сүйүүсүн кантип тапкан
13:11
Бишкекте феминисттер маршынын катышуучуларын милиция кармап кетти.
14:54
Казакстан кыргызстандыктар үчүн акысыз билим алууга сынак жарыялады
14:30
Бишкектин базарларын дезинфекциялаган каражаттар коопсузбу? Адистин жообу
14:29
Соцтармакта мактанган адамдардын көйгөйү эмнеде? Психологдун пикири
14:12
Бишкектин мектептеринде 1-класска канча орун бар?
11:47
Атамбаевдин сотто костюм-шымчан отурган ирмеми.
11:45
Ультиматум тили кабыл алынбайт! Жээнбеков кечээки митинг тууралуу
11:42
Эксперт: министрликтин идеясы китептеги каталарды жоюуга өбөлгө болот
11:24
Экс-депутат Каныбек Осмоналиев УКМКнын тергөө абагына киргизилди
11:21
Базарлар дезинфекцияланды. Санэпидемстанциянын коронавируска каршы иш-чаралары
10:56
Азербайжанда акысыз окууга документтер кабыл алына баштады
10:31
"Кең-Булуң" менен "Токмок" көзөмөл өткөрүү бекеттери жаңы режимде иштей баштады
10:05
Казакстан Кыргызстанга кине коюп ЕЭК менен ДСУга арызданды
15:23
Жээнбеков Кыргызстан латын тамгасына өтөр-өтпөсүн айтты
10:43
Абылгазиев: кыргызстандыктарга көп өлкөлөрдүн визасын алуу кыйындап бара жатат
Бардык кабарлар

МОСКВАДА ӨРТТӨН КАЗА БОЛГОН КЫЗДАР, АРТЫНДА КАЛГАН АТА-ЭНЕНИН МУҢ ЗАРЫ...

Жаңылыктар
1 051
0

 

МОСКВАДА ӨРТТӨН КАЗА БОЛГОН КЫЗДАР,  АРТЫНДА КАЛГАН АТА-ЭНЕНИН МУҢ ЗАРЫ...29-август.  “Манас-Ош” эл аралык аэропорту. Өлкө Президентинин тапшырмасы менен Москвага жүк 200дү алып келгени кеткен атайын борт Ошко 21:10до конду. Учак жерге жакындаган сайын   добушу көтөрүңкү чыга баштады. Аэропорттун VIP  залынын алдындагы чогулган үч жүздөй кишинин ар биринин жүзүндө кайгы, көзүндө жаш. Баардыгы күтүү залы тараптан көздөрүн албай, Москвадагы басмаканадан чыккан өрттүн кесепетинен  каза болгон кыздардын сөөгүн күткөндөр.   Чогулган элдин арасынан бирөөсү,  имаратка жакыныраак келип ачуу ызалана ыйлап калды. Селейген элдин көңүлү дароо ошол кишиге бурулду.

“Айкам, менин Айкам, сени ушинтип тосуп алуу үчүн жөнөттүм беле Москвага? Айкам, эмнеге бизди таштап кеттиң!!! Кантип бизди кыйып таштап кеттиң!!!”,- деп жашы 40 тарга чамалап калган киши боздоп ыйлады.

Зар какшап ыйлаган адам,  кырсыкта каза болгон 14 кыздын бири, Ош областынын Алай районунун Кабылан-Көл айылынын тургуну, 1990-жылы туулган Айчүрөк Абдымаматованын атасы  экен.

 Маркумдарды Москвадан вице премьер-министр Гульмира Кудайбердиева менен өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов алып келишти.

“Биз Москвада ооруканада дарыланып жатышкан мекендештерибиздин абалы менен таанышып келдик, алар реанимациядан палатага которулушуптур, саламаттыгы туруктуу дешти дарыгерлер. Өрттүн күбөлөрүнүн айтымында өрт өтө тез таркаган, ошон үчүн кыздарыбызды сактап калуу мүмкүн болбой калган”,- деди Кубатбек Боронов.

Жаңылмырза Ошко учакка билет алып койгон. Октябрда келмек, бирок тилекке каршы анын сөөгү келди...

  Маркумдардын сөөгү ошол эле түнү ӨКМдин атайын унаалары менен туугандарына берилип, көпчүлүгү 30-август күнү кичи мекендеринде жерге берилди. Алардын бири Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айылынын тургуну 21 жаштагы Жаңылмырза Коргонбай кызы. 

  Жаңылмырза кичи мекени Отуз-Адыр айылында жерге берилди. Он гүлүнүн бири ачыла элек, периштедей сулуу кыз Жаңылмырзанын артында ботодой боздоп   ата-энеси жана  тогуз бир тууганы узатышты. 

“Кыздардан эң кенжебиз болгон үчүн баарыбыз абдан жакшы көрчүк. Биздин көкүрөк күчүгүбүз болчу. Көп кырдуу таланттары бар эле, гитарада, пианинодо ойночу, созолонтуп ырдачу. Өзү да сулуу, татынакай, тыкан кыз эле. Ушул кыздын бир жаман адаттарын көрбөдүк, студент болуп жүргөндө да наркы- берки жаман өнөрлөрүн көрсөтүп, кеч келип, отуруштарга барып ачуубузга тийбеди. Жакшы окуп, ата-энеме күйүмдүү, баарыбыздан кабар алып турган жароокер кыз эле. Бул кыз өлбөшү керек эле, жакшыны жараткан эрте алып кетет деген чын окшойт. Азыр да ишенгим келбейт, өлгөнүнө. Ишенгим келбейт”,-дейт көз жашын төккөн бир тууган эжеси Нурзида Топчубаева.  

Нурзида Топчубаеванын айтымында Жаңылмырза кырсык болгон күнү жумуштан чыккан, шум ажал аны кайра имаратка азгырып кирген.

МОСКВАДА ӨРТТӨН КАЗА БОЛГОН КЫЗДАР,  АРТЫНДА КАЛГАН АТА-ЭНЕНИН МУҢ ЗАРЫ...Эми смен тапшырып чыккан экен, үч-төрт минута болгон экен. Кийинүүчү жайга кирип кийинип чыгып баратып өрттү көрүп калыптыр, кайра досу калып кеткен экен ошону куткарам деп төртүнчү кабатка иштеген бөлмөгө кирип, эшик жабылып ачылбай калыптыр да, эч кимиси чыга албай калышыптыр. Кийин өлүгүн тапканда да айтышты досу менен кучакташып жатыптыр деп. Ушунчалык боорукер, жоопкерчиликтүү болбой калсаң эмне каралдым”,-деп буркурайт эжеси.

Алгач Жаңылмырзанын каза болгонун бир тууган агасы Кылычбек Топчубаев угуптур. Кылычбек “Тил жана Маданият” гезитинде журналист болуп эмгектенет. Кесиптик милдети боюнча бул кабар тууралуу угуп калып, маалыматты териштирип келгенде карындашынын өлүмү тууралуу билип калганын айтты.

Мага редакторум телефон чалып айтты, “Москвада типография өрттөнүптүр” деп, мен карындашымдын кайсы типографияда иштээрин деле так билбейт элем. Жаңылмырзага телефон чалдым, жооп бербеди, смс билдирүү жөнөттүм, ага да жооп келбеди. Мен сменден келип уктап жатат окшойт дедим. Бирок жүрөгүм сезип жаткан, ошол түнү такыр уктай албай койгом. Андан мурунку түнү да уктаган эмесмин. Бир кызыктай болуп, үйгө да баргым келбей жай таппай жаткам. Тынчсызданып Владивостокто иштеген эжеме чалсам, эжем “азыр билип кайра чалам” деди. Бир аздан кийин чалып,” ооба Жаңылмырза иштеген типография өрттөнүптүр, бирок Жаңылмырза тирүү экен, ооруканада экен” деди. Мен дароо интернеттен ооруканага түшкөндөрдүн фамилияларын окуп, карындашымды ал тизмеден таппадым. Кайра эжеме чалсам, ал кайра тактап чалды да “Жаңылмырзадан айрылып калыппыз деп ыйлады” ,өзүм үч күн мурда сүйлөшкөм”,-деди бир тууган агасы Кылычбек Топчубаев.

Жаңылмырза Ош шаарында дийзанерлик курсту бүткөн, көп кырдуу таланттуу кыз болгон. Келечекте атактуу дизайнер болууну кыялданчу. Москвага курбу кызы менен азыраак иштеп келүүнү суранып жатып 1,5 ай мурда эле кеткен, октябрга Ошко учакка билет алып койгон, бирок ал кыялына жетпей 71 жаштагы атасын, 64 жаштагы апасын бир туугандарын, туулган жерин көрбөй кырчындай 21 жаш курагында дүйнө салды.

Атасы жакында эле инсульт болуп, ден-соолугу жакшы эмес болчу, ошон үчүн аны аяп сөөк келгиче угузбай отурдук, акыры угузууга аргасыз болдук. Кантет айла жок ыйлап-сыктап отурат, арга барбы жан бирге эмес экен да. Жашоодо ата-эненин балам деп өксүгөнүнөн ашык тозок жоктур, балам дедиртпесин эч кимди”,-дейт Жаңылмырзанын 84 жаштагы таежеси  Уулкан Муратова.

МОСКВАДА ӨРТТӨН КАЗА БОЛГОН КЫЗДАР,  АРТЫНДА КАЛГАН АТА-ЭНЕНИН МУҢ ЗАРЫ...
 Аттиң, арман дүйнө, бири кем дүйнө. Каза болгон кыздардын алды 45 жашта, кичүүсү 18 жашта болушкан, биринен өтүп бири сулуу кыздар экен. 

10 кыз Ош областына, 2 кыз Жалал-Абад областына бирөөсү Ысык-Көл, бирөөсү Чүй областында жерге берилди.

Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 29-август каза болгондорго “аза күтүү күнү”,- деп жарыяланып, мамлекеттик туулар түшүрүлүп, маданият үйлөрүндө, ММКларда оюн-зоок программалары токтотулду. Маркумдардын жакындарына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан финансылык жардам көрсөтүлдү.

Эскерте кетсек, 27-август күнүнө караган түнү Москва шаарынын Алтуфьев шоссеси 5 дарегинде жайгашкан жеке менчик басмаканада электр приборунан өрт чыккан. Тилсиз жоо 17 адамдын өмүрүн алып кеткен. Каза болгондордун 14ү  Кыргызстандын жарандары болгон. Өрт учурунда кыргыз жигиттерибиз активдүүлүк көрсөтүшүп Россиянын өрткө каршы кызматкерлери менен биргеликте 12 адамды сактап калышкан. Бир жаран ооруканада көз жумган, калгандарынын абалы туруктуу.  

Окуя болгондон кийин  саясий партиялардын бири, маркумдардын жаркын элесине арнап эстелик тургузуу тууралуу сунуштарын беришүүдө.  

 

 

Жанна АСКАРОВА, Ош.

 

скачать dle 11.0фильмы бесплатно