Жакында Баткен областтык администрациясынын имаратында “Мамлекеттик иппотекалык компания” ААКтын насыяларды берүү жолдору тууралуу талкууланган жыйын өттү.
Ага бийлик өкүлдөрү, мекеме ишканалардын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын түштүк аймагы боюнча өкүлү А.Эгемназаровдун айтымында, “Жакынкы күндөрү Баткен аймагына 5 кабаттуу үй курулат. Бүгүнкү күндө Баткен облусу боюнча 17 адам ипотекалык насыяга ээ болгон.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан бир канча суроолор берилди. Алардын ичинде дарыгерлер менен мугалимдердин маяналары ипотека алуудагы талап кылынган шарттарга туура келбей жатканы айтылды.
Динара КУРБАНБЕКОВА,
“Взгляд” Баткен облусу