Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:29
Эки күндүк майрам! Ошто эл аралык жарманке өтөт
10:28
Салтанат Саматованын сөөгү кайда коюлары айтылды
10:27
Аарылар адамдарды жүзүнөн тааный алары аныкталды
10:26
Теле алып баруучу Салтанат Саматова каза болду
10:25
Ага-ини Муртазалиевдер Азия оюндарына барат. Жиу-житсучулардын тизмеси
10:24
Стресс аялдарга караганда эркектердин өмүрүн көп алат. Себеби
10:23
Чүй облустук театры "Тоолор кулаганда" романын сахнага алып чыгат
14:53
Сулайманов: бийликтегилер "жигит" бойдон кала алабы?
14:49
Алайда сел жүрүп тажик жарандары бара жаткан жол тандабас агып кетти. Видео
14:46
"Америка, кайыр кош! Бизди чөгөлөтө албайсың!". Эрдогандын билдирүүсү
14:45
Жээнбеков Кыргызстан алакасын жакшырта турган өлкөлөрдү атады
14:44
Азаматтар! КР кикбоксчулары Борбор Азия чемпионатынан алтын кур тагынышты
14:43
ЖК төрагасы депутаттардын кол тийбестигин калтырууну өтүндү. Жээнбековдун жообу
14:42
Оңолбек Каныбек уулу туу көтөрөт. Азия оюндарында ат салышчу волейболчулар
14:41
Бостериде көлгө чөгүп каза болгон 25 жаштагы кыздын сөөгү табылды
14:41
WhatsApp атайын кызматка колдонуучулардын маалыматын берүүгө мажбур болду
14:40
Жээнбеков жаңы стратегиянын Атамбаевдикинен эмне артыкчылыгы бар экенин айтты
14:39
КРде браконьерчилик, зыяндуу курт-кумурска менен күрөшкөн 8 дрон пайда болот
14:38
Жүрөк "шуу" дейт экен! Мотоциклчен киши аз жерден калган видео
09:32
Кыргыз режиссерлорунун жакында тартуулай турган тасмалары.
14:26
Бишкекте унаа мамыны сүзүп, эки каттамдын троллейбустары ишин токтотту
14:22
Чүйдө ГЭС-5 суусуна чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды
14:10
Бишкекте күйгөн эт комбинатын кантип өчүрүп жатышат.
09:38
Бишкек мэриясынын алдында митинг болуп жатат
09:13
Окумуштуулар: узак уктоо ден соолукка зыян
15:04
Амансызбы, бурадар? Өлкөдө: 10.15. "Балам, кымыз ичип кет". Билем анын кандай экенин
15:01
Балыкчыда топтошкон балдар милицияга карата ок атышты
15:00
Арманым аттын башындай! Прокуратуранын WhatsApp номерине үч миң киши арызданды
14:55
Юстиция министри кызматынан бошотулду
14:51
Чүй облусунда жоголгон таксисттин сөөгү талаадан табылды
14:49
Чемпион болуп келгиле! Жээнбеков Азия оюндарына жол тарткан спортчуларды узатты.
16:29
Кызыл-Кыяда туруктуу турак жайы жок үй-бүлөлөргө 25 батирлүү үй курулуп жатат
16:24
Жаштардын демилгеси: Кара-Кечүү айылында 600 орундуу мечит жана волейбол аянтчасы курулууда
14:24
Өзбекстан эми той-аштарга ылайыктуу ырлардын тизмесин түзмөй болду © Sputnik / Евгений Одиноков АЗИЯ
14:20
Ташкентте Кайгуул-күзөт кызматынын башчысын иш бөлмөсүнөн бычактап кетишти
14:17
Таластын Казактан менен чектешкен тоосунда кайрадан өрт тутанып кетти
14:15
Аламүдүн РИИБин жетектей турган Талантбек Асаналиев деген ким?
14:09
Ысык-Көлдө эс алып жаткан Казакстандын жараны жүрөгү кармап каза болду
14:04
Карегин агыза сайган күйөөсүн кечирген аял. Июлдагы 8 криминалдык окуя
14:02
Миграция кызматы: РФтеги мигранттарга 36 млн. рублден ашык акчасын өндүрүп бердик
11:15
Кадамжайдын Миң-Чынар айылында тигүү цехи ачылып, 8 адам жумуш менен камсыз болду
11:11
Баткенде эне сүтүн даңазалаган акция флешмоб жана жөө жүрүш менен коштолду
11:07
Баткен районунда жарым жылда сүйүнчү пул алууга 993 адам катталды, - ЖААК
11:00
Баткендин Бужум айылында заманбап спорт зал курулуп жатат
10:54
Баткендин Көк-Таш айылында курулуп жаткан насостук станция 70 гектар жерди суу менен камсыздайт
Бардык кабарлар

ОШТО КӨМҮР КЫМБАТТАП, ОТУНУ ЖОКТОРДУ ТҮЙШӨЛТТҮ

Жаңылыктар / Ош жаңылыктары
255
0

Экономика министрлигинин түштүк аймактар боюнча башкармалыгынын берген маалыматына ылайык, Ош  областында көмүрдүн баасы сентябрь-октябрь айларына салыштырмалуу 8-9 % га кымбаттаган. Кара алтындын  тоннасы миң сомго жогорулаган. Сентябрь-октябрь айларында көмүрдүн бир тоннасы 3,5 миң сомдон болсо азыр дүңүнөн  саткан жерлерде 4500-5000 сомдон сатылууда. Ал эми айылдарга үймө-үй кыдырып алып баргандар тоннасын 6000 сомго чейин көтөрүп сатып жатышат.

ОШТО КӨМҮР КЫМБАТТАП, ОТУНУ ЖОКТОРДУ ТҮЙШӨЛТТҮ

Көмүр Ош шаарынын кайсы соода жайында арзаныраак экенин билейли деп кыдырып көрдүк. “Ноокатский”  же эски унаа базары жактагы көмүр сатуучу соода жайында кара алтын 4,5 -5 миң сомдон сатылып жатыптыр, ал жерде бирок көмүр аз экен, анткени сатуучулардын айтымында кар калың жааган үчүн товар аз келип калыптыр.   Базарда бош турган камаздар арбын экен. Натыйжада кара алтындын тартыштыгы да анын баасына таасир тийгизүүдө дейт жеке ишкер Айбек Исаев.

“Көмүр десе эле оңой ойлошот да, жолдордун баары тайгак, көмүр карьеринде казуу кыйын болуп жатат. Жер тоңгок, иштеген жумушчуларга деле оңой болбой калды казып алыш. Кеткен унаалар бир жумалап күтүп  араң келип жатышат. Жолдордун баары пробка, барган жерге үч-төрт күндөп жатып калып жатышат. Бирок ошентсе да биз көп көтөргөн жокпуз бааны жол чыгымды эле кошуп койдук. Күн жылууда арзан сатканбыз, пайда деле кыйратып калбайт. Эми биз да тиричилик деп жүрөбүз да кышта суука тоңуп”.

Башка көмүр саткан жайларда деле баалар бирдей эле көтөрүлүп наркы окшош экен.  Ош шаарына көмүр көбүнчө Чоң-Алай районунан жана Папан айыл өкмөтүнүн алыскы Кожокелең айылындагы кендерден келет. Алай менен Папандын көмүрү 6000 сомго чейин сатылып жатат.

Ошондой эле, Баткен областынын Сүлүктү,  Кызыл-Кыя шаарларынан да келет, бирок алардын сапаты жогору, ошого жараша  баасы кымбат. Бир тоннасы 8000-9000 сомго чейин жетет.

Ушул базар баалары карапайым калктын чөнтөгүнө туура келеби, деп айыл жериндеги бир үй-бүлөгө кирип сурап көрүүнү эп көрдүк. 

Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Ишкаван айылынын тургуну Мукаддам Матмусаеванын үйүнө бардык. Карыя жолдошу экөө жалгыз жашашат. Уул кыздары бөлүнүп кеткен. Карыялардын пенсиясы экөөнүкү биригип 5000 сомго да жетпейт. Каражаттын тартыштыгынан улам, кышка жеткиликтүү көмүр камдай албай калышыптыр.  Отундун баасы күн санап өсүп жатканын коңшуларынан уккан карыялар, санаага батып турушат. Анткени кыш эми башталып жатат, дагы жок дегенде 3 тонна көмүр алышыбыз  керек , пенсиябыз жетпейт дешет.

“Пенсиябыз дары-дармегибизден ашпай отуруп, 1 тонна көмүрдү араң камдаганбыз.  Алган көмүрүбүздүн сапаты да начар экен, жыгач отунга окшоп алоолонуп күйөт да тез эле өчүп калып жатат. Эми минтип кылычын камынып кыш да кирип келди, эрте түштү адаттагыдан, кыйын болот го. Санаага салды бизди. Эми кыш катаал болот деп жатышат, узакка созулгудай,  биз болжогондон да быйыл көмүрдү көбүрөөк жагат окшойбуз деп ойлоп жатам. Кымбат көмүр алайлы десек Сүлүктүнүн көмүрү 8миң-9 миң сомдон экен, тоннасы. Аны наавайчылар эле алып жатышат, карапайым эл ала албайт экен. Арзан көмүрдү деле оптом  4-5 тонна сатып алайлы десек пенсиябыз жетпейт. Аз –аздан алайлы десек эми минтип баасы көтөрүлүп кетти. Кантебиз билбейм, балдарымдан деле жардам жок, өз оокаттарын араң өткөрүп жатышат, иштешпейт, дыйканчылык кылышат көп балалуу”,-дейт санаага баткан карыя Мукаддам эне.

Өтүгү жокко өзүм барам демекчи кыйналганда да карапайым колунда жок тургундар кыйналышууда. Ал арада жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кыйналгандар арыз менен кайрылышса, арзандатылган көмүр түшүрүп берүү каралган деп жооп айтышты.  Көмүрдөн кыйналгандар өз айыл өкмөттөрүнө кайрылып, жардам сурашса болот экен.

Жанна АСКАРОВА,

Ош.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно