Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:18
Рактан айыкканын билген аял миллион фунт стерлинг утуп алды
12:15
Мелис Турганбаев, Тазабек Икрамов баштаган ардагер спортчулар наам алды
15:09
Стамбулдагы экс-башкы консул Сопоковдун ишмердигин УКМК текшерет
14:20
Германия элчилиги 1-январдан тарта бир нече өлкөгө виза берүүнү токтотот
12:28
ТИМ: Стамбулдагы экс-консул Сопоков мыйзам алдында жооп берет
14:17
Кыргызстан менен Япониянын беттеши учурунда көчөлөр жабылат. Тизме
11:04
Бишкектин чок ортосундагы ири дүкөн түрттүрүлдү.
10:25
Нур-Султандын бир бөлүгүндө эки суткадан бери жарык жок. Токаев үн катты
09:37
ФСБ: "Ислам мамлекети" борбор азиялык согушкерлер Афганистанда плацдарм курууда
09:35
Бишкектеги жарылуудан жабыркагандардын абалы, кайсы ооруканага түшкөнү айтылды
09:34
"Ала-Тоо" аянтынын жанындагы тез татымдын жарылган учуру видеого түшүп калды
09:30
Бишкекте ракка кабылган балдарга чогулган акчанын миң долларын уурдап кетишти
09:47
Аткаминерлердин аккаунтуна эмне кызыктар жарыяланат? Рейтинг
15:29
Жээнбеков Усубалиевдин атын Бишкектин бир районуна берүүнү сунуштады
14:44
Бишкек шаарындагы көмүр сатылган жайлар.
15:44
"Биртууганчиктеги" актёр жол эрежесин бузганы үчүн айып төлөөгө даяр
15:37
"Биртууганчиктеги" актёр унаасы менен аялдамадагы элди аралап кетти. Видео
15:20
Кыргызстанда электр кубатын колдонууга лимит коюлат.
15:17
Бишкектин бир катар көчөлөрүнө канализация киргизилип жатат
12:56
Бишкек ТЭЦинде түндө эмне күрү-гүү болду? Энергетиктердин жообу
12:22
Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары жолугуп, чек араны талкуулашты
13:24
Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү ЖМК жетекчилери менен жолугуп жатат.
13:18
Кыргызстан Афганистан менен маданий, гуманитардык байланышын күчөтөт
13:00
Абылгазиев менен Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасын талкуулашты
16:55
Шаарда кайыр сураган балдарды издеген рейд өттү.
16:47
Кой-Таш окуясында жабыркаган Самат Курманкуловго "Эрдик" медалы ыйгарылды
14:26
Белоруссия Кыргызстандын картошкасын сатып алды
14:14
Жээнбеков Бишкектеги кылмыштарды онлайн-көзөмөлдөө системасын көрдү
14:13
Тамак-аш коопсуздугуна Ветинспекция коркунуч жаратып жатабы? Депутаттын сыны
13:42
Бишкекте тез жардам унаасы жеңил машина менен кагышты. Видео
12:19
"Жөө күлүк" тасмасы Минскиде өтчү фестивалга чакырылды
11:17
Жээнбеков Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракесине катышты. Сүрөт
12:56
Беш киши каза болду. Чүйдөгү үрөй учурган жол кырсыгынын видеосу
12:42
Алмазбек Атамбаевдин абактагы мөөнөтү узартылды
10:51
Москва көчөсүндөгү кесилиштер качан ачылат? Мэриянын жообу
13:32
Министр: мектептерди ысык тамак менен камсыз кылууда таза суу көйгөйү бар
13:24
Эл каттоочу адистер даярдыктын биринчи этабынан өттү
13:14
Жээнбеков япон парламентарийлеринен күтүлбөгөн белек алды
11:41
Бишкектин тротуарлары жапырт оңдолот. Кайсы көчөлөрдө жумуштар жүрөт
12:06
Студент кыз таксиде баратып жаш келинди төрөтүп алды. Казакстандагы окуя
12:10
Мэрия автотыгынды азайтуунун айласын тапты. Багыты өзгөрө турган жол
10:37
Атамбаевдин жактоочусу кылмыш куугунтугун токтотууну өтүндү. Соттун жообу
16:06
520 миң доллар пара менен кармалган Азимкан Жусубалиевдин жазасы жеңилдеди
16:01
Милиция: Бишкекте адашып кеткен эне үйүнө аман-эсен жеткирилди
15:54
ИИМ Фарид Ниязовдун тергөөчүлөргө карата арызына жооп берди
Бардык кабарлар

ЭКИ АЙДАН КИЙИН НУРСУЛТАНДЫН КУЗГУНГА ЖЕМ БОЛГОН СӨӨГҮ ГАНА ТАБЫЛДЫ

Жаңылыктар / Ош жаңылыктары
814
0

Алдын ала сүйлөшүлгөндөй Жапалак айылындагы  Насировдордун үйүнө түшкө маал бардык. Биз барганда кар бурганактап жаап турган. Дарбазаны 80 жаштагы Доовар Насирова ачып, тосуп алды. Чоочун адамдарды көргөн кара дөбөт каңкылдап үрүп жибин үзгөнгө аракет кылып, бизди көздөй жүгүрүп жулунду.

ЭКИ АЙДАН КИЙИН  НУРСУЛТАНДЫН  КУЗГУНГА ЖЕМ БОЛГОН СӨӨГҮ ГАНА ТАБЫЛДЫ

“Бирөө дарбазадан кирсе эле Нусултан келди деп ойлоп жулунуп калат бул дагы. Биз эле эмес ушул ити да жакшы көрчү эле неберемди. Эшигибиз болсо мына минтип эркек адамыбыз жок күрөлбөй жатат”,-деп  Доовар эне кобуранып сүйлөнө көзүнө жаш алды.

Нурсултан Насиров 80 жаштагы таенеси экөө Жапалак айылында жашашчу. Өзүнүн апасы кайгылуу окуя болоордон бир ай мурда Россияга иштегени кетип, жаңыдан жумушка орношуп уулун чакырганы турган. Нурсултандын чет жакта иштеп акча таап келип, үйлөнөйүн деген тилеги болгон дейт.  Бирок 23 жашка эми чыккан жаш жигиттин кырчындай өмүрү кыйылып, үстүбүздөгү жылдын 4 сентябрында, айылда жигиттер ортосунда чыр чыгып,Нурсултан досунун колунан каза тапкан.

“Россияга барып келип үйлөйм деп жатты эле да, жалгыз бала, артында бирөө калса да эмне, жалгыз калды мен экөөнө тең күйүп жатам. Мен бир жака барып келсем эне Султан жок бир апта болуп кетти деди неберем, издейли ал бир жерде жатып чирип кетти болуш керек деди, мен кой андай дебе бир жерде жүргөндүр, келип калаар дедим, антип ойлободум да баары эле ушул жердеги коңшуларым ошол балдар”-деп кошумчалады Д. Насирова.
Нурсултандын апасы Шарипа Насирова Россиядан келип уулун 2 ай издеп таптакыр таба албай коет. Баласы телефон менен акыркы жолу Бекболот аттуу классташы менен сүйлөшкөнү маалым болуп, шектүү Ноокат районунда таежесинин үйүндө жашынып жаткан жеринен кармалган. Ал Нурсултанды өлтүргөнүн мойнуна алып, көмгөн жерин  көрсөтүп бергенде гана табылат. Баланын эти жок, мүлжүнгөн сөөгү гана табылып, манжасындагы шакегинен гана жакындары араң таанышкан.

Кылмышка шектүү катары кармалып жаткан Бекболот аттуу жигит маркумдун досу болот. Учурда Ош шаарындагы №5 убактылуу жаза аткаруу абагында.

“Нурсултан жакын досум болчу. Окуя болгон күнү Жапалактын Арек айылындагы Азамат аттуу кишинин үйүндө отурган экен. Мени чакырды, бир бөтөлкө арак алып алып бардым. Сүйлөшүп отурдук, ичтик анан бир маалда Нурсултан Азамат ака менен урушуп кетти.  Чыккандан кийин “Эмнеге мага болушуп мушташкан жоксуң?!” -деп мага сайылып кетти. Кой, кой деп жоошутуп үйүмө кетип калдым. Анан бир маалда жатып алгам уже, телефон чалып “чык мен келдим”- деди.  Чыгаарым менен мени тепкилей баштады, көрсө үйүнө барып бычак көтөрүп келиптир. Дарбазанын жанына кылыч жасайм деп коюп койгон бир темир эсиме түштү карасам турган экен ошону менен башка бир чапсам жыгылып түштү. Эгерде мен Нурсултанды өлтүрбөсөм ал мени өлтүрмөк”,-деди Бекболот. 

Бекболот досун жыга чапкандан кийин башка досторун чакырат. Чогулуп сүйлөшүп достор Нурсултандын денесин Кең-Сай массивинин төрүнө, ээн жерге алып барып көөмп ташташат.

Нурсултандын таенеси бир жумага конокко кетип келсе, маркумдун бөлөсү Нурсултан кабарсыз болуп жатканын айткан. Издөөдөн натыйжа чыкпаган соң, Нурсултандын өз энесин Россиядан чакыртышкан. Апасы Шарипа келип 2 ай издеп таба албай коет.

“Издеп аябай кыйналдым. Достору өлтүрүп коет деп ойлогон да жокмун. Мен ошол Азамат деген киши өлтүргөн болуш керек деп ойлодум. Достору болсо мен кан жутуп отурганымды көрүп мени менен кошулуп издеп жүрө беришти, билмексенге салып. Эстесем каным кашаят”,-дейт Шарипа Насирова.

Нурсултанды өлтүргөнүн моюндаган Бекболот спортсмен экен. Жабырлануучулардын айтымында ал машыккан спорт клубдун мүчөлөрү марафон өктөрүп, айылдыктардан 300 сомдон акча жыйнашкан. Муну менен кылмышты бирөө гана мойнуна алып, калганын бошотуп алуу аракетин көрүп жатышыптыр. Айылдыктардын пикиринде жоопкерчилике өлтүргөн гана бала тартылып, калганы бошошу керек.  Ал арада баласынан ажыраганы аз келгенсип, анын денесин да кузгунга жедирип алган энеси, беш бала тең өмүр бою эркинен ажыратылсын деп талап коюп жатат.

“Беш бала эртең чыкса дагы эле ушуну кылат да, мен да мага окшоп башка ата-энелер сыздабасын дейм. Менин балам кансырап жатканда эмнеге ушул балдардын бирөөсү да скорый чакырып же, эшигимин алдына алып келип таштап кеткен эмес. Мен өзүм дарылатып алмакмын да, эми жалгыз баламан айрылып жашоо кызыксыз, өзүм да өлүп алгым келет”,-дейт.

Спорт клубдун мүчөлөрү менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок. Ал эми, шектелип жаткандардын коңшусу айыл эли акча чогултканын төгүндөдү. Бирок бир баланын кылмышы үчүн бейкүнөө балдар жооп бербеши керек деген пикирин билдирди. Алардын бири Мария Сатыбалдиева.

“Бошош керек калган төрт бала, Бекболот го колу менен жасаганын башы менен тартсын, бирок калган балдарда эмне күнөө?! Баардыгы жакшы үй-бүлөнүн балдары, ата-энелери кан какшап жатышат. Бирөөсү үйлөнгөнүнө 4 күн болгон экен. “Жалко” байкуштарды. Ооба баласынан ажыраган энеге да жакшы эмес.  Бирок ошолорду каматкандан кийин анын уулу тирилип келбейт да”.

Окуяга шектүү катары 1993-жылы  жана1994-жылы туулган 5 бала кармалган. Учурда бирөөсү күнөөнү мойнуна алып, калгандары катыштыгы жок болчу деп көрсөтмөлөрүн оңдоого аракет жасап жатканын ички иштер башкармалыгы тастыктады. Учурда бешөө тең камакта.  Балдардын соту азырынча белгилене элек. Ал арада шектүүлөрдүн биринин ата-энеси үй жайын сатыка коюп акча топтоого аракет кылып жатканы тууралуу кабар тарады. Акчаны сотко даярдаганы жатыптыр дешет жабырлануучулар. Ал эми, чырактай баласынан айрылган Шарипа Насировага шектүүлөрдүн биринин жакындары  ишти 70 миң сом менен жаап коюну сунуштаган экен.

“Мага 70 миң сом сунуштап жатпайбы, мен баламды акчага сатамбы?! Менин жалгыз тилегим баардык күнөөлүүлөр камалсын. Тиги балдардын да  күнөөсү чоң, эмнеге жок дегенде баламын сөөгүн эшигимдин алдына таштап кетишпейт. Жок дегенде итке, кушка жедирбейт элем го?! Же чала өлүк болсо дарылатып элем го! Менин балам бала эмес, алардын балдары балабы?! Алар да мендей зар какшасын!”.

Эми фемида өкүлдөрү акчага азгырылып, балдарды актап чыгарышы мүмкүнбү, азырынча айтуу кыйын.  

Даярдаган:  Гулжан АЛТЫМЫШБАЕВА,

Ош.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно