Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:19
Sputnik агенттигинин журналисти Исмаил Мамытов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
16:18
УКМК: Албек Ибраимов кармалды
16:17
Консультант: педофилдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек
16:16
Мелдешке баруу үчүн насыя алып, карызга баткан спортчу кыздар. Мамагенттик үн катты
16:15
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн чакырган 40 активистке эмне деп кайрылды
16:14
Кыргызстандагы эң бай курулуш компанияларынын кожоюндары кимдер? Тизме
16:13
Сузак районунда беш жашар кыз гана жоголгон. ӨКМдин тактоосу
11:37
Ысык-Көлгө түшкөн чагылган алтымышка жакын мал-жандыктын башын алды
14:08
Уктап калышкан го? Оштун мэрин шайлоо учурунда үргүлөгөн депутаттар. Фотофакт
14:07
Бишкекте жүк ташыган машина менен суу ташыган автоунаа кагышты. Сүрөт
14:06
Кыргызстандын премьер-министри Грузиянын башчысы менен жолукту. Сүрөт
14:06
Үй-жайга, автоунаага салык төлөдүңүзбү? Салык кызматы эскертти
14:05
6 жашар баланы издөө үчүн Чоң Чүй каналындагы суу 40 пайызга азайтылды
14:04
Киргшелктогу кылмышка айыпталган адам сотто "милиция кыйнады" деген билдирүү жасады
13:27
Жарашат бекен? Роналду "Ювентустун" формасын кийип чыкты
13:17
Көчмөндөр оюндарына канча каскадер жана бийчи катышары айтылды
10:54
Кыргызстан “Коопсуз шаар” боюнча Грузиянын тажрыйбасын колдонушу мүмкүн
10:37
Сокулукта вагон күйүп ичиндеги киши каза болду
10:34
Бишкекте эки троллейбус кагышты. Жеринен алынган сүрөттөр
11:51
Ат-Башыда 68 жаштагы полковник мас абалында кишини койдуруп алды. Видео
11:47
Бишкектин бир катар аймактарында 18-июлда суу болбойт. Тизме
11:44
Мексикада жаңы эле ачылган соода борбор урап калды. Күбөлөрдүн видеосу
11:41
Кытайдагы кызыктуу кесиптердин тизмеси
11:38
Россиянын АКШга компроматы барбы. Путиндин жообу
11:23
Кара-Балта суусуна кулаган унаадан агып кеткен киши бир жумадан бери изделүүдө
10:41
Фестивалда бүркүт кол салган кыздын абалы жана окуянын чоо-жайы
14:25
Көз жаш, ыза, толкундануу, го-ол! FIFA уюмунун бир айды 4 мүнөткө батырган видеосу
14:24
Манас проспектисинин бир бөлүгү жабылып, каттамдар өзгөрдү
14:21
Кичи Памирдеги кыргыздардын ханы көз жумуп, сөөгү жерге берилди
14:20
Макгрегор Путин менен сүрөткө түшүп, пикирин билдирди
14:19
Футбол чемпионаты жогорку деңгээлде өттү! Дональд Трамп Путинди куттуктады
14:18
Россиядагы футбол чемпионатына 3 миллиондон ашуун адам барган
14:17
Чүй менен Бишкекте сууга чөккөн эки адамдын сөөгү табылды
14:16
Айрым жерлерде жамгыр жаайт. Бир жумага карата аба ырайы
13:40
Мал сарай базарга айланган: Баткендеги «Кара-Бак» базары санитардык талаптарга жооп бербейт
13:34
Кадамжайда өспүрүмдөрдүн өмүрүнө кол салуусун алдын алуу чаралары талкууланды
13:30
Баткенде өз кызын зордуктоого айыпталган адам 20 жылга камалды
13:21
Айыл турмушу: Лейлектик Г.Мусаева 60 тоок багып, айына 9 миң сомго чейин киреше табууда
13:15
Кызыл-кыялыктарга Америкадан жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдар таратылды
13:09
Сүлүктү шаарында шахта көчкөн учурда камалып калган адам куткарып калгычакты каза болуп калды
12:50
Кичи Памирдеги кыргыздардын ханы көз жумуп, сөөгү жерге берилди
23:56
Франция дүйнө чемпиону болду
23:55
Кыргызстандык Дмитрий Новиков жиу-житсу боюнча Азия чемпионатынан коло байге утту
23:55
Бек Борбиевдин айылга каты. Чөнтөктөгү жыландар, эшикке качкан эжелер
23:53
Дүйшөмбүгө карата аба ырайы
Бардык кабарлар

Роналду алтын топтун саны боюнча Мессини кууп жетти

Жаңылыктар / Спорт
132
0

Роналду алтын топтун саны боюнча Мессини кууп жетти Португалиялык оюнчу "Реал" менен кошо чемпионатты, Испаниянын суперкубогун, Чемпиондор лигасын жана UEFA уюмунун суперкубогун багындырган.

 "Реал Мадрид" менен Португалия курама тобунун футболчусу Криштиану Роналду бешинчи "Алтын топко" ээ болду. Бул тууралуу Р-Спорт сайты жазып чыкты. 

​Сыйлык France Footbol француз журналы тарабынан жылдын эң мыкты оюнчусуна ыйгарылат. Сыйлык тапшыруу аземи бейшемби күнү, 7-декабрда, Парижде өттү.

"Алтын топко" болгон жарышта Роналду "Барселонанын" аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси менен Франциянын "Пари Сен-Жермен" клубунун оюнчусу Неймарды артта калтырган.

Алдыңкы ондукка төмөнкү футболчулар кирди:

4 — Жанлуиджи Буффон (Италия жараны, "Ювентус" клубу);

5 — Лука Модрич (Хорватия, "Реал Мадрид");

6 — Серхио Рамос (Испания, "Реал Мадрид);

7 — Килиан Мбаппе (Франция, "ПСЖ"),

8 — Н"Голо Канте (Франция, "ПСЖ");

9 — Роберт Левандовски (Польша, "Бавария");

10 — Харри Кейн (Англия, "Тоттенхэм).

Роналду октябрь айында FIFA эл аралык футбол федерациясынын версиясы боюнча жылдын эң мыкты оюнчусу катары таанылган. Эми ал бешинчи ирет "Алтын топтун" ээси болуп жатат. Буга чейин ал бул наамга 2008, 2013, 2014 жана 2016-жылдары татыган. Буга ылайык, португалиялык оюнчу "Алтын топтун" саны боюнча рекорд койгон Лионель Мессини "кууп" жетти.

"Реалдагы" досторума ыраазычылык билдиргим келет, мен үчүн командам чоң мааниге ээ. Ошондой эле эң мыкты формада болууга жардам бергендерге өзүнчө рахматымды айтам", — деди футболчу.

 


Үстүбүздөгү жыл ичинде Роналду "Реал" менен кошо чемпионатты, Испаниянын суперкубогун, Чемпиондор лигасын жана UEFA уюмунун суперкубогун багындырган.

 

"Алтын топ" 1956-жылы France Football тарабынан негизделген. Ал Европадагы эң мыкты аталган футболчуга берилет (жыйынтык спорт журналисттеринин пикирин эске алуу менен чыгарылат). 2010-жылы FIFA менен France Football "ФИФАнын жылдын мыкты оюнчусу" менен "Алтын топ" наамдарынын бириктирилгенин жарыялаган. Жаңы наам негизделгенден кийин "ФИФАнын алтын тобу" наамы дүйнөдө календардык жылда мыкты аталган футболчуга берилет. Мыкты футболчуну машыктыруучулар, улуттук курама команданын капитандары жана спорт журналисттери аныкташат.



Дагы: https://sputnik.kg/sport/20171208/1036727123/ronaldu-altyn-topko-eheh-boldu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно