Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:56
Быйыл Кыргызстандагы сулуулук сынагына өзгөчө кыз катышат. Видео
14:32
"Эч качан көргөн эмес!" Роналду атасы жөнүндө айтканда ыйлап жиберди. Видео
14:03
Бишкекте жол курууга тоскоол болгон турак үйдүн дарбазасы түрттүрүлдү. Сүрөт
13:01
Чүй: милиция жоголгон өспүрүмдү издеп жатат. Сүрөт
13:21
Абдымомунов көчөсүнүн бир бөлүгү казуу иштеринен улам 23 күнгө жабылмакчы
13:20
Отко май чачпагыла! УКМК элге эскертүү берди
10:14
Камактагы Алмазбек Атамбаев уулу жана аялы менен жолукту
16:36
"Ала-Тоо" аянтынан чачкын сатуучулар менен оюн жайлары алынууда. Сүрөт
16:11
Ичеги-карын рагы болбош үчүн эмне кылуу керек? Адистердин жообу
11:09
Суусамырдагы жайлоодо калың карда калган чабандар куткарылууда
09:32
Мугалимдер бир күндө 6000 сом алышабы? Лунара Мамытовага жооп
09:41
Алты жылдан бери комада жаткан Михаэль Шумахер эсине келди
09:33
Депутат: Бишкектеги жеке мектептерде кыргыз тили менен тарыхты окутуу керек
17:12
Суусамыр жайлоосунда карда калган малды алып чыгуу үчүн трактор тартылды
16:25
Бишкекте өтчү марафонго атактуулар да катышат
16:18
Жеңиш Разаков Кыргызстандагы кылмыштуулукту азайтуу жолун айтты
15:42
Дарбаза басып калган окуучу. Милиция кырсыктын чоо-жайын айтты
15:20
Мушкер "Тайсонго" Талас Бегалиев таза кандуу аргымак мингизди. Белектин чоо-жайы
13:08
Жээнбеков маркум спецназ Ниязбековдун үй-бүлөсүнө "Эрдик" медалын тапшырды
13:03
Аманбай Кайыпов башка кызматка дайындалды
16:26
Чала жан болуп сабалгандар: шектүүнүн милициядагы тууганы иштен бошотулду
16:20
Жээнбеков Абылгазиев менен жолугуп, өкмөттүн негизги милдеттерин эске салды
16:17
Караколдогу №6 мектепке 27 жаштагы жигит директор болду. Сүрөт
16:12
Билим берүү министринин милдетин ким аткарат?
15:44
Кандай эркектер сексуалдуу көрүнөт? Кыз-келиндердин жообу
16:13
Өч албайм! Өмүрбек Текебаев мындан аркы кадамдарын айтты
16:05
Кой-Таштагы окуяны мамлекеттик комиссия иликтемей болду
14:05
Бишкекте такси айдаган кыздын сөөгү өзү жашаган үйдөн табылды
10:50
Бир жыл ичинде Кыргызстандын бардык мектептери компьютер менен жабдылат
10:42
Кыргызстанда жыл сайын канча жол кырсыгы болот? Жүрөк ооруткан график
11:53
Ой менен башкарылчу биопротезди жасап бүттүк. Микрохирург менен маек
11:17
Борбордогу жаңы паркка бак тигип кетиңиз. Мэриянын жаңы акциясы
10:40
Бишкектен Антальяга барчу учак 11 саат кечигип учту
12:26
Сот эмнеге таянып Текебаевдин өкүмүн жокко чыгарды. Адвокаттын түшүндүрмөсү
12:19
Бишкек — Москва поезд каттамынын билеттери арзандайт
11:45
Суусамырда кырсыктан набыт болгон бүлө. Туугандары 100 миң сомун таппай жатат
10:25
Суусамырда бир бүлөнүн өмүрүн алган кырсык. Из жашырган айдоочу кармалды
15:02
Кой-Ташта спецназдын таягынан бир адам көз жумдубу? УКМК Карамушкинага жооп берди
11:15
ИИМ: алдамчылыкка шектелген кыргызстандык аскер аял Москвадан кармалды
10:33
Билим берүү министрлиги мектеп формасы боюнча сунуштама берди
15:10
Достукта "режим" алдын алуу иш чаралары жүргүзүлдү
10:26
Аксыдагы "Кербен" аэропорту учактарды кабыл алууга даяр
09:57
Курсан Асановдун үйүн тинткендер эмне алып кеткенин адвокаты айтып берди
15:55
Спецназдын каза болгон жоокеринин бүлөсүнө кандай жардам берилери айтылды
15:49
Жеңиш чокусунан учуп түшкөн россиялык альпинист каза тапты
Бардык кабарлар

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАРДЫРУУЧУ ЗАТТАР МЫЙЗАМСЫЗ САТЫЛУУДА

Жаңылыктар / Редактордун колонкасы
1 086
0

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАРДЫРУУЧУ ЗАТТАР МЫЙЗАМСЫЗ САТЫЛУУДАПиротехникалык каражаттарды жайма базарларда сатууга мыйзам чек коет. Андан калса мындагы каражаттар атайын уруксаттын негизинде дүкөндөрдө гана сатылышы керек. Уруксааты жок жардыруучу каражаттарды саткандарга карата милиция рейдге чыкты. Бирок, сатуучулар облустук милиция уруксат бергенин айтышууда. Ал эми жардыргычтар сатылып жаткандыгын экотехинспекциянын кызматкерлери билбестигин билдиришти.

Мыйзамсыз сатылып жаткан жардыруучу каражаттарга карата Жалал—Абад облустук ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүлөрү атайын рейдге чыгышты. Анын алкагында борбордук базардагы бир нече сатуучу жайлардын ээлерине эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындай абал кайра кайталанчу болсо административдик айып салынат дешет тартип сакчылары.

-Бүгүн чыгып бир жолку эскертүүлөрдү берип жатабыз. Уруксаты жоктордун товарлары алынып жатат. Эгер бул көрүнүш кайталанса айып пул салынат,- дейт Жалал-Абад ОИИБдин коомдук коопсуздукту сактоо бөлүмүнүн уруксат берүү системасынын ага тескөөчүсү Эрмек Абдурасулов

Пиротехникалык каражаттарды базарларда сатуудан мурун сатуучулар облустук ички иштер башкармалыгынан уруксат алуулары зарыл. Эгер алардан уруксат берилбесе сатууга тыюу салынат. Мындай маалыматты шаардык мэриянын экономикалык өнүгүү бөлүмүн башчысы Салыжан Умаров билдирди.

-15-декабрдан тарта текшерүү, эскертүү берүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Негизи сатуучулар биринчи ички иштер башкармалыгынан уруксатнаама алуулары керек. Андан кийин гана сатууга мүмкүнчүлүк алышат,- деди шаардык мэриянын экономикалык өнүгүү бөлүмүн башчысы Салыжан Умаров

Пиротехникалык каражаттар жарылуучу заттардын катарына киргендиктен, аны туура эмес колдонуу адамдын денесинин күйдүрүп, электромагниттик нурдануудан жабыркатышы мүмкүн. Ошондуктан анын сатылышына тийиштүү тараптар уруксат бериши зарыл. Ал эми облустук ички иштер башкармалыгы шаардагы эч бир жаранга жардыруучу каражат сатууга уруксат бербегенин билдирип, рейдге чыкты. Бирок, рейд алкагында сатуучулар облустук милициядан уруксат алышканын билдиришти.

-Биз тийиштүү тармактардын баарынан уруксат кагаздарын алганбыз. Облустук ички иштер башкармалыгы, экотехинспекция анан да мэрия уруксат бергени үчүн сатуудабыз,-дейт атын атагысы келбеген сатуучу.

Коомдук коопсуздукту сактоо максатында жардыруучу каражаттардын кандай жерде жана кандай абалда сакталышы керектигин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу экологиялык
жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы көзөмөлгө алат. Аталган инспекциянын Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн маалыматына ылайык, алар күн сайын жардыруучу каражаттарды саттырбоо боюнча текшерүү жүргүзүп жатышат. "Ушул тапта базарларда бир дагы жардыруучу каражат сатылган жок. 20 күндөн бери текшерүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бирок базарларда андай нерселерди саткандар жок. Мындан ары сатышса, талапты так аткарышпаса административдик айып салынат,- дейт мамэкотехинспекциянын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча башкармалыгынын башкы инспектору Акыл Анарбаев.

Жыл тогошордо «жарк-журк» эткен пиротехникалык каражаттарды колдонуу бизде салтка айланган. Калктын тили менен айтканда, «салюттар» майрамдык шаңга шаң кошот. Бирок туура эмес колдонсо, кырсыктарга, ал тургай адамдардын майып болуусуна чейин жеткирет.

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, "Взгляд”


скачать dle 11.0фильмы бесплатно