Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:20
Кой-Таштагы окуя: чуу жараткан пакеттин ичиндеги буюмдар ачыкталды
09:48
УКМК башчысы Атамбаев Москвага кимдин эсебинен барып келгенин айтты
09:29
Нарында ири логистикалык борбор курула баштады.
09:22
Ата-эне акча чогултпай калабы? Окуучуларга ысык тамак берүү мыйзамынын жол-жобосу
09:06
Министрдин орун басары: чуу жараткан унаанын Мамкаттоо жетекчисине тиешеси жок
14:49
Бишкек: ар кыл дин уюмдарынын өкүлдөрү боз үй тигип, мастер-класс өтөт
12:51
Нарында 42 айыл таза сууга муктаж
16:24
Өкмөт тогуз айда өлкөдө 73 миң адам жумуш менен камсыздалганын айтты
14:15
Алмазбек Атамбаев баштаган 15 киши психиатриялык экспертизадан өтөт
13:57
Министр Касымалиев иштен оорубай эле чет өлкөгө төлөнгөн айып үчүн кеткенби?
17:01
Министр кесиптик билим берүүдөгү көйгөйлөрдү атады
16:59
Жогорку соттун төрайымына ТЭЦ боюнча чыккан өкүм тууралуу суроо узатылды
09:34
Жээнбековдун мени угушун каалайм! Сапар Исаков сотто акыркы сөзүн айтты
09:27
Чет жакта жүргөн КР жарандарын каттоо бекер жана оңой болот. Жаңы эреже
09:23
Кара-Балтадагы батирлердин биринен эне менен кызынын сөөгү табылды
09:12
700 млн. доллардын чыгарылышы. Суракка кимдер келип, кимдер келе элек
16:31
Бишкекте аялдамадагы адамдарды кырсыктан такси "сактап" калды. Видео
16:22
53 млрд. доллар. Бажы кызматы кыргыз-кытай бажысындагы айырманы түшүндүрдү
12:58
24 жылдан берки Кумтөрдөгү кырсыктар. Тик учак кулап, жер алдында калып...
12:40
Допинг менен күрөшүүдө Түркия Кыргызстанга жардам бермей болду
11:16
Жылаңач кыздардын көргөзмөсүнөн кийин Мира Жангарачева кызматтан кетти
11:09
Кышында кардан улам көрүнбөй калган сызыктан өткөн айдоочулар айып төлөбөйт
17:03
Чамдагыла! Кыргызпатент жарым миллион сомдук сынак жарыялады
13:39
ЖККУ тажик-афган чек арасындагы абалды жөнгө салууга жардам берет
09:58
Финпол: Кыргызстандан 700 млн. эмес, 900 млн. доллар чыгарылган
09:57
Депутат Канат Исаевдин агасы Талант Исаевге кылмыш иши козголду
09:56
Мэрия автоунаа токтотуу үчүн ижарага берген жерден канча табат?
09:54
Бишкекте тонолгон банк: уурулар канча акча алып кеткени айтылды
09:44
Саймаитинин өлүмү. Башкы прокурор да түркиялык кесиптеши менен сүйлөштү
09:36
1-январдан тарта май куюучу жайлардын иш тартиби өзгөрөт
09:34
Кашкар Жунушалиев Саймаитинин өлүмү боюнча түркиялык министр менен сүйлөштү
10:02
Шаар жолдорун кардан арылтуу иштери уланууда.
09:08
Караколдун бийлиги стратегиялык объектилердин жанында митинг өтүшүнө каршы
09:37
ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Аба ырайы кескин сууктайт
16:03
Жатаканалардагы жашоо-шарт жакшыртылмай болду. Министрдин буйругу
15:57
Кырсыктан кийин сөөктү алып чыгууга барган куткаруучуларды унаа коюп кетти
10:12
1,25 млн. сомдук малы бар. Ош мэри Таалайбек Сарыбашовдун декларациясы
10:02
12 үй, 25 млн. сомдук киреше. Бишкек мэри Суракматовдун декларациясы
09:57
Самаганова: медиктер зомбулук көргөн балдарга мамиле жасоону үйрөнүшөт
14:46
47 гектар жер, трактор, үй... Сооронбай Жээнбековдун байлыгы жарыяланды
14:10
Аксыда окуучу кыздардын мушташы: жазаны мугалимдер эмес, ата-эне алышы керек
14:01
Сооронбай Жээнбеков: Борбор Азия өлкөлөрүндө адеп-ахлак кыйрады
09:12
Москвада кыргызстандык киши каза таап, сөөгү мекенине жеткирилди
09:06
Air Manas компаниясы Pegasus менен кызматташууну токтотуп, жаңы өнөктөш тапты
15:56
Мэрия шаардын көчөлөрүн ашыкча зым, кабелдерден тазалай баштады
Бардык кабарлар

Майлуу-Сууда жүргүнчү аялды зордуктап, чачын кыркып, бир жума кыйнаган 3 адамга сот өкүм чыгарды

Жаңылыктар / Жалал-Абад жаңылыктары
333
0
Майлуу-Сууда жүргүнчү аялды зордуктап, чачын кыркып, бир жума кыйнаган 3 адамга сот өкүм чыгардыМайлуу-Суу шаарына конокко барган аялды зордуктап, чачын кыркып, бир жума батирде кыйноого алган деп шектелип кармалган үч жаранга карата Жалал-Абад облустук соту өкүм чыгарды.

Жалал-Абад облустук соттун басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, облустук соттун 2017-жылдын 26-декабрындагы өкүмү менен соттолгон З.К., К.А., Т.К. аттуу жарандарга карата өкүм өзгөртүлдү. Тактап айтканда, жогорудагы атуулдардын ичинен З.К., К.А. аттуу жарандарга карата өкүм өзгөртүлдү. З.К. Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (үч эпизод) менен, тактап айтканда алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан зордуктоо боюнча күнөөлүү деп табылып, ар бир үч эпизод үчүн 10 жылдан эркиндигинен ажыратылган. Соттолгон З.К. Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренесинин 1-бөлүмү (мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыратылган. Соттолгон З.К.га белгиленген жазалар жарым-жартылай кошулуп биротоло өтөө үчүн 15 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Соттолгон К.А. Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту менен күнөөлүү деп табылып, ар бир эки эпизод үчүн 8 жылдан эркиндигинен ажыратылган. Ошондой эле, Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту менен же адамдардын тобу менен хулиганчылык жасоо боюнча күнөөлүү деп табылып, 3 жыл кошулган. Соттолгон К.А.га белгиленген жазалар жарым-жартылай кошулуп биротоло өтөө үчүн 10 жылга эркинен ажыратылган. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылган. Облустук соттун өкүмү жарыялангандан баштап мыйзамдуу күчүнө кирди.

Эскерте кетсек, мындан мурун Майлуу-Суу шаардык сотунун 2017-жылдын 25-сентябрындагы өкүмү менен соттолгон З.К. Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан зордуктоо) менен күнөөлүү деп табылган жана ушул эле берене менен 10 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (Алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу) менен күнөөлүү деп табылган жана ушул эле берене менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (Адамдардын тобу тарабынан хулиганчылык) менен күнөөлүү деп табылган жана ушул эле берене менен 3 жылга эркиндигинен ажыратылган. Белгиленген жазалар жарым-жартылай кошулуп, З.К.га биротоло өтөө үчүн 13 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленген, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген.

Соттолгон К.А. жана Т.К. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан зордуктоо) менен күнөөлүү деп табылышкан жана ушул эле берене менен ар бири 8 жылга эркиндигинен ажыратылган жана жазаларын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген. К.А. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (Алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу) жана 234-берененин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (Адамдардын тобу тарабынан хулиганчылык) менен кылмыштарды жасагандыгы далилденбегендиктен акталган. Т.К. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (Алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу) менен кылмыш жасагандыгы далилденбегендиктен акталган.

Майлуу-Суу шаардык сотунун бул өкүмүнө прокуратурадан жана соттолуучулардан даттануулар түшүп, облустук сотто каралып, жогоруда көрсөтүлгөндөй Жалал-Абад облустук сотунун 2017-жылдын 26-декабрындагы өкүмү чыкты.

Буга чейин Майлуу-Суу шаарында бейтааныш аялды зордуктап, ур-токмокко алуу менен бир жума камап койгон 3 шектүү кармалгандыгы маалымдалган.

http://jalal-abad.turmush.kg/news:338085/?from=kg_turmush&place=newstoplast

скачать dle 11.0фильмы бесплатно