Бүгүн:

Акыркы кабарлар

11:36
Алмазбек Атамбаев суракка барар-барбасын айтты
10:49
Унутулган рюкзак полицияны убара кылып, элди дүрбөттү. Казакстандагы окуя
10:47
Кыргызстанда жаңы мамлекеттик ишканалар түзүлдү. Милдеттери
09:33
Бишкектин чок ортосунда тез татым жайы күйүп кетти. Сүрөт, видео
09:31
Жалгыз уулу эле... Кырсык тооруган Абдылдаевдин үй-бүлөсүнүн таржымалы
13:03
Нарында суу жээктерине эскертүү такталары орнотулду
10:20
Төрага Жумабеков Атамбаевге өзү жазган ыр менен жооп берди. Видео
10:10
Екатеринбургдан чыгып кайра шашылыш конгон учак “Кант” базасына келе жаткан
14:24
Жээнбеков: кутулуп кетем деп ойлобогула, тынчтык бербейм!
10:48
Ысык-Көлгө жай бою төрт шаардан учак каттайт
10:44
Нарын шаарынын борборундагы тротуарлар оңдолууда. Сүрөттөр
15:34
Милиция бөлүмүнөн качып кеткен киши "Ош" базарынан кармалды
15:14
Сүрөттөн чыккан ызы-чуу: казак бийлиги чатактын чоо-жайын айтты
14:56
Тажикстандагы жер титирөөнүн эпкини Кыргызстанга да тийди
11:47
Бишкек мэринин орун басарлары дагы көчмө жыйын өткөрө баштады
11:37
Атамбаевдин айланасындагы кырдаал тууралуу кыска-нуска видео
13:01
Башкы прокурор: Атамбаевге каршы Батукаевдин көрсөтмөсү бар
12:59
Башкы прокурор сөзүнөн жаңылып, Атахановду Батукаев менен алмаштырып алды
12:56
Мыйзамга каршы көрсөтмө берген. Атамбаевге ТЭЦ боюнча кандай айыптар коюлууда
11:54
Көлдөгү жол кырсыктан бир кыз каза болду. Тамтыгы чыккан унаанын видеосу
13:01
Айыл турмушу: «Шумкар» полкунун кызматкери Ч.Чалабаевдин спорттогу ийгиликтери
10:02
Атамбаевдин кеңешчиси экс-президенттин банктагы эсеби боюнча үн катты
09:42
Атамбаевдин "иши". Иманалиев мындан аркы кадамдар тууралуу айтып берди
09:15
"Ош" базарындагы башаламан соода менен күрөш уланууда. Сүрөттөр
09:12
Мира Жангарачева Гапар Айтиев атындагы музейге директор болду
13:51
Аялдар эмнеге стресс болот? Окумуштуулар негизги себеби тууралуу
17:23
Бишкектин борборунда сары футболкачан адамдар митингге чыкты. Талабы эмне
16:57
Көлдүн Сырт аймагынан ок жеген аялдын сөөгү табылды
16:55
6 жаштагы шахматчы Султай "Лучше всех" шоусуна барып, Галкинди таң калтырган. Видео
16:42
150 миң доллар пара алды делген Илмияновдун иши боюнча тергөө аяктады
11:20
Кыргызстан бейпил өлкө рейтингинде 13 сапка көтөрүлдү
12:03
Башкы прокуратура атайын эсепке 16,4 млн. сом которду
12:02
Мэрия сатылып кеткен 5 гектар жерди Бишкектин менчигине кайтарып алды
11:41
Бишкекте 12 өлкөнү бириктирген ШКУ саммити өтүүдө. Тексттик трансляция
15:35
«Кийимдерин төшөк кылып...»: Өспүрүмдөр эрки менен кумарын кандырышканбы же кыз зордукталганбы?
15:30
Кытай Кыргызстандан ири көлөмдө азык-түлүк сатып алууга даяр
14:56
Бишкектеги ШКУ саммити. Учурда эмне болуп жатат
10:39
Кыргызстанда активдүү мигранттар үчүн жайкы лагерь иш алып барат
10:34
Бишкекке келген Монголиянын президентин кызыл гүл менен тосуп алышты. Сүрөттөр
10:32
Жээнбеков Путинди Россия күнү менен куттуктады
17:19
Атамбаев айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганбы? Милиция менен КСДПнын жообу
17:18
Өзү билип аскер бөлүгүн таштап кетүүгө аракеттенген жоокер кармалды
17:15
Чагымчылдык! Кеңешчиси Атамбаевдин айдоочулук күбөлүгү тууралуу үн катты
14:59
Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды
13:21
Балыкчыдагы батут кырсыгы: 3 жашар кыздын абалы оор
Бардык кабарлар

Сакиш 50 жашта! Актриса жана куудул Айнура Тургунбаева тууралуу 7 факты

Жаңылыктар / Коом жана проблемалар
788
0

Сакиш 50 жашта! Актриса жана куудул Айнура Тургунбаева тууралуу 7 факты  Куудул жана актриса Айнура Тургунбаева бүгүн, 9-январда, 50 жашка толду. Актрисанын өз ысымы көптөр үчүн көмүскөдө калып, "Сакиш" деген ат менен белгилүү.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги актриса тууралуу 7 факты сунуштайт.

1. Чүйдүн кызы. Айнура Тургунбаева 1968-жылы 9-январда Аламүдүн районунун Арашан (мурдагы Стрельникова) айылында төрөлгөн. 11 бир туугандын алтынчысы.

2. Тамашакөйлүк сапат атасынан өткөн. Атасы чукугандай сөз таап, катыра сүйлөгөн чечен, ошол эле убакта айылдын эң беделдүү, кадырлуу кишилеринен эле. Айылдагылар аны "Хан Жантай" деп коюшчу. Кандай гана маанилүү окуя болбосун, айылдыктар анын акылына таянышчу. 

Актриса и юмористка Айнура Тургунбаева

 

3. Таттыбүбү Турсунбаеванын жээни. Айнура окуучу кезинде мектептеги маданий иш-чаралардан калчу эмес. Ошентип жүрүп эле актёрлукка кызыгып калат. Кээде бул нерсеге Таттыбүбү Турсунбаеванын да таасири тийдиби деп ойлойт. Анткени Таттыбүбү апасынын сиңдилеринен болуп кетет. Кичинекей кезинде улуу актрисанын үйгө келип кеткени элес-булас эсинде. Мектепти бүтөөрү менен Кыргыз драма театрынын алдындагы эки жылдык студияга тапшырган.

4. Сакишке айланып кеткенде. Бир жолу актер Марат Жантелиев менен "Кимдин баласы?" деген спектаклде аял-күйөөсүнүн ролун ойноп калат. Анда күйөөсүнүн аты Бопуш, аялынын аты Сакиш экен. Актерлор ушул ролду аябай жеткиликтүү ойногондон улам болсо керек, ошондон кийин эле экөөнүн өз аттары өчүп, Сакиш-Бопуш болуп чыга келишет. Актерлор 1987-жылы окуп жүргөндө Каракол драма театрынан таанышкан. Тандемдин түзүлгөнүнө 30 жылдан ашты.

5. Жеке жашоосу. Негизи элдер Сакиш-Бопуш атка конгон актерлорду аялы менен күйөөсү деп ойлошот. Чындыгында андай эмес. Марат Жантелиев үй-бүлөлүү, Асел аттуу жубайы, балдары бар. Айнура Тургунбаева болсо турумушка чыга элек. Бул тууралуу "кээде тамашалап менин күйөөгө тийбей калышыма Бопуш күнөөлүү деп калам. Албетте, андай эмес. Жаш кезде карьерага көңүл коюп жүрө берсем керек" деп айтканы бар.

6. Кандай мырзаларды баалайт? Актрисанын "өмүрүмдө чыныгы сүйүүгө кезигип көргөн эмесмин. Үмүт акыркы өлөт деп коет. Мен жүрөгү кенен, калп айтпай чын сүйлөгөн мырзаларды сыйлайм" деп айтканы бар.

7. Учурда Арсен Өмүралиев атындагы жаштар театрында эмгектенет. Бир гана спектаклде эмес, кинодо да бир канча эролдорго тартылды. "Айыл өкмөт", "Күкүк Шахра", "Курманжан датка" тасмаларында эпизоддук ролдорду аткарганы маалым.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20180109/1037182463/ajnura-turgunbaeva-tuuraluu-fakty.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно