Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:26
Кыргызстанга ДССУнун эксперттери келет. Сапардын максаты
12:22
Президент өткөргөн онлайн кеңешмеде Боронов эки көйгөйдү атады
12:17
Өкмөт: "Ганси" базасында эртең дагы 400 кишилик оорукана ачылат
16:29
Коронавирусту кандай адамдар жеңил же симптому жок көтөрөт? Жаңы пикир
16:27
Кыргызстандын үч жеринде жер титиреди
16:22
Коронавирустан айыккан 73 адам ооруканадан чыкты
16:19
Саламаттык сактоо министри менен орун басары Германияга учуп кеттиби? Расмий жооп
16:02
Өкмөт: дары-дармек сыртка убактылуу чыкпайт деген токтом бар.
16:01
Депутат бийликти алмаштырууга чакырык жасаганбы. УКМК иликтеп баштады
15:16
Жүрөк жылытат. Карыяга акча чогулткандар медиктерге да жардам берди
15:14
ТИМ: Россиядан кыргызстандык дагы 45 дарыгер учуп келди
15:09
Чет өлкөдөн дары-дармек алып келүүгө чектөө кирген эмес. Өкмөттүн жообу
14:10
Пандемия маалында Кыргызстандан Россияга учуп кетүүнүн жол-жобосу айтылды
12:50
Ак-Ордо, Ак-Босогодо жана Аламүдүн-1 кичи районунда күндүзгү стационар ачылды
15:26
COVID: зарыл болгон жардамды бир жерге топтогон жаңы сайт ишке кирди
15:23
Меджабдуу, дары-дармек сатып берем дегендер кайда кайрылса болот?
15:15
Боронов: элди чочуткан кабарларга маморгандар ыкчам жооп бериши керек
15:12
Баткен облусунун Лейлекте күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды
12:52
КРде кырдаал эң начар сценарий менен өнүгүп жатат. Министрлик COVID тууралуу
10:19
№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет
10:18
Саламаттык сактоо министри менен орун басарынын абалы айтылды
13:38
Кыргызстанда дыйкандар быйыл эмне өстүрүү менен алек.
13:37
ЖК депутаттары 200 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алганбы? Түшүндүрмө
13:33
COVID: муфтият бейтаптар үчүн 1500гө жакын орун даярдады
13:07
Жамгыр, добул жана кар жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
13:05
600 орундуу “Гансиде” 5 эле кычкылтек концентратору барбы? Министрликтин жообу
13:01
Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту.
12:57
Кесиптик орто окуу жайларга онлайн тапшыруунун жол-жобосу айтылды
12:55
Пандемия университетте окууга бөгөт эмес. Билимдин изи менен Россияга карай
12:53
Элге акысыз кеңеш берген психологдордун борбору түзүлдү. Телефон номерлери
16:13
Учурдун талабы! Боронов эмгек өргүүдөгү дарыгерлерден ишке чыгуусун өтүндү
16:05
Кыргызстанга дагы 200 мобилдик кычкылтек концентратору алып келинди
15:44
Облустар ооруну ооздуктоого кандай даярдык көрүүдө. Ачылган стационарлар
16:18
Боронов: коронавирустун жайылышын токтотуучу бир гана жол бар
16:17
Силерсиз ооруну жеңе албайбыз! Боронов медициналык билими барларды ишке чакырды
16:15
"Унаа" ишканасынын аймактагы бөлүмдөрү карантинге жабылды
16:05
Жээнбеков бир нече судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту
16:02
Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди.
15:56
25 жыл "аралыктан" иштеген киши кантип өзгөрөт. Ойго салган сүрөт
15:34
Соль-Илецкиден жол тарткан мекендештердин экинчи тобу келди
15:33
Бишкекте ишкерлер менен ЖК депутаттары 5 күндүзгү стационар ачат
15:32
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси
15:29
ӨКМ обсервациядагылар кандай тамактанып жатканын көрсөттү.
14:19
Жээнбеков өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча пикирин айтты
14:18
Жээнбеков облустар аралык каттамды токтотууну сунуштады
Бардык кабарлар

Кыргызстанда эреже бузган айдоочулар үчүн жаңы баллдык система иштеп баштайт

Жаңылыктар / Коом жана проблемалар
304
0
Кыргызстанда эреже бузган айдоочулар үчүн жаңы баллдык система иштеп баштайтИчки иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгына 169 штаттык бирдик кошулду. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кечээ, 10-январдагы кеңешмесинде айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Башкы башкармалыктын башчысы Канат Жумагазиевдин айтымында, кызматкерлердин жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жетишсиздигине байланыштуу көптөгөн жол тилкелеринде жол коопсуздугу тийиштүү түрдө камсыздалган эмес. Ал башкармалыктын жетекчилиги тарабынан өлкө аймактарына чыгуу менен жер-жерлердеги жеке курамдын иши, алардын жолдогу кыймылдын кооопсуздугун жөнгө салуучу учурдагы мыйзамдарды, тийиштүү ченемдик документтерди, жол эрежелерин билүүсү текшерилгендигин маалымдады. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, башкы башкармалык акыркы эки жума ичинде кызматкерлерди кошумча окутуудан өткөрүүдө.

Башкы башкармалыктын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө бардык кызматкерлер жаңы форма менен касыздалган. Ошондой эле 2018-жылдын 1-январынан тарта Башкы башкармалыктын расмий веб-сайты иштөөдө жана WhatsApp мобилдик тиркемеси аркылуу жарандар менен кайтарма байланыш түзүлгөн. ЖККББ социалдык тармактарда жарыяланган жол эрежесин бузуулар тууралуу маалыматтарга жооп кайтаруу боюнча активдүү ишти баштады.

Буга катар 2018-жылдын 9-январынан тарта унаалардын тийиштүү эмес аймактарда токтотулган фактылары боюнча дөңгөлөктөргө блокиратор коюу, транспорттук каражаттарды күчтөп эвакуациялоо жана аларды атайы токтотуучу жайларга жеткирүү боюнча иштер башталган.
Ошондой эле Канат Жумагазиев маалымдагандай, жол инфраструктурасын иликтөө натыйжасы боюнча жолдорду жана көчөлөрдү жарыктандыруу, жол белгилерин коюу, жол чырактарды орнотуу, ошондой эле унаа жолдорду оңдоо боюнча жергиликтүү бийлик органдары менен активдүү иш башталды.

Кеңешмедеги катышуучулардын суроолоруна жооп берген Канат Жумагазиев Башкы башкармалыктын кызматкерлери тарабынан рейддик иш-чаралар жолдордогу тоскоолдуктар тууралуу айдоочуларга эскертүү максатында гана жүргүзүлөөрүн белгиледи.

Премьер-министр Сапар Исаков айдоочулардын жолдогу жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

«Башкы башкармалыктын кызматкерлери жол кыймылынын катышуучуларын негизсиз токтотпоосу боюнча такталган тутум иш алып барышы керек, ал эми айдоочулар өз кезегинде жеке жоопкерчилигин сезип, жол эрежесин бузбоосу шарт. ЖККББ кызматкерлеринин бардык аракеттери так регламентке баш ийиши керек», - деп белгиледи С. Исаков.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов азыркы тапта жол коопсуздук эрежелерин бузуулар тууралуу администрациялык документтерди жеринен түзүү процессин автоматташтыруу максатында ЖККББ кызматкерлери үчүн мобилдик программалоону камсыздоону киргизүү маселеси иштелип жатканын маалымдады. Анын айтмында, учурдагы мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча, ошондой эле аталган тиркемени башка тийиштүү мамлекеттик органдардын системасына интеграциялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Өкмөт башчы белгилегендей, тийиштүү программалык камсыздоону иштеп чыккандан кийин ЖККББ кызматкерлери үчүн планшеттик компьютерлер сатылып алынып жана аталган тутумду пилоттоштуруу башталат. Ага байланыштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине бул багыттагы иштерди 2018-жылдын жаз айларына чейин жыйынтыктоо тапшырмасын берди.

«Учурда "Таза Коом" программасынын алкагында өкмөт тарабынан иштелип жаткан програмалык камсыздоо ЖККББга жол эрежесин бузган жарандардын айдоочулук күбөлүгүн албай коюга мүмкүндүк түзөт. Айдоочулук күбөлүктү алуу ведомстводогу эң чоң коррупциялык фактор болуп эсептелет. Планшетте камтылган маалыматтар базасына протоколдорду кийрүү тутуму жөнгө салынгандан кийин ЖККББ кызматкери айдоочунун күбөлүгүн албай, мыйзам бузууну гана каттоого алат. Ар бир мыйзам бузуу боюнча унаа айдоочуларга балл берилет. Жазалоо дагы алынган баллдардын негизинде жүрөт», – деп түшүндүрдү өкмөт башчы.

Анын айтымында, ЖККББ кызматкерлеринин планшеттериндеги маалыматтык базада айдоочу, автоунаа, жол эрежесин бузуулары, төлөнгөн жана төлөнбөгөн айып пулдар тууралуу маалыматтар сакталат.

«Айдоочулар тарабынан жол эрежесин бузууларды фиксациялоочу автоматташтырылган система коррупцияны жоюуга көмөк көрсөтөт. Ал өз кезегинде жол кырсыгын азайтууга алып келип, жол коопсуздугун жана жол инфраструктурасын жакшыртуу үчүн бюджеттин толукталышына, айдоо маданиятын жогорулатууга жана айдоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет», - деп белгиледи С.Исаков.

http://www.turmush.kg/news:338270?from=turmush&place=nowread

скачать dle 11.0фильмы бесплатно