Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:52
КРде кырдаал эң начар сценарий менен өнүгүп жатат. Министрлик COVID тууралуу
10:19
№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет
10:18
Саламаттык сактоо министри менен орун басарынын абалы айтылды
13:38
Кыргызстанда дыйкандар быйыл эмне өстүрүү менен алек.
13:37
ЖК депутаттары 200 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алганбы? Түшүндүрмө
13:33
COVID: муфтият бейтаптар үчүн 1500гө жакын орун даярдады
13:07
Жамгыр, добул жана кар жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
13:05
600 орундуу “Гансиде” 5 эле кычкылтек концентратору барбы? Министрликтин жообу
13:01
Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту.
12:57
Кесиптик орто окуу жайларга онлайн тапшыруунун жол-жобосу айтылды
12:55
Пандемия университетте окууга бөгөт эмес. Билимдин изи менен Россияга карай
12:53
Элге акысыз кеңеш берген психологдордун борбору түзүлдү. Телефон номерлери
16:13
Учурдун талабы! Боронов эмгек өргүүдөгү дарыгерлерден ишке чыгуусун өтүндү
16:05
Кыргызстанга дагы 200 мобилдик кычкылтек концентратору алып келинди
15:44
Облустар ооруну ооздуктоого кандай даярдык көрүүдө. Ачылган стационарлар
16:18
Боронов: коронавирустун жайылышын токтотуучу бир гана жол бар
16:17
Силерсиз ооруну жеңе албайбыз! Боронов медициналык билими барларды ишке чакырды
16:15
"Унаа" ишканасынын аймактагы бөлүмдөрү карантинге жабылды
16:05
Жээнбеков бир нече судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту
16:02
Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди.
15:56
25 жыл "аралыктан" иштеген киши кантип өзгөрөт. Ойго салган сүрөт
15:34
Соль-Илецкиден жол тарткан мекендештердин экинчи тобу келди
15:33
Бишкекте ишкерлер менен ЖК депутаттары 5 күндүзгү стационар ачат
15:32
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси
15:29
ӨКМ обсервациядагылар кандай тамактанып жатканын көрсөттү.
14:19
Жээнбеков өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча пикирин айтты
14:18
Жээнбеков облустар аралык каттамды токтотууну сунуштады
14:15
Соль-Илецкиден 963 кыргызстандык Бишкекке алып келинди, дагы 12 автобус жолдо
14:04
"Ганси" базасында реанимациялык блок ачылды
14:04
Россиядан келген кыргыз дарыгерлери кайсы ооруканада иштей турганы айтылды
14:03
Түркиядан дагы 1 000 кычкылтек концентратору алып келинди
11:06
Бишкектеги ооруканада дарыгердин 12 метрлик сүрөтү тартылууда. Көрүнүшү
11:01
Жардам бергиле! Сабырбек Жумабеков олигархтарга кайрылды
10:51
Президент Жээнбеков кимдерди "эл душманы" деп атаарын айтты
15:26
Пандемияда кымбаттаган дарылар: чыга элек токтом, алакан жайган аптека ээси
15:17
Росавиация 1-августка чейин эл аралык каттамдарга тыюу салды
15:16
Новосибирскиден 186 кыргызстандык атайын каттам менен алып келинди
12:49
Билим берүү министрлиги 1-сентябрга кандай даярдык менен барарын айтты
11:54
Бишкекке Бангладештен 103 кыргызстандык жана коңшу өлкөнүн жарандары келди
11:48
Бишкекке Түркиядан 232 кыргызстандык кайтып келди. Арасында балдар бар
15:09
Бишкектин Октябрь районунун акими Ситников кызматынан бошотулду
14:28
Кыргызстанда РФ Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө добуш берүү кандай өттү
11:28
"Гансиде" пневмония болгондорду кабыл алуу үчүн 600 орун даярдалды.
11:20
Мэр Суракматов: рейддин санын көбөйтүп, айып пулду эскертпестен салабыз!
11:19
Мэр Азиз Суракматов COVID-19дан айыгып, ишке чыкты
Бардык кабарлар

БИШКЕК ТЭЦтин КУРУЛУШУНДА КОРРУПЦИЯГА ЖОЛ БЕРИЛГЕНБИ?

Жаңылыктар / Редактордун колонкасы
647
0

Парламентте Бишкек ТЭЦиндеги абал талкууланып, шаар тургундарына жылуулук менен жарык берилбей калышына кимдер күнөлүү жана ким жоопкер,ТЭЦтин бузулушу тууралуу өкмөттүн сөзүн угушту. Анда көпчүлүк депутаттар Айбек Калиевдин кызматтан кетишин талап кылып, өкмөт башчы Сапар Исаковго дагы каарын төккөндөр да болду.

Парламенттин жыйынына чакыртылган өкмөт башчы Сапар Исаков сөзүн Бишкектеги акыркы кырдаал боюнча көп ойлонгонунан баштады. Ал ТЭЦтин бузулушу тууралуу негизги жагдайларга токтолуп,өкмөт башчы катары Бишкек шаарынын тургундарынан кечирим сурады.

"Өкмөт башчы катары кетирилген кемчиликтер үчүн Бишкек шаарынын тургундарынан кечирим сурайм. Бардык иштер жөнгө салынат деп сөз берем”, - деди Исаков.

ТЭЦ боюнча парламенттик комиссия түзүү керектигин Жогорку Кеңештин сессиясында "Ата Мекен” фракциясынан депутаты Алмамбет Шыкмаматов айтты.

«ТЭЦ»боюнча маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзөлү. Анан дыкаттык менен бир ай ийне-жибине чейин илектеп, элге отчет берели»- дейт депутат Шыкмаматов.

Борбордогу акыркы абал тууралуу өкмөткө суроолор толтура. Бирок негизги суроо бар. Ал ТЭЦ оңдоп-түзөөдөн өтүп, ага 386 миллион доллар сарпталган. Бардык оңдоп-түзөө иштери аягына чыгып, жаңыланып, болттору гана калды деген өкмөт бүгүн минтип өзүнөн-өзү жүдөп турат.Дагы бир себеп ТЭЦте өз ишин мыкты аткарган жумушчулар иштен кетирилип, жалаң тайке- жээн,туугандашып калганын "Өнүгүү-Прогресс”тин депутатыт Алтынбек Жунус уулу ачыктады.

"Эң негизгиси элдин берген суроосу. 386 млн короткон ТЭЦте мындай иштер болбошу керек. Биз сураганда болт менен турбалар гана калды. Бүт жаңыртканбыз дешкен. ТЭЦте специалисттердин баарын кетирип, тайке-жээн, туугандар орношуп калып кеткен”,- деди эл өкүлү Алтынбек Жунус уулу.

 

"Өзгөчө кырдаалдар министри катуу суук түшөөрүн 15 күн мурун эскерткен. Бул маалыматты угуп дагы кайдыгерлик менен сууктун алдын алганга аракет кылбай койгон Энерго Холдингдин башчысы өзү эле жоопкерчиликти алып, отставкага кетиш керек болчу.Азыр баардык жоопкерчиликти премьер министр Сапар Исаков мойнуна алып жатат”,- дейт эл өкүлү Исендер Матраимов КСДП фракциясынан.

ТЭЦтин шаймандарынын эскилиги жетип бузулса бул башка кеп, суроо айланып келип эле оңдоп-түзөөгө кеткен 386 миллион долларга келип такалат. Депутат Курманкул Зулушев ТЭЦтеги авария боюнча Башкы прокуратура шалаакылык беренеси менен эмес, коррупция беренеси менен кылмыш ишин козгошу керек экендигин билдирди.

«Шалаакылык беренесинен коррупция беренесине өтө албайсыңар. Бир жумадан бери ачык эле билинип калбадыбы коррупция бар экендиги. Бул 386 миллион доллардын аркасында 30-40 чиновниктин кулагы көрүнүп турат»,-деп билдирди Зулушев.

Депутат Кенжебек Бокоев өкмөт башчы Сапар Исаковдон ТЭЦтеги авария боюнча жеке жоопкерчилик тартар-тартпасын сурады.

«Конституцияда өкмөттүн иши үчүн өкмөт башчы жеке жоопкерчилик тартат деп турат. Сиз кандай жоопкерчилик тартайын деп жатасыз»,-деп сурады депутат Бокоев.Сапар Исаков жоопкерчилик тартарын айтып, бирок иштегендигине байланыштуу кемчиликтерди жоюу үчүн убакыт сурады.

"Коомчулукта Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча убагында башкача маалыматтарды айтышкан, азыр башкача сөздөр жүрүп жатат. Ошондуктан, Башкы прокуратура керек болсо чындап эле "Коррупция” беренеси менен иш козгоп, кимдир бирөө бирөөнө тыйын берген болсо, алган болсо, аныктап чыгышыбыз керек”,- дейт экс-спикер Чыныбай Турсунбеков. Анын айтымында, ТЭЦке коротулган каражат тууралуу бүт бийликке, парламентке, өкмөткө сөз тийип, коомчулук коррупция боюнча катуу нааразычылыктарды айтып жатат.

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, Взгляд”


скачать dle 11.0фильмы бесплатно