Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Ош: апасы депкир менен сабаган баланын дем алуусу начарлап, абалы оорлоду

Жаңылыктар / Ош жаңылыктары
1 261
0

Ош: апасы депкир менен сабаган баланын дем алуусу начарлап, абалы оорлоду Бала түтүкчө аркылуу күнүнө 4-5 маал тамактандырылып жатат. Кан тамырлары аркылуу да күн сайын тиешелүү өлчөмдө суюктук куюлууда.

Апасы депкир менен сабап комага түшкөн үч жаштагы баланын дем алуусу начарлап, абалы оорлоду. Учурда бала аппараттын жардамы менен дем алууда. Бул тууралуу Ош облустар аралык балдардын бириккен ооруканасынын Анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Абдразак Камилов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Глава отделения анестезиологии и реанимации Ошской областной детской больницы Абдразак Камилов
© ФОТО / ЗУЛЬФИЯ ТУРГУНОВА
Ош облустар аралык балдардын бириккен ооруканасынын Анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Абдразак Камилов

 

Анын айтымында, 8-февраль күнү баланын дем алуусу кескин начарлап кеткен.

"Ошол себептен учурда бала аппараттын жардамы менен дем алууда. Апасы сабаган 3 жаштагы Бексултан Авазов биздин бөлүмгө 3-февраль күнү кечки саат 22:49дар чамасында өтө оор абалда келип түшкөн. Жүрөгүнүн согушу начар болчу, шок абалында келген. Аппараттын жардамы менен жүрөгүнүн иштешин жандандырып алдык. Баланын баш мээси чайкалган, акырек сөөктөрү жабыркаган. Колу-бутунда көк тактар бар эле. Эки бөйрөгү да эзилип калган. Баланын дем алуусу токтоп калууда. Баш мээси да жакшы иштебей жатат. Комага түшкөнүнө алты күн болду", — деди Камилов.

Ал ошондой эле баланын баш мээсин калыбына келтирүү үчүн невропатолог адистер тартылгандыгын кошумчалады.

 


"Бала канга муктаж болуп, кан куюлду. Азыр да баланын каны керектүү нормадан төмөн учурда кан куюп турабыз. Өзүнө келип, жашап кетишин тилеп жатабыз. Бирок баш мээ өтө катуу жабыркагандыктан майып болуп калуу коркунучу бар. Мындай жаракат алгандардын 30-40 пайызы жылдап дарыланууга муктаж болуп калышат", — деди Камилов.

 

Бала түтүкчө аркылуу күнүнө 4-5 маал тамактандырылып жатат. Кан тамырлары аркылуу да күн сайын тиешелүү өлчөмдө суюктук куюлат.

Эске сала кетсек, Ош шаарында 24 жаштагы өз энеси депкир менен сабаган үч жаштагы бала эс-учун жоготуп, облустук балдар ооруканасынын жандандырууу бөлүмүнө келип түшкөн. Бул фактынын негизинде шектүү катары баланын энеси шаардык милиция тарабынан кармалып, ага карата Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шаардык соттун чемими менен шектүү эне 4-апрелге чейин камакка алынган. Аял баласын жалгыз тарбиялап келген.



Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20180209/1037675166/apasy-sabap-komaga-tushkon-balanyn-dem-aluusu-nacharlady.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно