Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:53
Милиция жардам сурайт! Адам өмүрүнө забын болгон айдоочу изделүүдө
16:44
Кыргыз-өзбек чек арачылары "душмандарга каршы" машыгуу өткөрдү. Сүрөттөр
11:49
Баңгизат жасоо үчүн 1,5 тонна күкүрт кислотасын ташып бараткандар кармалды
11:41
Жумабеков дүйнө чемпиону Муртазалиевди кабыл алып, сыйлады. Сүрөт
11:11
Табышып койгула! Бишкекте 13 жаштагы кыз жоголуп кетти. Сүрөт
10:55
Кичи-Кеминде Карылар күнү белгиленди
10:43
Үй алууга ниеттенип жаткан 34 жаштагы Чолпон турмушка чыгып, максаты өзгөрдү
15:34
Депутат: жүк ташыган вагон жетпей, атышууга чейин барып жатышат
15:00
Атамбаевдин жан сакчысы Сагымбаевдин камактагы мөөнөтү узартылды
13:43
Бишкектин оңдолуп бүткөн 14 көчөсү жарыктандырылууда. Сүрөттөр
11:13
Кой-Таш окуясында башына таш тийген Самат Курманкулов сүйлөп калды
13:16
Финпол финансы министрин суракка чакырып, ведомствону тинтүүгө алганы айтылды
13:14
Кыргызстанда атайын жолдомолорго электрондук кезек түзүү сунушталып жатат
13:00
Кыдыкстан. БУУда Кыргызстан деген сөздү айта албай кыйналышты
11:20
Бишкекте автобустук жаңы каттам ачылат
11:13
Жогорку соттун төрайымы алдыдагы төрт жылда жасалчу иштерди айтты
13:32
Элдин керексиз "диагностика" менен кантип алданып жаткандыгын адис айтып берди
10:55
Кыргызстандагы үч оорукана бейтаптардан акы ала баштайт
12:51
Прокуратура: Алмазбек Атамбаев Батукаевдин иши менен таанышып бүттү
10:30
Ак-Талаанын үч айылында Калифорния калканчасы катталды
10:14
Нарын районунда жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чара уюштурулду
10:09
Бутубуз сынганына карабай иштеп жүрдүк: Гүлзада айымды айылдагылар «Жаны жок айым» деп аташат (сүрөт)
15:33
Шыкмаматов тажик тараптын "бул биздин жер" дегени кайдан чыкканын айтты
14:56
Быйыл Кыргызстандагы сулуулук сынагына өзгөчө кыз катышат. Видео
14:32
"Эч качан көргөн эмес!" Роналду атасы жөнүндө айтканда ыйлап жиберди. Видео
14:03
Бишкекте жол курууга тоскоол болгон турак үйдүн дарбазасы түрттүрүлдү. Сүрөт
13:01
Чүй: милиция жоголгон өспүрүмдү издеп жатат. Сүрөт
13:21
Абдымомунов көчөсүнүн бир бөлүгү казуу иштеринен улам 23 күнгө жабылмакчы
13:20
Отко май чачпагыла! УКМК элге эскертүү берди
10:14
Камактагы Алмазбек Атамбаев уулу жана аялы менен жолукту
16:36
"Ала-Тоо" аянтынан чачкын сатуучулар менен оюн жайлары алынууда. Сүрөт
16:11
Ичеги-карын рагы болбош үчүн эмне кылуу керек? Адистердин жообу
11:09
Суусамырдагы жайлоодо калың карда калган чабандар куткарылууда
09:32
Мугалимдер бир күндө 6000 сом алышабы? Лунара Мамытовага жооп
09:41
Алты жылдан бери комада жаткан Михаэль Шумахер эсине келди
09:33
Депутат: Бишкектеги жеке мектептерде кыргыз тили менен тарыхты окутуу керек
17:12
Суусамыр жайлоосунда карда калган малды алып чыгуу үчүн трактор тартылды
16:25
Бишкекте өтчү марафонго атактуулар да катышат
16:18
Жеңиш Разаков Кыргызстандагы кылмыштуулукту азайтуу жолун айтты
15:42
Дарбаза басып калган окуучу. Милиция кырсыктын чоо-жайын айтты
15:20
Мушкер "Тайсонго" Талас Бегалиев таза кандуу аргымак мингизди. Белектин чоо-жайы
13:08
Жээнбеков маркум спецназ Ниязбековдун үй-бүлөсүнө "Эрдик" медалын тапшырды
13:03
Аманбай Кайыпов башка кызматка дайындалды
16:26
Чала жан болуп сабалгандар: шектүүнүн милициядагы тууганы иштен бошотулду
16:20
Жээнбеков Абылгазиев менен жолугуп, өкмөттүн негизги милдеттерин эске салды
Бардык кабарлар

Аксыда каза болгон 30 жаштагы эки мугалимдин артында төрт бала калды

Жаңылыктар / Жалал-Абад жаңылыктары
1 149
0

Аксыда каза болгон 30 жаштагы эки мугалимдин артында төрт бала калды  Көз жумган эки мугалимдин бири бүгүн жерге берилсе, экинчиси эртең коюлат. Экөө тең 30 жашта болчу.

Аксы районунун Кербен шаарында милиционер машинасы менен коюп кеткен мугалим аялдардын бири комада жатат, абалы оор. Бул тууралуу Аксы райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн дарыгери Айнагүл Дуулатова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Эске сала кетсек, 10-февраль күнү саат 17:00 чамасында Аксы районунун Кербен шаарында милиционер башкарып бараткан унаа жолдон тайлаганып, төрт адамды коюп кеткен. Эки адам каза болуп, дагы экөө ооруканага жаткырылган. Айдоочунун соо экендигин райондук оорукананын наркология бөлүмү тастыктап, ал эми бул факты боюнча ИИМдин Өздүк коопсуздук кызматы иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

"Бейтаптын абалы учурда оор бойдон калууда. Комадан чыга элек. Учурда ал түтүкчө аркылуу тамактандырылып жатат. Кырсыктын кесепетинен баш сөөгү менен мээсинен оор жаракат алып, сол акыреги сынган. Биздин бөлүмгө түшкөн учурдан бери аялдын ден-соолугунда эч кандай жылыш болгон жок", — деди Дуулатова.

Ал эми аталган оорукананын башкы дарыгери Медербек Осмонов кырсыктын экинчи жабырлануучусу 31 жаштагы Гүлмира Таштановага медициналык жардам көрсөтүлгөнүн белгиледи. 

"Бейтап бүгүн 11-февраль күнү ооруканадан чыгарылды", — деди Осмонов.

 

Ал эми жабырлануучулар иштеген Кербен шаарындагы №52 Мамай атындагы негизги орто мектебинин директору Тажимырза Умаркуловдун айтымында, комада жаткан мугалим Мукадас Ажибаева аталган мектепте орус тили жана адабияты предметинен сабак берип келген. 

 

"Ажибаева бир уул, бир кыздын энеси. Үй-бүлөлүү. Жолдошу бар", — деди Умаркулов.

Ал ошондой эле жол кырсыгынан каза болгон 30 жаштагы мугалим Гүлазым Сармырзаеванын сөөгү 11-февраль күнү жерге берилгендигин кошумчалады.

"Гүлазым кесиби боюнча кыргыз тили жана адабияты предметинен мугалим эле. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктап, эки жылдан бери Мамай атындагы орто мектепте иштеп жаткан. Бирок мектепте саат жетишпегендиктен ал даярдоо классында сабак берип, музыка боюнча кружокту жетектечү. Үй-бүлөлүү эле. Артында беш жаштагы кызы жана үч жаштагы уулу калды", — деди Умаркулов.

Анын билдиришинче, каза тапкан экинчи мугалим 30 жаштагы Айчүрөк Исманованын сөөгү эртең, 12-февраль күнү, жерге берилет. 

 

Ал аталган орто мектепте информатика предметинен бир жылдан бери окуучуларга сабак берип келген. Мындан сырткары, мектептин китепканасын жетектеген. 

 

"Айчүрөк Исманова эки баланын энеси эле. Жолдошу Россияда иштечү. Артында даярдоо классында окуган жети жаштагы уулу менен төрт жаштагы кызы калды", — деди Умаркулов.

Маркумдардын жакындарына министр Гүлмира Кудайбердиева көңүл айтып, ошондой эле Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери бир күндүк эмгек маянасын каза болгондордун үй-бүлөсүнө жардам иретинде которууну чечкен.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20180211/1037700436/aksyda-mashina-koyup-ketken-mugalimdin-abaly-oor.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно