Бүгүн:

Акыркы кабарлар

19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
23:25
Кыргызстандын тайбокс боюнча курамасы Азия чемпионатында 18 медаль жеңди
23:24
Кыргыз-казак чек арасындагы абал турукташып, кезек жоюлду
23:25
Казакстандын УККсы чек арадагы фуралар боюнча көрүнүшкө түшүндүрмө берди
23:28
Кыргызстандыктар, өзбекстандыктар чек арадан эми ID-карта менен өтө алат
22:07
Диетолог стресстен оңой чыгууга жардам берчү азыктарды айтты
23:26
Кыргызстандык академик чек арадагы көйгөйлөрдөн улам казак бийлигине кайрылды
23:34
ЕАЭБде дары-дармек каттоону жөнөкөйлөтүү иштери жүрүүдө
22:51
ЕАЭБде курулуш темпи активдешти. ЕЭКтин алты ай боюнча маалыматы
23:30
Трансулуттук УКТ мүчөсү кыргызстандыктын $1,8 млн криптовалютасын ээлеп алган
23:26
Администрация: Садыр Жапаров “Барселонанын” легендалары менен таймашат
23:17
Бали! Калмира Билимбек кызы дүйнө чемпионатынан коло медаль утту
23:43
Өлүмдөн кийинки өмүр. Бүгүн ырчы Виктор Цой эскерилүүдө
23:03
ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өстү
23:02
Кыргызстан II КМШ оюндарында жалпы медалдык эсеп боюнча 7-орунду ээледи
23:01
Санкт-Петербургда кыргызстандык таксист келиндин төрөтүнө жардам берди
22:58
Минск шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары салтанаттуу аяктады
22:57
КМШ оюндары. Самбо боюнча курама команда 3 медаль жеңди
22:56
КМШ оюндарында Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы күмүш медаль багындырды
22:51
Россиялык дарыгерлер Ошто кыздын жамбаш сөөгүнө операция жасашты
22:48
Адистер кечки тамактан баш тартуу эрте өлүмгө кептээрин билдирди
22:18
КМШ оюндарында дагы бир күмүш! Мушкер Алмаз Орозбеков медаль тагынды
22:18
КМШ оюндарында дагы бир күмүш! Мушкер Алмаз Орозбеков медаль тагынды
22:10
Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү — Россиядагы мигранттардын утушу
22:08
Холестеринди азайтат. Диетолог коондун пайдасы тууралуу айтып берди
23:01
“Сколково” резиденттери "Армия-2023" форумунда технологиялык жабдууларды көргөзөт
Бардык кабарлар

Чымчыктар ай!... Жакыны сабап, бычактап, кордогон бөбөктөр. Жүрөк титиреткен 7 окуя

Жаңылыктар
1 022
0

Жекшемби күнү Ошто өз энеси депкир менен сабаган үч жашар наристе чарчап калды

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Өз энеси депкир менен катуу сабаган бала 11-февраль күнү эс-учуна келбеген бойдон ооруканада көз жумду. Дарыгерлер ага мээси катуу жабыркап, акыреги сынып, бөйрөктөрү жанчылып калган деген диагноз коюшкан.

Тилекке каршы, бул балдардын өз тууганынын колунан ажал таап же оорукчан болуп калган биринчи учуру эмес.

Sputnik Кыргызстан агенттиги акыркы жылдары Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулук боюнча жети мисалды эске салды.

 

1. 2013-жылдын март айы. Жалал-Абад облусунун 1,5 жаштагы тургуну Раяна өгөй атасынын зордук-зомбулугуна кабылган. Улам ыйлай берген наристени "сооротуш" үчүн апасынын күйөөсү башын ысык мешке тыгып, оттун үстүнө отургузган. Дагы бир нече күндөн кийин үйүнө мас келген өгөй ата ыйлап аткан кызын антенна менен сабап, эки жолу жакка чаап жиберген. Ошол убакта эсин жоготуп койгон наристе эсине келбеген бойдон чарчап калган. Өгөй ата өлүп калган наристени эч кимге айтпай көөмп койгон.

 

2. 2013-жылдын октябрь айы. Ак-Суу районунда жашаган эки жашар Диана булганып калган шымы үчүн сабалган. Таяктын уусуна чыдай албаган наристе комага түшүп калган. Анын жашоосу үчүн күрөшкөн дарыгерлер кичинекей денесиндеги көп сандаган сыныктарды, уюган канды көрүп таң калышкан. Наристе эс-учуна келбеген бойдон көз жумган.

3. 2014-жылдын август айы. Орловка шаары. "Сүйүктүү жар, мээримдүү эне жана үлгүлүү адам…" Кошуналары менен достору ал аялды ушинтип сүрөттөшкүн. Бирок анын депрессияда жүргөнүн эч ким билген эмес. Ошентип "мээримдүү" эне биринчи уулун муунтуп, экинчисин сууга чөктүрүп, бир заматта киши өлтүргүчкө айланган. Эмнеге деп сурашканда, "кыйкырып-өкүрүп ойношту" деп жооп берген.

4. 2015-жылдын февраль айы. Бишкектик мугалим өзүнүн Чыңгыз аттуу уулун жана Нурайым аттуу уулун бычактап салган. Аял балдары кийимин булгап алганына жини келип, ушундай кадамга барганын билдирген.

5. 2015-жылдын январь айы. Озерное айылынын кичинекей тургуну, эки жаштагы Ибрагим оор абалда ооруканага түшкөн. Катуу сабалган баланы зордуктап, денесине чылым басышкан деген божомолдор айтылган. Баланы "баккан" атасынын бир тууганы өмүр бою эркинен ажыратылып, жеңеси 15 жылга соттолгон.

 

6. 2015-жылдын декабрь айы. Каракол шаарында жашаган үч балалуу үй-бүлө. Эртең менен улууларын мектепке, кичүү кызын балдар бакчасына жеткирген ата-эне үйүнө кеч кайтышкан. Үйгө кирери менен жымжырттыкка таң калган атасы уктоочу бөлмөгө барып, өлтүрүлгөн кызы менен араң дем алып жаткан уулун таап алган. Бактыга жараша, дарыгерлер баланы сактап калышкан. Кийин балдарга бир тууган таякеси жездесинен өч алуу максатында кол салганы белгилүү болгон. Ал Бишкекке качып кеткенине карабай, милициянын колуна түшүп, өмүр бою эркинен ажыратылган.

 

7. 2017-жылдын декабрь айы. Интернетте кызыл куртка кийген адам өзүнүн жерге кулап кеткен кичине баласын ичке тепкен видео тараган. Кийин ал адам Мамкаттоо кызматында иштей турганы белгилүү болгон. Ага карата кылмыш иши козголуп, бирок баланын энеси жолдошуна доосу жок экенин билдирген. Сот ишти жабык деп жарыялаганы менен акыйкатчы чечимди кайра карап чыгууну талап кылып келет.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин окурмандарына балдар психологу Айгүл Кызалакова бала тарбиялоо боюнча кеп-кеңешин берген. Адистин пикирине караганда, өсүп келе жаткан адамды кемсинтүү, жаман сөздөр менен тилдөө, ур-тепкиге алуу анын адам катары туура калыптарышына терс таасирин тийгизет.



Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20180212/1037711454/zhakyn-adamynan-zapky-korgon-boboktor.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно