Бүгүн:

Акыркы кабарлар

04:39
"Кумтөр" Ысык-Көл жана Нарын облустарын өнүктүрүүгө 1,4 млдр сом бөлөт
05:18
Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешип машина чыгарууну пландоодо
03:27
Кум үстүндөгү футбол боюнча Азия чемпионаты: Кыргызстандын атаандаштары белгилүү болду
03:21
Тегеранда Кыргызстан менен Ирандын биринчи айымдарынын жолугушуусу болду
03:04
Кыргыз-кытай чек арасындагы бекеттер төрт күнгө жабылат. Себеби
02:40
Орусияда мекендештерин тоногон төрт кыргызстандык кармалды
23:25
Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын туристтик компанияларынын бизнес-форуму өтөт
23:24
Кыргызстандыктардын Болгарияда ишке орношуу мүмкүнчүлүгү каралууда
23:23
Россияда окуган кыргызстандыктар медициналык камсыздандыруу системасына кирүү укугуна ээ болот
23:20
Кыргызстанда англис тили мугалимдери үчүн сынак жарыяланды
23:16
Москвада оор кырдаалга кабылган кыргызстандыктар мейманканада бекер жашай алышат
23:12
БУУ: Миграциядан улам кылымдын аягында тилдердин көбү жоголушу ыктымал
19:42
Быйыл Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 25 ишкананын ишке киришин каржылоону пландоодо
19:36
2022-жылдын жыйынтыгы: Инфляция 14,7% түздү
19:34
Сасык тумоо соңку аптага салыштырганда көбүрөөк катталды
14:40
Украинанын аймагында согуштук аракеттерге катышкан Кыргызстандын жараны кармалды
13:34
Кыргызстандан чет өлкөлөргө 1 миллиарддан ашуун доллар которулду
12:12
Арзан көмүр элге паспорт менен сатылат
07:57
Кыргызстанда бир суткада КРВИ менен сасык тумоонун 507 учуру катталды
05:02
Ташкентте кыргыз-өзбек кызматташтыгынын келечектүү багыттары талкууланды
04:56
"Камбар-Ата-1": үч өлкө макулдашууга кол койду
04:51
Изилдөө: 2100-жылы мөңгүлөрдүн 68% жоголушу мүмкүн
05:30
Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү ыктымалы жогору
07:18
Президент Жапаров чек ара маселесин чечүүнү убада кылды
07:13
Күрөш дүйнөсү уюму Жоламан Шаршенбековду мыкты балбан деп тапты
07:12
ТИМ Кытайга баруу эрежелери жөнүндө маалымат таратты
04:53
Кыргызстандагы CASA-1000 долбоору аркылуу 1243 электр тирөөч курулат
04:39
Футбол легендасы Пеле дүйнөдөн кайтты
03:56
Ошто кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жумушчу топтун жолугушуусу өттү
03:55
Жаңы жыл майрамында өлкөдө 12 миңден ашуун милиция коопсуздукту камсыздайт
03:51
Кыргызстандык волейболчулар зоналык Азия чемпионатында күмүш медалга татыды
03:51
Кыргызстандык волейболчулар зоналык Азия чемпионатында күмүш медалга татыды
03:14
Өзбекстанда "Док-1 Макс"дарысынан уулуу зат табылды
05:43
Баткенде кыргыз-тажик Чек ара кызматтарынын башчылары жолугушту
10:34
2022-жылдын башынан бери ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү $1,3 трлн түздү
10:30
Азия чемпионаты: Кыргызстандык волейболчулар Шри-Ланканы утуп алды
10:29
Элчи Кадыркулов Украинанын ТИМ башчысынын биринчи орун басары менен жолукту
10:27
Кыргызстандык жаш хоккейчилер АКШда өткөн эл аралык мелдеште 1-орунду ээледи
06:26
Кыргызстандык балбандар таяк тартыш боюнча АКШда өткөн мелдеште 5 медаль жеңди
06:25
Жөө күлүк Самат Казакбаев Казакстандагы эл аралык мелдеште күмүш медаль багындырды
03:47
Кыргызстандын футзал боюнча курамасы дүйнөлүк рейтингде 44-орунга жайгашты
02:14
Садыр Жапаров Катардагы дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине барды
22:38
Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропортторду модернизациялоо башталат
05:15
Кыргызстандык окуучу Бакудагы эл аралык олимпиадада күмүш медаль утту
05:14
Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча дүйнө чемпонатында кичи коло медалга ээ болду
Бардык кабарлар

Жарандык коом сотторго каршы митингге чыкты (Түз эфир)

Жаңылыктар
1 102
0

Жогорку Соттун алдына нааразылык акциясына чогулган жарандык коом өкүлдөрү сот жана укук коргоо тармагындагы жемкорлукту жана мыйзам бузууларды токтотууга чакырышууда.

Алар биринчи кезекте Сотторду тандоо кеңеши Жогорку соттогу алты бош орунга тандаган талапкерлерди бекитпөөнү президенттен талап кылышууда. Мунун себебин акциянын уюштуруучуларынын бири, укук коргоочу Рита Карасартова мындайча түшүндүрдү:

- Жогорку сотко тандалып жаткан алты талапкерди жана Конституциялык палатага тандалып жаткан талапкерлердин буга чейин кандай иштерди караганы, кандай чечимдерди чыгарганы боюнча досье чогултуп келдик. Булар саясий буюртмаларды аткарган, акыйкатсыз чечимдерди чыгарган. Ошондуктан биз биринчи кезекте буларды бекитпегиле деген талап коюп жатабыз. Президенттин буга карата чечиминен ал коррупцияга каршы чындап күрөшөбү же саясий буюртма аткаргандардын кызмат ордун жогорулатабы, баары билинип калат.

Акцияга чыккандар мындан башка да талаптарды коюшууда. Алар ар кандай чакырыктар жазылган бир нече плакаттарды кармап турушат. Уюштуруучулардын билдиришинче, митинг өтөрү тууралуу мэрияга кабар берилип, макулдашылган.

Акция жалпы Кыргызстанда өтөрү кабарланууда, ага ылайык, аймактарда да жарандык коом өкүлдөрү жергиликтүү соттордун алдына "Биз коррупциядан тажадык" деген ураан менен чыгышат.

Кыргызстанда бүгүн сот кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө.

Буга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков сот кызматкерлеринин кесиптик майрамына байланыштуу куттуктоо жолдоду. Анда сотторду ар бир чечимдин артында адамдын тагдыры турарын эч качан эстен чыгарбоого чакырды.

- Мамлекет тарабынан ыйгарылган судьялык милдеттерди аткарууда жоопкерчиликтүү жана принципиалдуу мамиле жасоо сиздердин күндөлүк ишиңиздердин айныгыс эрежеси болууга тийиш. Эл алдындагы ыйык парзыңарды мыйзамды кастарлоо менен так, калыс аткарат деп ишенем. Соттун калыс, акыйкат чечими адамдардын мамлекеттик бийликке болгон ишенимин арттырат, - деп жазылган президенттин куттуктоосунда.

Буга чейин маалым болгондой, Жогорку соттогу алты судьялык орунга 46 киши арыз берген. Алардын ичинен Кыдык Жунушпаев, Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Нургүл Бакирова, Кымбат Архарова, Айдарбек Алымкулов тандоодо эң көп упай алып, сотторду тандоо кеңеши бул алты талапкердин тизмеси 1-мартта президентке жиберген.

Президент талапкерлерди карап чыккандан кийин аларды бекитүү үчүн парламентке жөнөтөт. Мыйзам боюнча Жогорку сотто 35 судья болушу керек. Учурда алты орун бош турат.

 

 


скачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик