Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:43
Борбор Азия өлкөлөрүнүн мурдагы президенттеринин балдары эмне менен алек?
14:41
Бишкекте дүйнөгө аты чыккан артисттер "Тоска" операсын коёт
10:35
Пара алып кармалган министрдин орун басары Жусубалиев камакка алынды
10:34
Лейлекте КамАЗ оодарылып, үч киши каза болду
15:52
Сооронбай Жээнбеков телефондон Шевченкону куттуктады
15:49
Көз сүйүнөт! Бишкектин чок ортосунда "дельфиндер" пайда болду.
14:06
Бишкекте "Айтматов тууралуу 90 суроо" аттуу флешмоб өтөт
14:39
Кыргыз телесине 60 жыл! КТРК мааракесин белгиледи
14:36
Учкучтардын кабинасына кирип алчу. Аскар Акаевдин пилоту экс-президент тууралуу
14:29
Органдар алдында жооп берүүгө даярмын. Карыпбеков КТРКдагы аудит боюнча үн катты
14:18
Иштен кеткеним үчүн 1 млн. сом алдым. Атбашылык аксакал жөнүндө репортаж
14:13
Бишкектеги Лев Толстой менен Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишине светофор коюлду
11:18
Атамбаевдин тарапташтары менен каршылаштары жаңжалдаша кетти. Видео
16:09
10 кызды өстүргөн ноокаттык жубайлар 9 күйөө балалуу болушту
16:03
Сүйгөн кызы өз жанын кыйганын уккан соң, өзүн атып өлтүргөн 21 жаштагы жигиттин акыркы каты жана туугандарынын версиясы
10:20
Бишкекте "Түндүк" бажысынын жетекчи орун басары Мамбетжунушева кармалды
14:22
Бишкекте ар кыл диндин өкүлдөрү ийри отуруп, түз кеңешет
13:36
"Арабадагы майып" коомдук транспортко түшө алабы? Социалдык эксперимент
13:07
Бишкекти жаңы жылга карата кооздоого канча каражат сарпталаары айтылды
10:14
Мэр Суракматов Бишкекти каптаган кара түтүн боюнча үн катты
16:10
Бишкекте майыптар үчүн пандустар орнотулууда
11:56
Каракол: өрт чыккан үйгө суусу жок келген өрт өчүрүүчүлөр, тамсыз калган үй-бүлө
11:25
Жөнөкөй малчынын идеясын автоинспекторлор улап кетти
11:24
"Манас" эл аралык аэропорту убактылуу жабылды. Себеби айтылды
10:05
“Делбиримде” Аселди аткарган Мадина Талипбек Өзбекстанда мыкты актриса аталды
16:18
Бишкекте адамдарды тоноду делген 18 жаштагы балдардын үйүнөн баңгизат табылды
16:27
Бишкек: мектеп окуучулары жетим балдар үйүнө барып белек тартуулашты
16:07
Нарындан Аксыга жер которгон маралдардын абалы айтылды. Сүрөттөр
15:57
Бишкек менен Оштогу басып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу сунушталды
15:48
Депутат Кыргызстанга эли визасыз кирген өлкө санын 55ке жеткирүүнү сунуштады
13:45
Балыкчы ШИИБинин имаратынын чатырын шамал учуруп кетти.
10:36
Бишкек мэриясы "Ош" базарындагы абал боюнча расмий пикирин айтты
10:35
"Вечерний Бишкектин" ээси Александр Рябушкин эки айга камакка алынды
11:49
Жүзгө жакын сатуучу "Ош" базарында митинг кылып жатат
11:33
Жаңы жылга карата башкы аянт кантип кооздолот
09:35
Бишкек мэриясы газ менен жүргөн автобус алуу үчүн тендер жарыялады
09:34
Сүрөтү калды тартылып... Жатакананын дубалындагы Бурулайдын элеси. Видео
15:28
Бишкекте Бурулайдын портрети жатакананын дубалына тартылды
15:18
УКМК: Бишкек мэриясы 2017-жылды тосуу үчүн шаарды кооздоодо мыйзам бузган
14:05
Сабырбек Жумабеков дагы бир уникалдуу операция жасады
11:04
Кыргызстан эл аралык жарандык авиациянын кара тизмесинен чыгар-чыкпасы айтылды
17:30
Бишкекте экологияны булгаган жеке мончолор текшерилип жатат.
10:03
Бишкекте эми коомдук тартипке атчан милиционерлер да көз салат
13:27
Жээнбеков Атамбаев менен эмнеге чырдаша кеткенин айтып берди
13:25
Путин Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады
Бардык кабарлар

АЙДАРКЕН СЫМАП КОМБИНАТЫНДА КЕН КАЗУУ ЖУМУШТАРЫ БАШТАЛДЫ

Жаңылыктар
265
0

Айдаркендиктердин үмүтү болгон, 10 жылдап иштебей турган Сымап комбинатынын шахтасы жана фабрикасы кайрадан иштеп баштады. Бул жакшы саамалыкка КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев катышып, шаар тургундарын комбинаттын ишишнин кайрадан жанданышы менен куттуктады.

Учурда 660метр тереңдиктеги шахтанын суусу насостор менен тартылып, тынымсыз сордуруп турууга жана 1967-жылы орнотулган эскилиги жеткен тетиктер алмаштырылып, руда алып чыгууга толук шарттар түзүлдү. Эске сала кетсек 2009-жылдан комбинаттын шахтасын суу каптап, кен казуу жумуштары токтогон болчу.Мындан улам, чоң чыгымга дуушар болгон комбинат инвестор издеп келген. Натыйжада 2017-жылдын июль айында комбинаттын жетекчилиги Ата Мекендик Северстайл компаниясы менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюп, иштеп башташкан. Өкүл Абиш Халмурзаев, тынымсыз изденүүнүн натыйжасында инвестор таап, жоюлуп кетүү коркунучунда турган ишкананын ишин жандандырган комбинат жетекчилигинин ишин баалап, Толубай Салиевге"Баткен облусуна 15жыл” медалы менен сыйлады. Өкүл өз сөзүндө , "Бул комбинаттан Айдаркен шаарынын калкынын үмүтү чоң. Комбинат канчалык узак убакытка иштебей турса анын жоюлуп кетүү коркунучу жогорулайт. Ошондуктан аймакта сымап өндүрүлүп, элге жумуш орун түзүлүп, бюджетке салык түшкөнү биз үчүн маанилүү , комбинат чоң сыноодон өттү, эми мындан ары үзгүлтүксүз иштейт деп ишенем” -деди. Комбинат жетекчиси Толубай Салиевдин айтымындамарт айынын соңуна даяр продукция сымап, апрель айынын орто ченине сурма даярдалып чыгарылат. Ал эми жыл соңуна 140млн сомдук продукция берилет. Бүгүнкү ишке кирген шахтада сымап менен сурьманын 30 жылга жетчү запасы бар. Алдыда дагы башка шахталар ишке кирсе, комбинаттын мүмкүнчүлүгү дагы кеңейет. Учурда шахтада кен казуу жумуштары техникалар менен жүргүзүлүп, шахтерлордун коопсуздугу эске алынып, баарымеханизацияланган. Белгилей кетсек комбинаттын шахтасы иштебей турган убакта деле комбинат калган калдыктарды кайра иштетип, жумушчуларды эмгек акы менен камсыздап, бир жылда 67млн салык, 26млн социалдык төлөм, 9 млн мамлекетке дивиденткатарыбергенге жетишкен.

Бул күнү облус башчысы менен комбинат жетекчилиги комбинаттын эң жашы улуу, 90 жаштагы жумушчусу ардактуу эс алуудагы Рахман Каримов аксакалдан кабар алып, белектерин беришти. Аксакал ата өмүр бою комбинатта иштеп, 11 баласын чоңойтконун айтып, шаардыктардын жашоосу болгон комбанаттын ишин жанданткан жетекчилерге ак батасын берди.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно