Turmush -
Баткен районундагы №30630 аскер бөлүктө тактикалык машыгуу жүрүп жатат.
Кургактагы аскерлердин артилериялык башкармалыгынын жетекчиси
Мирлан Өмүрзаковдун айтымында, машыгуунун максаты — аскерлердин тажрыйбасын
аныктоо. Ага Куралдуу күчтөрдүн аскерлери жана Мамлекеттик чек ара кызматынын
артилериялык бөлүмдөрүнүн жоокерлери катышты.
«Тактикалык машыгуунун биринчи этабы теориялык сабак алуу
менен жүрүүдө. Ал эми экинчи этабында аскерлер практикалык иш жүрүүдө. Күжүрмөн
ок атуу өткөрүлөт. Аскерлер күжүрмөн машыгууда душман мизин кайтарууга коюлган
талаптарды аткарышып, жөндөмдөрүн жогорулатышат», - деди ал.
http://batken.turmush.kg/news:343924/?from=kg_turmush&place=newstoplast