Баткен областынын Айдаркен шаарында, Лейлек районунда кар жаап жатат
Turmush - Бүгүн,
18-апрелде Айдаркен шаарында эртең менен кар жаай баштады. Бул тууралуу Turmush
басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, шаар бийик тоолуу аймак
болгондуктан өрүктөр жаңы эле гүлдөп баштаган. Эгер түнкүсүн абанын
температурасы төмөндөп кетсе гүлдөгөн өрүктөргө зыян болушу мүмкүн.
Ошондой эле, Лейлек районунун тоолуу
аймактарына кар жаады. Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Кара-Булак, Ай-Көл
айылдарына, Сумбула айыл өкмөтүнүн Андарак, Көк-Таш, Искра айылдарына суу кар
жаап жатат. Аталган айыл айматктарда өрүк гүлүн төгүп, алма, жаңгак, алмурут
жана башка дарактар гүлдөө алдында турган. Бүгүн суук болсо мөмө жемиштерди
үшүк алышы мүмкүн.
ӨКМ бүгүн, 18-апрелден 20-апрелге чейин мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн экендигин билдирди.
http://batken.turmush.kg/news:343988/?from=kg_turmush&place=newstoplast