Turmush -
Баткен шаарында кыргыз-өзбек достугун бекемдөөгө «Маданият достуктун
көпүрөсү» фестивалы уланууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.
Шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Равшанбек Бадаловдун
айтмында, шаардагы А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында эки өлкөнүн
маданият кызматкерлери концерт коюп жатышат. Фестиваль эртең да уланмакчы.
«Кечээ конокторду тосуп алдык. Бүгүн 2 улуттун жаштары
биргеликте достук концертин коюп жатышат. Бул жерде жаштар өздөрүнүн
таланттарын элге тартуулоодо. Эртең келген делегацияны Айгүл -Тоосуна алып
барабыз», - деди Бадалов.
Фергана облусунун спорт бөлүмүнүн башчысы Одилжон Ходжаев бул
иш-чара эки өлкөнүн достугун бекемдөөгө жакшы өбөлгө болуп жаткандыгын
кошумчалады.
«Бул фестиваль 2 улуттун жаштарын достошууга, жакшы мамиледе
болууга чакырат. Ошондой эле, өз маданиятын жайылтып, тажрыйба алмашууга өбөлгө
болот. Биз тараптан 6 жаштан 16 жашка чейинки 40 бала келди. Алар кыргыз
досторуна ыр-бий жана улуттук аспаптарда оюндарды даярдап келишкен», - деди
Ходжаев.
http://batken.turmush.kg/news:343998/?from=kg_turmush&place=newstoplast