Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:56
Эр сайышка чыккан Улукбек: аравиялык шейх баламды үйрөтүп бер деп суранды
15:18
Панфилов паркында аттракциондон кыз кулап, ооруканага түштү
15:11
Аттракциондон кулаган кыз. Парк жетекчилиги окуянын чоо-жайын айтты
11:19
Ипподромдо жакалашкан күйөрмандар. Көк бөрүнүн финалындагы видео
14:26
Депутат Якутиядагы окуя боюнча Мамдумага кайрылууну сунуштады
14:15
Жээнбеков Казакстандын жаңы президенти Токаевди куттуктады
02:14
Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону аталып, 2 «Нива» уткан: Жылына 4 млн сом тапкан өзгөндүк фермер
12:23
Бишкекте бет маңдай кагышкан Lexus менен Toyota. Видео
15:26
«Мага жайды чогуу казгыла»: Келинчегин, андан кийин өзүн өлтүргөн адамдын акыркы көз ирмемдери.
10:37
Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерин машина 20 метрге ыргыта сүзүп, ал каза болду
13:48
Бишкек: жолдун боюн каптаган кызыл жалын менен кара түтүн. Өрттүн видеосу
12:45
Бишкектин Свердлов районунда жаңы эки көпүрө курулат
12:04
Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери сүйлөштү
15:58
Айып каттар качан кыргыз тилинде жазыла баштайт? Саркуловдун жообу
15:56
Бишкектин чок ортосунда мушташып кеткен айдоочулардын ким экендиги анык болду
15:55
Дүйнө чемпиону Баха Москвада жүк ташып иштейт... Кыргыз мушкеринин жашоосу
15:53
Каныбек Иманалиев: 8-мартта мыйзам эмес, нарк бузулду
10:59
Бишкектеги маршруткалардын теңине камера коюлду
14:31
Бишкектин түндүк тарабында үй өрттөнүп жатат
12:37
ӨКМ: Бишкектеги турак үйдө чыккан өрт дээрлик өчүрүлдү
11:26
Бишкектеги имамдар ишембиликке чыкмай болду
11:25
Куралды көп саткан мамлекеттер аталды. Тизме
11:24
Финансы министрлигинде бош орун бар. Иштейм дегендерге талаптар
12:56
Ок чыгарып, 315 миң долларын алып кеткен. Унаа милиционерден уурдалган
12:48
Эреже бузуу кодекси боюнча биринчи өкүм чыгып, пенсионерди соттошту
12:15
Сулайманов: мамлекеттик резиденцияда чөөлөр улуп жүрөт
15:34
Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала никесиз төрөлөт
15:31
Кыргызстандын Япония, Афганистан жана Бельгиядагы элчилери дайындалды
15:21
Бишкекте жеңил автоунааны артынан кууган инспекторлордун видеосу
22:00
ОГПИде “QUIZ” оюну болуп өттү
21:58
Ошто 40 жаштан жогорку аялдар ортосунда волейбол мелдеши болуп өттү
15:39
Бишкекте жол тилкесин бөлүп турган кош сызык экиден түшүп калган. Түшүндүрмө
14:44
Абылгазиев: кооз сүйлөгөндү жактырбайм, иштейли
15:10
Атам бөйрөгүн берди, баары жакшы. Бишкекте органын алмаштырган жигиттин видеосу
14:58
Нарында малга кол салган карышкырды кууп жүрүп атып салышты. Видео
14:46
Чыныгы шөкүлө кандай болорун билчү белеңиз? Уздар жасап чыгышты
14:36
Кара-Кулжадагы үрөй учурган жол кырсык видеого түшүп калган
14:15
Кыргызстандын кайсы облусунда калориялуу тамактар көп желери айтылды
14:05
Кыргызстанда калпак жумалыгы башталды
18:17
Өзгөндөгү соода жайлардын тротуарга чыгып кеткендери алынды
18:12
Оштогу балдар ооруканасына жабдыктар келет
10:57
Режеп Тайып Эрдоган 65 жашка чыкты
10:25
Бишкекте кырсыктаган стилист Мамбеткалиева 9 күн комада жатып каза тапты
10:21
Бишкектеги көчөнүн жээктери иретке келтирилип, жазга даярдык жүрүүдө
11:09
Милицияга кара куурай саткан киши кармалды. Сүрөт
Бардык кабарлар

Биринчи лөлү тектүү мугалим Кадыров Толон 30 жылдан бери кыргыз тилинде сабак берет

Жаңылыктар / Жалал-Абад жаңылыктары
362
0

Кадыр Төлөнов Оштогу моноэтникалык Жаңы-Кыштак айылында Мирзо Турсунзода атындагы мектептин тарбиялык иштер боюнча завучу жана башталгыч класстардын мугалими. Төлөн Кадыровду айылдыктар Чынгыз Айтматовдун Биринчи мугалим чыгармасындагы Дүйшөнгө салыштырышат, анткени ал лөлүлөрдөн чыккан алгачкы мугалим. 30 жылдык стажы бар мугалим, кыргыз тилин жакшы өздөштүргөндүктөн жумуштан кийин үй-бүлө мүчөлөрүм менен да кыргызча сүйлөшөм дейт. Сабактан тышкары окуучуларды маданиятка, спортко кызыктыруу үчүн тарбиялык иштерди көп өткөрөт. Балдарга кыргызча ыр-бийлерди , кыргыздын улуттук оюндарын үйрөтүп, спорттук иш чараларга активдүү катыштырып келет. Максатым лөлү тектүү жаштарды мекенин сүйүү, билимге умтулуу жаатында тарбия берүү дейт.

Төлөн Кадыров Оштогу лөлү улутундагы биринчи мугалим. Ал 30 жылдан бери Кара-Суу районундагы №105 Мирзо Турсунзаада атындагы мектепте кыргыз тилинде башталгыч класстарга сабак берет. Өзү да ушул мектептин бүтүрүүчүсү. Ош педагогикалык орто окуу жайын, андан соң Ош мамлекеттик социалдык университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 30 жылдан бери өзүнүн айылдаштарын билим алууга, мекенин сүйүүгө үндөп тарбиялап келет.

Биринчи лөлү тектүү  мугалим Кадыров Толон 30 жылдан бери  кыргыз тилинде сабак берет

Төлөн Кадыровдун айтымында лөлүлөрдүн арасынан да көп эле билимдүү адамдар чыкмак, бирок турмуш шарттын оордугу, каражаттын жоктугунан улам алар кара курсагын эптеп тойгузуу үчүн жан үрөп жүрүп өмүрлөрү өтүп кетет экен.

 

"Кайсы маалда окууга акча табышат, кара курсагын жакшы тойгуза албагандарыбыз көп да. Анын үстүнө жумушка кириш үчүн деле тааныш-билиш керек, баары бир ишке алышпайт, алса деле жөн иштетишпейт аты жаман айтылып үйрөнүп калган”.

Төлөн Кадыров иштеген Жаңы-Кыштак айылындагы Мирзо Турсузаада атындагы мектебинде 500дөн ашык окуучу билим алат.

"Окуучулар акыркы мезгилде спортко көбүрөөк умтулуп жатышат. Айрыкча улуттук оюндарга кызыгуу жогору болгон үчүн окуу жайда ай сайын тогуз коргоол боюнча мелдештер өткөрүлүп турат. Маданий иш чараларда окуучулар адабий чыгармаларды кыргыз тилинде сахналаштырып, улуттук бийлерди бийлеп, кыргызча ырларды ырдашат”-дейт Төлөн Кадыров. Биз адабият, ыр, бий, музыка аркылуу балдардын аң сезимин өзгөртүүгө аракеттенип келебиз”.

Адатта жергиликтүүлөрдүн билимге тартылуусу начар болуп келген, 9 класска чейин гана билим алып, андан соң окууларын улантпай коюшчу. Убакыттын өтүшү менен элдердин жашоо образында өзгөрүүлөр байкалгандай. Жергиликтүү калк кыргыз тилин өздөштүрүүгө басым жасап жатат дейт айыл тургуну 65 жаштагы Гульчахра Нармирзаева 

Биринчи лөлү тектүү  мугалим Кадыров Толон 30 жылдан бери  кыргыз тилинде сабак берет

"Биздин айылдан да билимдүүлөр чыгышын каалайт элек. Ал үчүн кыргыз тилин үйрөнүш керек экен деп калдык. Балдарга жаштайынан кыргыз жеринде жашап жаткандан кийин кыргыз тилин, урп-адатын, каада салтын үйрөнүү керек деп тарбиялап жатабыз. Тил билсе гана терең билим ала алышат, келечектери да жакшы болот деп ойлойбуз. Мурда биздин элдин көз карашы башка болгон, азыр ата-энелер биздин балдар да билимдүү болуп, бир кесиптин ээси болуп, эмгектенишсе деп калышты”.

 

Жаңы-Кыштак тек гана лөлү тектүүлөр жашаган моноэтникалык айыл, бул жерде 5000ге чукул кожолук жашайт. 2013 жылдан баштап жергиликтүү элде интеграция жүрүп, бейөкмөт уюмдардын жардамы менен массалык түрдө паспорт берилген.

Жанна Аскарова
Ош.
скачать dle 11.0фильмы бесплатно