Бүгүн:

Акыркы кабарлар

17:20
Роналду Италияда дарыланган кыргызстандык кызга учурашып, абалын сурады. Сүрөт
13:20
Депутат кечирим сурасын! ЖКдан чыгарылган аткаминер боюнча соцтармактагы пикирлер
16:14
ЖМК: Бишкектен учуп чыккан жүк ташуучу учак Тегеранда кулап түштү
16:08
Чыңгыз Айдарбеков Норвегияда жашаган мекендештер менен жолугат
14:20
Бишкекте жол кире эмне үчүн кымбаттайт. Мэриянын жообу
14:11
Иштеп, үй-бүлөнү баккан жакшы! Маршрутка айдоочулары видеокайрылуу жасады
11:06
Бишкекте учактын 4,5 саатка кармалышынын себеби айтылды
10:55
Каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бере баштайт
10:43
Бишкек: коомдук транспортто колдонулчу электрондук билетке тендер жарыяланды
13:08
Оңолот деген ушу! Түкүрүү үчүн колуна чака көтөрүп алган жигиттин видеосу
13:05
Көчөдө түкүрүнгөн эки милиционер изделип жатат
13:00
Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен Индияга учпай турган болду
12:56
Көчөдө түкүрүнгөн дагы эки милиционер видеого түшүп калды
12:54
Бишкектин маршрутка айдоочулары митингге чыгар-чыкпасын айтты
12:45
Өзбекстанга караңгылатылган айнек менен баргандар айыпка жыгылмай болду
18:11
Гендер боюнча эксперт Гульсана Абытова: “Боюнда бар деген жасалма справка жасатып алып, 18ге чыга элек кыздарын турмушка бергендер көбөйдү”
16:54
Боронов акыркы 9 жылда Кытайдын канча жараны КР жарандыгын алганын айтты
12:42
Кыргызстан 90 миң долларга суюк азот иштеп чыкчу жабдуу сатып алды
12:29
УКМК: Сапар Исаков ТЭЦти оңдоодо мамлекетке 111 млн. доллар чыгым келтирген
11:21
ОСАГО полисин албагандарды айыпка 7-августтан тарта жыгуу сунушталды. Себеби
10:04
ОСАГО: камсыздандыруу компанияларынын даректери жана телефондору
10:03
Премьер: түкүрүк боюнча айыпты карап чыгыш керек. Видео
11:46
Бишкекте троллейбус менен автобустун айдоочусу мушташкан окуянын чоо-жайы
10:11
ОСАГО тутуму кантип иштейт? Мамфинкөзөмөлдүн түшүндүрмөсү
10:08
Жети батирди бөлүшө албай түрмөгө түшкөн бир туугандар. Адвокат менен маек
10:03
Үч күн ичинде 15 мас айдоочуга ири көлөмдө айып пул салынды
10:00
Таластагы жол кырсыктан айдоочунун 2 жашар кызы менен жүргүнчү аял набыт болду
14:53
Жаңырган мыйзам жаңы тартип орното алабы?
13:42
Мынча киреше табам деп ойлогон эмесмин. Бишкектик айымдын бизнестеги баяны
13:40
Импотенция жаш-карыга карабайт. Оорунун себептери тууралуу
13:38
Ысык-Атада жаш келиндин сөөгү табылды
13:37
Абылгазиев: айып пулдун жогорулатылышы - кырсыктын алдын алуу чараларынын бири
13:24
Кыргызстанда канча киши жашайт, канчасы бала, канчасы жакыр? Статкомдун отчету
11:10
Мас болуп айдасаңыз эми... 55 миң сомго чейин айып төлөйсүз. Жаңы эреже күчүнө кирди
14:58
Балага сүйүнчү эки күндүн ичинде бир эле документ менен бериле баштайт
14:51
Жаңы жылда борбордук аянтта 2 миңден ашык милиционер кызмат өтөйт
09:55
Прокуратура: Улуттук университеттин кызматкерлери 1,5 млн. сомду кымырып алган
09:30
Ажылык-2019: кыргызстандыктарды ташый турчу авиакомпаниялар тандалат
09:24
Бишкекте жол кырсыгы көп катталган кесилишке жол чырак орнотулду
09:10
Сания Шакированын өлүмүнө күнөөлү делген киши сот өкүмүнө нааразы. Сот иши уланат
15:26
Согушта көз жумган аталардын бейитине бара албай... ЖКда маселе көтөрүлдү
15:24
Парламентте Ысык-Көл визасын киргизүү сунушталды
15:24
Жээнбеков: соттук процесстин видеосун каалаган адам көрө алгыдай болушу керек
15:14
Тоңдо кайык оодарылып кетип, 57 жаштагы киши набыт болду
15:08
Жаңы жылда жарыксыз калбаңыз! "Түндүкэлектр" эскертүү берди
Бардык кабарлар

Сузак районунун мектеп окуучулары аймактарды өнүктүрүүдөгү жаштардын ролу жана бул багыттагы жетишкендиктери жөнүндө айтып беришет

Жаңылыктар / Жалал-Абад жаңылыктары
273
0

Эртең, 19-апрельде «Сузак жаштарынын үнү» аталышындагы iTalk иш чарасы өткөрүлөт.

 

iTalk – Бул жаштардын пикир айтышуу аянтчасы, ал жерде жаштардын регионалдык жана жергиликтүү деңгээлдеги чечим чыгаруу процесстерине катышуусунун маанилүүлүгү талкууга алынат. Ошондой эле жаштар туруктуу өнүктүрүү максаттары локалдаштырууга жаштардын катышуусун талкууга алышат. Иш чарага Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев жана БУУнун балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо айым дагы катышат.

 

Иш чарада Сузак районунун орто мектептеринин мектеп парламенттери,мугалимдер жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу уюмдарынын өкүлдөрү сөз сүйлөшөт.Ар бир сүйлөчүүгө 6 мүнөт негизги убакыт жана аудиториянын суроолоруна жооп берүү үчүн 3 мүнөт убакыт берилет. Сүйлөөчүлөр жаштардын чыр чатактарды алдын алуудагы орду, мамлекет жаштарды чечим чыгаруу процесстерине катышууга кантип чакыра алат, жол коопсуздугу жана мектеп окуучулары, мектеп, жаштар жана айыл ортосундагы көпүрө жана айылда жаштар кантип ишкердүүлүк менен алектенсе болот деген темалардын үстүндө өз тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.

 

«Бул иш чара Сузак районунун мектеп окуучулары үчүн маанилүү, себеби алар өз коомчулуктарынын жашоосундагы маанилүүлүгүн түшүнүшөт. Ошондой эле алар долбоордун алкагында өз коомчулуктарынын муктаждыктарын аныктап, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен биргеликте коомдук талкууларды өткөрүштү. Мен бул иш чараларды абдан манилүү деп эсептейм, себеби жаштар өз коомчулуктарына кайдыгер карабастан, өздөрүнүн активдүү жарандык позициясын көрсөтүүгө үйрөнүп жатышат.Ошондой эле райондук администрация аларга колдоо көрсөтүп, алардын ойлорун угуп, аларга катышуу мүмкүнчүлүгүн берип жатабыз» - деди Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев, Сузак райоунун акими.

 

«Бул iTalkтун өзгөчөлүгү мектеп окуучуларынын сүйлөөчү катары катышуусунда, анткени алар өз коомчулуктарында лидер жана жарандык активист калыптанып жатышат. Алар өз мисалдары менен жаштардын өз коомчулуктарында өзгөрүү кыла ала тургандыгы көрсөтүштү. Аймактарда өз коомчулуктарынын өнүгүүсүнө активдүү катышкан жаштардын өсүп келе жаткандыгы бизди кубандырат» - деди долбоордун координатору Бексултан Рустамов.

 

Бул iTalk "Балдарга жана жаштарга жагымдуу Кыргызстан” долбоорунун алкагында Борбордук Азиядагы билим берүүчү Дебат ассоциациясы (IDEA СА) жана БУУ нун балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте Улуу Британия өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулуп жатат.

 

«Балдарга жана жаштарга жагымдуу Кыргызстан» долбоору жаштардын жана өспүрүмдөрдүн, коомчулуктун өнүгүүсүнө бирдей катышуусу үчүн потенциалын жогорулатууга жана диалогторду түзүүгө багытталган.

 

Борбордук Азиядагы IDEA – дебаттык технологияларды окутуучу боюнча регионалдык булак. Ал Орто Азиянын жаштарына жана дебат боюнча тренерлерге атайын багытталган тренингдерди, иш чараларды өткөзүп келет. IDEA CA мектептер, университеттер, дебаттык бирикмелер, коомдук уюмдар, өнөктөштөр, фонддор ошондой эле бейөкмөт жана өкмөттүк уюмдар менен биргеликте иш алып барат. IDEAнын тармагы бир канча өлкөлөрдө өз ишин алып барат, Нидерландыда (1999-ж. тарта), Улуу Британияда (2011), Македонияда (2012), Кыргызстанда (2013) жана Тунисте(2014).

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

"Жаштарга жана балдарга жагымдуу айылдар жана шаарлар" долбоору жаштардын потенциалын өнүктүрүүгө, алардын коомдогу өнүгүүсүнө багытталган. Ошондой эле, окуу системасындагы интерактивдүү ыкмаларды колдонууга багытталган.
скачать dle 11.0фильмы бесплатно