Turmush -
«Кадамжай-унаа жолу» көзөмөл-өткөрмө пунктунда башка бирөөнүн паспорту
менен мамлекеттик чек арадан өтүүгө аракет кылган аял кармалды.
Мамлекеттик чек ара кызматынын ММК жана коомчулук менен
байланыш бөлүмү билдиргендей, чек ара кызматкерлери тарабынан башка бирөөнүн
паспорту менен мамлекеттик чек арадан өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын
1958-жылы туулган А.Д. аттуу жараны колго түшүрүлгөн.
Документти текшерүү учурунда аталган аял 1964-жылы туулган
Б.Д. аттуу жарандын паспортун көрсөткөн. Бирок А.Д.нын келбети ал берген
документтеги сүрөткө дал келбей, чек арачылардын шегин жараткан. Андан соң,
аталган түзүмдүн кызматкерлери тарабынан кылдат текшерүү жүргүзүү чечими кабыл
алынган.
Сурак учурунда А.Д. тынчсызданып, жеке маалыматтарын
адаштырып айтып, акырында жалпы жарандык паспорту жок экендигин, мындан улам
Өзбекстандагы үй-бүлөлүк майрамга баруу үчүн сиңдисинин паспортун алгандыгын
билдирген.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин аталган аял ИИМдин
аймактык бөлүмүндөгү кызматкерлерге өткөрүлүп берилген.
http://batken.turmush.kg/news:344057/?from=kg_turmush&place=newstoplast