Turmush -
Баткен районундагы Сай айылына сугат суу келүүчү каналды жана ички
чарбалык жолду кар көчкү басып калды.
ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 18-апрелде
саат 23:20 чамасында Баткен районунун Кыштут айыл аймагындагы Сай айылынан 1
чакырым алыстыктагы тоонун боорунан болжол менен көлөмү 45 миң метр куб жер
көчкү түшкөн. Натыйжада жер көчкү Сай айылына келүүчү сугат суу каналынын 130
метр аралыгын жана тоо башында жайгашкан «MegaCom» компаниясынын телефон
антенасына баруучу ички чарбалык жолдун 150 метр аралыгын басып калган. Учурда
Сай айылына келүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуучу каналдан суу
токтогон.
Сай айылында 350 кожолук бар.
Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин
жүргүзүп, 150 метр аралыктагы ички чарбалык жолдорду тазалоо жумуштары айыл
өкмөт башчысына милдеттендирилген.
Учурда айыл өкмөт тарабынан авто жүктөөчү (погрузчик)
техникасы тартылып, болжол менен 40 метр аралыктагы кар көчкү тазаланды.
Тазалоо иштери бүгүн, 20-апрелде да улантылат.
http://batken.turmush.kg/news:344127/?from=kg_turmush&place=newstoplast