Turmush -
Баткен районунун Сай айлында түшкөн жер көчкү жамгыр жаап жаткандыгына
байланыштуу тазалана элек. Бул тууралуу ӨКМдин Баткен районундагы бөлүмүнүн
башчысы Туратбек Турдуев билдирди.
Анын айтымында, Сай айылынын түштүк чыгыш тарабындагы тоо
боорунан 120 метр аралыкта, бийиктиги 25 метр болгон жер көчүп, Сай айылына
келүүчү сугат суу каналынын 130 метр аралыгын басып калган. Жалпы 1 км аралыкка
45 миң метр куб жер көчкү түшүп, 2 га үлүш жерди, 5 га айдоо жерди, 100 метр
ички арыкты, телефон антенасынына баруучу ички чарбалык жолдун 150 метр
аралыгын басып калган. Анын кесепетинен Сай айылын сугат суу жана ичүүчү суу
менен камсыз кылуучу каналда суу токтоп турат. Азыркы учурда аба ырайына,
жамгыр жаап жаткандыгына байланыштуу калыбына келтирүү, тазалоо жумуштары
башатала элек. Бирок тазалоо жумуштарын уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатат.
http://batken.turmush.kg/news:344141