Бүгүн:

Акыркы кабарлар

04:40
Жогорку Кеңеште республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды
04:23
Медициналык 23 окуу жайдын бешөө гана эл аралык каттоодон өткөн
04:20
Жапаров ЖККУда чек ара коопсуздугун камсыздоону сунуштады
04:21
Шакиев баштаган депутаттар Түркия парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты
04:19
Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директорун кабыл алды
04:13
Москвада кыргызстандык таксист киши колдуу болду
04:10
Парламентте “Газпромдун” ишине сын айтылды
06:56
Жапаров Токаевди президенттикке кайра шайланышы менен куттуктады
06:54
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу документтери апрелде даяр болот
04:38
"Тажикстан менен тил табыша баштадык". Камчыбек Ташиев чек ара боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу
05:37
Кыргызстанда Google Pay пайда болду, бирок бул функция азырынча беш гана банкта бар
05:30
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" бекети оңдолууда
05:28
Композитор Муратбек Бегалиев Франциянын ордени менен сыйланды
19:52
БУУ Кыргызстанга жакырчылыктан чыгуусуна 105 млн. доллар бөлөт
19:49
Ишкер аялдар күнү: Кыргызстан Араб Эмираттарынан эмнени үйрөнө алат?
17:52
17-20-ноябрь күндөрү Кадамжайдагы айрым айылдарда электр жарыгы өчүрүлөт
17:26
Доллардын өсүшү. Улуттук банк валюта рыногуна 55,2 млн. доллар сатты
17:24
Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл соңуна чейин берилерин айтты
17:15
Садыр Жапаров: "Эң туура жол менен баратабыз"
08:09
18 жаштагы Айнура Ирисалиева үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголду
08:07
Үйгө кирип барып, бешилик менен өлтүргөн: Тайгандын Таш-Көмүрдөгү өлүмү
07:58
Жалал-Абад шаардык кеңешине 3 жаңы депутат келди. Алар кимдер?
07:49
Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата жумалык өтөт
07:45
Дүйнөнүн калкы 8 миллиард кишиге жетти
07:40
Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт?
06:56
УКМК: Аткезчиликтен алынган 2 миллиондон ашык доллар бюджетке берилди
06:45
Кыргызстанда акыркы жумада коронавирустун 19 жаңы учуру катталды
06:43
Кыргызстанда инфляция 15,4%га жетти - ЕӨБ
06:41
Аскер бөлүктөрүнүн бириндеги курулушта мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирилген
06:39
Баткенде аткезчилик товар ташыган унаа конфискацияланды
06:38
Садыр Жапаров Стамбулдагы терактка байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты
05:48
Үй камагына чыккан Руслан Бекназаров акимдин орун басары кызматына кайтып барды
06:11
Кытай кыргызстандык студенттерге 23 мамлекеттик стипендия бөлдү
06:07
Москва биржасында кыргыз сомун сатып алуу боюнча үч операция жүрдү
06:03
Австралияда Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы "Азиянын Оскарын" алды
06:00
Кыргызстандык мушкерлер Азия чемпионатында төрт коло байгеге ээ болушту
07:52
Садыр Жапаровдун Өзбекстанга иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди
07:49
Байсалов Самбо боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышты
07:47
Социалдык тармактардагы алдамчылардан кантип коргонуш керек? Улуттук банктын кеңештери
07:44
Бишкектин Ак-Ордо конушунда жаңы мектеп ачылды
05:10
ОшТУда илим күнү белгиленди
05:06
Энергетика министри Дүйнөлүк банктын CASA-1000 долбоору боюнча миссиясы менен жолукту
05:04
Президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри менен жолугушту
05:01
Ош шаарында "Билим" лицейинин жаңы окуу корпусунун салтанаттуу ачылышы өттү
04:56
Электр энергиясын убактылуу чектөөнүн себеби айтылды
Бардык кабарлар

Зыйнат, Жыпар, Карлыгач, Жоомарт. Атыңыздын маанисин билесизби?

Жаңылыктар
814
0

Ар бир ата-эне өз баласын кандай сүйсө, наристесинин атына да ошончолук урмат менен мамиле жасайт. Элдик салт-санаага таянуу менен перзентине жакшы ат берүүнү ойлонот.

Атыңыздын маанисин билбей же ымыркайга ысым ыйгарууда түйшөлүп жүрсөңүз Sputnik Кыргызстан агенттигинин кыргызча ысымдар рубрикасы сиздер үчүн. Бул ирет да кыздар, балдардын 20 ысымы сунушталат.

Кыз балага 10 ысым

Жыпар. Өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында мындай ысымдуу кыздар көп. Анын мотиви жыттуу, жагымдуу, сүйкүмдүү, жылдызы жанган кыз болсун деген тилек менен байланышкан.

 

Жыргал. Мурда эркек балдарга да, кыз балдарга да коюлуп келген. Азыркы убакта көбүнчө кыз балдарга көбүрөөк берилип жүрөт. Бул ысым бала ар дайым жыргал турмушта жашасын, жамандык көрбөсүн деген тилекте коюлуп жүрөт.

 

Зарема. "За революцию мира" деген сөздөрдү кыскартуу (аббревиатура) жолу менен пайда болгон. Советтик идеологиянын күчөп турган маалында жаралган. Мындай ысым татар тилинде да колдонулат.

Замира. "За мир", "тынчтык үчүн" деген маанини туюндурган ысым. Бул ысым дагы СССРдин жемиши десек болот. Бара-бара кыргыз элине да терең сиңип кеткен.

Зейнеп. Бул энчилүү ат араб тилинен оошкон. Ал "маралдай созулган, келишимдүү" деген маанини билдирет.

Зыйнат. Лексикалык мааниси "сулуулук" дегенди билдирет. "Урматтуу, кадырлуу болсун, жашоосунда жаз жыттанып, турмушу маңыздуу-мазмундуу (зыйнаттуу) болсун" деген мааниде кыз балдарга берилчү ысым. 19-кылымдын орто ченинен бери энчилүү ат катары колдонулуп келе жатат.

Каракөз. Көз – сүйүүнүн, балбылдап жанган жаштыктын символу жана киши чырайынын, келбетинин жаркын нуру. Мына ошондуктан элибиз кыз балдардын көзүнө өзгөчө маани берип аларды Каракөз деп аташкан.

 

Карлыгач. Лексикалык мааниси чабалекей сыяктуу келишимдүү куш. Мындан улам ата-эне кыздары карлыгачтай сулуу, сүйкүмдүү болсун деген аруу тилекте коюшкан.

 

Калбүбү. Кал – элдик түшүнүк боюнча адамдын бетиндеги нуру, наристенин келечек куту, бакыттын белгиси деп эсептелет. Баласынын бир жеринде калы бар болуп төрөлсө анда ага Калбүбү, Калиман, Калыбек сыяктуу ысымдар берилген.

Кенже. Кенже — деген сөз "үйдүн кичүүсү" деген маанини өзүнө камтыйт. Үй-бүлөдө эң кичүүсү болуп төрөлсө ага бул ысым ыйгарылган. Мындай учур кээде үй-бүлөдө бала жетиштүү болду деген ойду да билдирет.

Эркек балдарга 10 ысым

Жедигер. Иран-тажик тилинен келген. "Йадгар" кыргызча "эстелик" деген маанини түшүндүрөт. Мотиви боюнча Туяк, Керээз, Белек деген антропонимдерге жакын. Кыргыздарда жедигер деген уруу да бар. Айрым учурда бала ушул уруунун арасында төрөлгөндө да ушундай ысым берилип жүрөт.

 

Жеңишбек. Балага ат коюу да чыгармачылыктын бир түрү. Башкача айтканда, ымыркай кайсы мезгилде төрөлсө, ошого жараша ат берилген. Алсак, Жеңиш деген ысымдар көбүнчө Улуу Ата Мекендик согуш учурунда, андан кийин да көп коюлган.

 

Жетимиш. Лексикалык мааниси санды түшүндүрөт. Көпчүлүк учурда мындай ысымдар бала төрөлгөндө жакындарынын бири жетимишке чыкса ошо менен байланыштырып ыйгарышкан. Ошондой эле жетимиш үйлүү элди баш коштурган жетекчи болсун деген максатта да эркек балдарга берилген.

Жолболду. Ымыркай жолдо төрөлүп калса да ушундай ысым ыйгарылган. Ошондой эле жолу ачык, келечеги кең бала болсун деген аруу тилектер камтылган.

Жолборс. Бала келечекте жолборстой жүрөктүү, эч нерседен коркпогон, тартынбаган кайраттуу, кармашканын качырган, беттешкенин сүрдөткөн айбаттуу (шер) болсун деген тилек менен коюлат.

Жолдош. Атасына же агасына жолдош болсун деген ойдо, баланын атасынын эркек баласы жок учурда, же эркек балдары аз болгон убакта уулун "Жолдош" деп аташкан.

Жолдубай. Бала жолдо, унаада бара жатканда төрөлүп калса берилген ысым.

 

Жоомарт. "Жаван" деген иран тилинен "боз улан, боз бала, жаш жигит" дегенди туюндурат. Ошондой эле "жайнаган, кең пейил, айкөл" деген маанилерди да өзүнө камтыйт. Мындай ат эркек балдарга ыйгарылат.

 

Жоро. Бул ысым "дос, шерик" деген сөздөргө үндөш. Уулунун жоро-жолдошу көп болуп, доско бекем жигиттерден болсун деген ой менен эркек балдарга коюлат.

Жумгалбек. Жумгал деген сөз "күн чыгыш" деген маанини өзүнө камтыйт. Ошондой эле Нарын облусунда Жумгал деген район бар. Кээде ымыркайдын энеси төркүнүнө — Жумгалга келип көз жарса, Жумгалбек деп аташкан.

Дагы башка ысымдардын маанисин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдардан окуңуздар.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20180421/1038781349/kyrgyzcha-adam-attarynyn-maanisi.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно