Turmush-Кадамжай шаарындагы Жийделик көлүнө өтүүчү көпүрө авариялык абалда болгону менен оңдолбой турат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар кабарлашты.
Маалыматка караганда, адамдар Ак-Суу дарыясынын үстүнө курулган асма көпүрө аркылуу «Жийделик» эс алуучу жайына тынымсыз өтүп турат. Көпүрөнүн астына коюлган бетон жылып кетип, ортосу түшүп кеткен. Мындан тышкары тактайлары чирип калган.
Кадамжай шаарынын мэри Бакытбек Бегалиев ӨКМ бул тууралуу кабардар экендигин, бирок белгисиз себептерден улам оңдолбой жатканын билдирди.
ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнөн көпүрө талапка жооп бербестигин, оңдоо иштерин «Жийделик» эс алуучу жайынын кожоюндары жүргүзмөк болушкандыгын билдиришти.
http://batken.turmush.kg/news:344231/?from=kg_turmush&place=newstoplast